Убактылуу өкмөт башчы орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Бекназаров быйыл күздө өтчү парламенттик шайлоого катышарын жарыялады. Аз илгерээк Бириккен элдик кыймылдын төрагасы, Убактылуу өкмөт башчынын 1-орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Атамбаев шайлоого катышпастыгын билдирген.
Парламеттик шайлоо алдында кечээки өнөктөштөр ортосунда телефон чырлары чыгууда.
Миш-миштен чыккан эки дос талашы
“Телефон чырдын” дээрлик баарына кайсы бир деңгээлде катышы бар Убактылуу өкмөт башчынын орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Бекназаров он жылдан бери чогуу келген досу А.Атамбаевдин бажы кызмат жетекчисине дайындаган адамынан 400 миң доллар алганын Ошто жүрүп элден укканын, аны жаманатты кылуу дегеле оюнда жоктугун журналисттер алдында ырастады.
- Мен А.Атамбаевди алды деп айткан жокмун да. Ал жерде айтып жатам. Ошто Сооронбай айтып жатат. Ыйлап жатат. 400 миң доллар алып алып кайра мурдагы таможенникти коюп коюпсуңар деп жатат, деп айтып атам. Муну оштогулардын баары эле айтат. Мен ошол губернатордун кабинетинде отуруп звонить этип аткам.
Убактылуу өкмөт башчынын 1-орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Атамбаев деле журналисттерди чогултуп өткөргөн маалымат жыйынында эмнеликтен 400 миң долларга байланышкан иш боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин ачпай отурганына таң калганын минтип билдирген.
- Эмне үчүн керектүү жерде кайсы кишиге кылмыш ишин ачууну мыкты билген Башкы прокуратура А.Атамбаев арыз жазсын деп күтүп олтурат. Же А.Атамбаев аларды чакырып келип мени кармап кеткиле десе, баары командиовкага чыгып кетишет. Жекшемби күнү. Бул анын жеке чарбасы эмеспи?
“Телефон чырдан” дагы бир чатак Убактылуу өкмөт тарабынан өлкөдөгү курч кырдаалды жайына келтирүүгө деп бөлүнгөн бир тарап 1 миллион, экинчи жагы 2 миллион доллар акчадан чыгууда. А.Атамбаев 13-майдагы Убактылуу өкмөт чечими менен бул ишке 2 миллион доллар акча бөлүнгөнүн билдирсе, телефон сүйлөшүүдө негедир 1 миллион доллар жөнүндө гана кеп болгон. Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары, Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин ырасташынча, акча бөлүүнү өкмөт мүчөлөрү чогуу чечишкен.
- Эч кандай уурдоо, алдоо болгон эмес жана болбойт.
Айып журналисттерде дейби?
“Телефон чыр” опсуз чоң бийликке ээ жаңы өкмөт ичиндеги жагдайдын кандайлыгын кашкайта көрсөткөн окуя болду окшойт. А.Бекназаров эмнеликтен чырлуу телефон сүйлөшүүлөрүнүн баарына катышып калыш себебин журналисттердин аны жаманатты кылуу аракетине байланыштырды.
Ал туңгуч президент А.Акаевди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө тийиштүү документтер даярдалып жатканын билдирди.
- Азыркы убакта мурдагы биринчи президент Аскар Акаевичтин кол тийбестигин алуу боюнча иш жакында аягына чыгайын деп калды.
А.Бекназаров ошондой эле быйыл күзгө белгиленип жаткан парламенттик шайлоого Бириккен элдик кыймылдын атынан катыша тургандыгын да маалым кылды.
- Эгерде ошол БЭКтин төрагасы Алмаз Шаршенович шайлоого барбайм деп баш тарта турган болсо анда БЭКтин начальник штабы мен барышым керек да. Анда мен сөзсүз шайлоого барам.
Антип маалымдоо каражаттары аркылуу кечээки өнөктөштөр бүгүн бөлөк болуп, бири экинчисине олчойгон кине коюшууда. “Келечек долбоору” коомдук фондунун жетекчиси Ишенбай Абдуразаковдун ырасташынча, кезектеги шайлоо камылгасына эртелеп киришип алгандардын айынан “телефон чырлар” , дагы башка кинелер эми жабырап-жайылып чыга берет.
- Ушу бийлик кулагандан кийин аны убактылуу калыс кишилерге бере турса аркы шайлоого барбайбыз деген кишилерге. Булар өздөрүнүн партиялары менен шайлоого камына берсе. Ошондо иш тынчтык менен бүтүп калат беле. Аны да укпай коюшту.
А.Бекназаров орусиялык 300 миллион карыз акча ордуна коюлганын, мурдагы бийлик ээлерине тийиштүү дүйнө-мүлк четинен табылып, бир четтен мамлекет ээлигине алына баштагандыгын маалым кылды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.