Оппозицияда максат бир, жолдор ар башка

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдүн бир тобу өтүп бараткан аптада мамлекеттик башкаруу системасын алмаштырууну көздөп биригишти. Ушундай эле максатты көздөгөн Элдик революциялык кыймыл бул документти колдогон жок. Бийлик болсо саясий чөйрөдөгү бул окуяны көңүл сыртында калтырды.

3-ноябрда кабыл алынган бул меморандумга “Акыйкат үчүн”, “Бириккен Кыргызстан” кыймылдары, “Ата мекен”, “Ак шумкар”, СДП, “Туран”, “Асаба” өңдүү саясий партиялар, СДПнын Жогорку Кеңештеги депутаттары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттарынын, легендарлуу парламент депутаттарынын бир тобу, саясий-коомдук ишмерлер, жарандык коомдор, оппозициялык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кол коюшту. Оппозициялык лидерлер саясий документ кабыл алган олуттуу күн катары окуяга өзгөчө маани беришти. СДПнын башчысы, мурдагы премьер министр Алмаз Атамбаевдин айтымында биригүүгө чейин ортодо узак жана татаал сүйлөшүүлөр болду:

- Жалаң эле оппозиция эмес, сол канаты болобу-оң канаты болобу, биз бир негиз, бир принцип менен азыркыдай Кыргызстанды башкарса болбойт деп биригип атабыз. Мына Акаевдин мезгилиндеги башкаруу системасы ошол бойдон күчөп кетип баратпайбы. Ошону токтотуу керек, үй-бүлөлүк башкаруудан кетиш керек деп атабыз.

Атамбаев белгилеген үй-бүлөлүк башкаруудан кетүүнүн жолун “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ит жыгылыш саясатты, атаандаштык системаны түзүүдөн көрүп жатат:

- Биз сунуштаган системада конституциялык нормалар менен оппозицияны күчтөндүрөбүз, - деди экс-спикер, - Конституция, мыйзамдар саясий азчылыкты, оппозицияны да көтөрмөлөп, аны тизелетпей бутуна тургузса экен дейбиз. Ошондуктан, биз бир нече механизмдерди киргиздик.

Өздөрү жактырбаган азыркы башкаруу системасын жаңыга алмаштырууну көздөгөн таасирдүү саясатчылар аны ишке ашырууга келгенде орток пикирди табыша элек. “Акыйкаттыкка карай жол” деген ат менен бириккен оппозиция даярдап жаткан саясий системанын жаңы концепциясы системаны алмаштырууну парламентти таратуудан баштоону эп көрүүдө.

деди “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев.

- Биз концепцияда жазылган иш-чараларды киргизишибиз керек. Эң негизгиси – мыйзамсыз отурган Жогорку Кеңешти таратыш керек. Экинчиден, убактылуу өкмөт түзүп, концепцияда көргөзүлгөн реформаларды жүргүзүшүбүз керек. Соңунан парламенттик шайлоо, жаңы парламент келиши керек, -

Системаны алмаштыруунун бул жолу СДПга жаккан жери жок. Ал биринчи кезекте чынчыл, демократияны жактаган, коррупцияга каршы күрөшүүгө кудуреттүү адамды президент кылып шайлоону сунуштоодо. Партиянын парламенттеги фракция башчысы Бакыт Бешимов оппозиция парламентти таратуу аркылуу максатына жете албайт деп жатат.

Парламентти таратуу президентти күчтөндүрөт деп эсептеген Элдик революциялык кыймыл меморандумга караманча кол койгон жок. Бул кыймыл президентти кулатып, ордуна убактылуу өкмөт түзүүнү, референдум өткөрүп, ошол аркылуу башкаруу формасын аныктоону жактап жатат. Кыймылдын демилгелүү тобунун мүчөсү Топчубек Тургуналиев Бириккен оппозицияны өз оюн мурдагы бийликтегилердей эле элге таңуулап жатат деп сындады.

Меморандумга кол койбогондордун ичинде “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов бар:

- Бүгүн сунушталып жаткан концепцияда революциялык кайра түзүүлөр жөнүндө сөз болуп жатат. Президенттик-парламенттик башкаруунун ордуна кескин түрдө парламенттик башкарууга өтүү каралып атат. Бул революциялык жараян. Ошондуктан, мен маселени талкуулаш керек деп ойлойм. Анткени бул жалпы адашууга алып барат, - деп негиздеди өзүнүн оюн Ниязов.

Бирок бириккен оппозициядагы көпчүлүк концепциянын негизинде кабыл алынган меморандумда позицияларды тактай турган саясий кадам деп баалап, концепциянын өзү боюнча көз караштар кийинки баскычта аныкталарын айтып жатат.

Март ыңкылабынын алды-артында саясий күчтөр ортосунда мындай меморандумдар бир нече жолу кабыл алынган. Саясат таануучулар алардын таасирдүүсү катары 2004-жылдын декабрындагы меморандумду айтып жүрүшөт. Анын бир тарабында турган “Ата журт” кыймылын баштоочулардын бири, Жогорку Кеңештеги СДП депутаты Роза Отунбаева бул жолку макулдашуу негиздөөчү документ болгон үчүн мурдагыга караганда таасири күч деген ойдо:

- 2004-жылы деле меморандумга коррупцияга каршы деп кол койгонбуз. Андан айырмаланып азыр бизди атайын документ кошуп атат. Өткөндө кеткен каталар кошуп атат. Бул кайталанбаш керек.

Ошол эле мезгилде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов аталган меморандумга кол коюп туруп, ошол эле мезгилде аталган документке ишеним арткан жери жок. “Мен саясий демилгесин колдодум” деди Байболов. Анын пикиринде системаны өзгөртүүчү курал оппозицияда жок. Ал эми бийлик муну каалабайт. Оппозициянын элге жасаган ишарасы элден колдоо табар-таппасын алдыдагы турмуш гана көрсөтө алат дейт Байболов. Мурдагы депутаттын баамында Кыргызстанда ыңкылап эмес, төңкөрүш болуп кетиш, анын алдында “пугачевдор” чыгыш ыктымалдыгы бар. Мунун обьективдүү себептерин элдин жакыр турмушунан, субъективдүү себептерди бийликтин аны этибарга албай жатышынан көрөт. Социал-демократтардын лидери Алмаз Атамбаев болсо эл жаалданса аны кармап калуу мүмкүн эместигин 24-март көрсөткөндүгүн, мындайды экинчи ирет көтөрүү оор болорун белгиледи.

Анткен менен бийликтин тарапкерлери эл оппозицияга ишенбейт дешет. Президент Курманбек Бакиев башында турган “Ак жол” партиясынын парламенттеги фракция мүчөсү Бегалы Наргозуев:

- Саясий күрөштүн радикалдуу жолдору менен күрөшүүбүз керек. Мен уккандан жети-сегиз саясий партия, кыймылдардын мүчөлөрү кол коюптур меморандумга. Мен буларды сыйлаймын. Көпчүлүгү кыргызга белгилүү оппозициячылар. Бирок мен ушул чакырыкты Кыргызстандын эли массалык түрдө колдойт деп ойлобойм.

Ал эми саясат таануучу Жолборс Жоробеков булардын ураан-чакырыктарынын бардыгынын артында кандай жол менен болсо да ыкчам бийликке жетүү турганын айтат:

- Булардыкы Орусиянын тарыхындагы 17-18-кылымдарда чыгышкан Степан Разин Иван Болотников, Пугачев дегендердин падышаны тактан кулатабыз, жакшы падыша апкелип, жыргап жашайбыз дегендей эле нерсе. Цивилизациялуу болбойлубу? Жакшы программаларды түзүп, элдин арасына жеткирип, бир жыл, жарым жыл калды, 2010-жылкы шайлоону күтүп, ошого даярданып, элди өзүнө тартпайбы, элди ишендирбейби? Мен дагы ишенгим келет аларга.

Бийик даражалуу атка минерлер болсо апта ичиндеги оппозициянын аракеттерине маани бербегендей түр көрсөтүп, сыртын салып койду. Бириккен оппозиция эми 25-ноябрга белгиленген Элдик курултайда саясий системаны куруунун концепцияны ийине жеткиребиз деп демитип турат. Мындай көрүнүштү талдоочулар президенттик шайлоонун жакындап келаткандыгына жоруп жатышат.