Укук коргоочулардын убайым санаасы

"Кылым шамы" укук коргоо уюму терроризмге, экстремизмге каршы күрөштө адам укуктарын сактоону талап кылып, Улуттук коопсуздук комитетинин алдында пикет өткөрдү.
Акцияга баардыгы жети укук коргоочу чыгып, УКМКнын имаратынын алдында чакырыктарды жазып алып, кармап турушту. Алар “Кыргызстан – адам укуктарынын өлкөсү” ураанынын алдында терроризмге, экстремизмге каршы күрөштө адам өмүрүн, эркиндиктерин, укуктарды сактоону талап кылышты. Укук коргоочулар Ноокат, Жалал-Абад, Балыкчы окуяларында карапайым адамдар жабыркаганын, Эркин Бөлөкбаев, Аликбек Жекшенкулов, Сапар Аргынбаев, Улан Рыскулов өңдүү көтөргөн жигиттерге саясий максатта куугунтук болуп жатканын жүйөө тартышты.

“Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулованын билдиргенине караганда пикет мыйзамдык негиздерге таянуу менен өттү. Аталган уюм пикет өткөрүү тууралуу Биринчи май райондук акимчилигине үч ирет билдирген. Биринчи жолкусунда жергиликтүү бийлик тыюу салган. Сотсуз, өз алдынча чечим чыгарып койду деген Азиза Абдырасулова Биринчи май райондук администрациянын чечимин териштирип берүүнү сурап, райондук прокуратурага жана райондор аралык сотко кайрылган болчу. Тараптар арызды караша элек.

Ал эми арыз берилгенден кийин райондук администрациянын аппарат башчысы Канат Айдаров акимчилик өз чечимин кайтарып алгандыгын укук коргоочуларга оозеки билдирген.

Ошого карабастан бийлик өкүлдөрү пикет өткөрүүгө болбой тургандыгы жөнүндө укук коргоочуларга эскертүү беришти. Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Таалай Шатманов, райондук прокурордун милдетин аткаруучу Алимов баштаган тартип кызматтары укук коргоочулардын Коопсуздук комитетинин жанына пикетке чыгышы мыйзамсыз деп эсептешип, акцияны токтотпосо күч менен токтотууга аргасыз болушарын эскертишти.

Акциянын демилгечиси, “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова пикет аркылуу оюн эркин билдирүү жарандардын Конституциялык укугу деп эсептейт. Акцияны мөөнөтүнөн мурда токтоткону үчүн күч бийлигин сотко берерин билдирди.