Ынтымак курултайы: сунуштар суурулуп чыга баштады

17-марттагы Элдик курултай

23-мартта өтүүчү Ынтымак курултайында өлкөнүн саясий-экономикалык орчун проблемалары жайында ачык кеп болушу керек. Саясий куугунтуктарды токтотуу, конституциялык өзгөрүүлөр мыйзамын чакыртып алуу, арзанбаа сатылган стратегиялык объекттерди мамлекетке кайтарып алуу маселелери оңуна чечилиши абзел. Мындай сунуштарын курултайдын айрым өкүлдөрү билдиришти.

Курултайга кур барбай

“Кыргыз эл биримдиги”, “Ала-Тоо ынтымагы” коомдук бирикмесинин жыйырмадан ашуун өкүлдөрү Ынтымак курултайын уюштуруу комитетине 8 маселени жыйындын күн тартибине коюуну өтүнүп сунуштарын жөнөтүштү.

Улуттук баалуулуктарды коргоо, мамлекеттик камкордукка алуу талабын коюшкан коомдук бирикме мүчөлөрү Ынтымак курултайында мамлекеттик бийликтин тең салмагын бузууга багытталган соңку конституциялык өзгөрүүлөр мыйзамын чакыртып алууну сунуш кылууда.

Алар электр энергиясы, коммуналдык кызмат акыларын мурдагы калыбында калтырууну туура көрүшөт. Текейден арзанга бааланган “Түндүкэлектр”, “Кыргызтелеком” ишканаларын мамалекет ээлигине кайтарып алуу зарыл деп эсептешет. Ошондой эле жаңы коомдук бирикме мүчөлөрү курултайда эмитен парламенттик республикага өтүү аракетине киришүү, саясий куугунтуктарды токтотуу маселесин талкууга коюшка куштар.

“Ала-Тоо ынтымагы” коомдук бирикмесинин мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев мына ушул элди өзгөчө ойлонткон маселелер боюнча көпчүлүк так жооп алышы керек, деген пикирде.

- Эгерде эл ал маселелерге жооп ала албаса курултай өз максатына жетпейт деп эсептейбиз. Жана айткандай биздин маневр жасай турган талабыбыз абдан кеңири. Биздин да ал моменттерге даярдаган оокаттарыбыз бар.

Кашыктан төгүлсө чөмүчкө

“Кыргыз эл биримдиги” коомдук бирикмесинин мүчөсү Алмамбет Матубраимов өкмөттүн тариф саясаты социалдык чыңалууну жараткандан башкага жарабастыгын билдирди.

- Тарифти эч ким эсептеген жок. 1 сом 50 тыйын деп коюп коюшту. “Электр станциялары” менен жогорку чыңалуудагы электр линияларына канчадан беребиз? Бөлүштүрүү компанияларына канчадан беребиз деген жок. Ошол жерден ар бир тепкичтен өткөндө кошумча нарк салыгы 12% кошулат, бул 36% өзүнчө чыгып жатат.

Жаңы коомдук бирикме жетекчилеринин бири Дастан Сарыгулов сунуш кылынган маселелер курултайдагы көпчүлүк тарабынан четке кагылып калышын деле жокко чыгарбайт.

- Бирок жөн эле өз пикири жок, бийликтин чечимдерин толук колдоп бербейбиз. Биздин да анча-мынча кадыр-баркыбыз бар. Аны оңой менен тапкан жокпуз. Анан көп жыл бою кашык менен чогулткан анча-мынча баркыбызды ошо жерде чөмүч менен төгүп койгонго биз барбайбыз, туугандар!

Тизмедегинин баары тизилип турбайт

Көпчүлүк арасында Ынтымак курултайына жалаң гана бийликтин сөзүн сүйлөгөн “дүжүр” өкүлдөр чогулбастыгын президент тизмеси боюнча чоң жыйынга кошулуп жаткан “Кыргыз эл биримдиги” коомдук бирикмесинин мүчөсү Кадыр Кошалиев да ырастады.

- Биз “дежур” болбойбуз деп ойлойм. Ал жерде өз оюбузду айтабыз. Ошол бийик трибунадан туруп элдин кызыкчылыгын козгоп, көтөрүп , ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланыш керек деп эсептейбиз.

Ынтымак менен биримдикке чакырган эки коомдук бирикме ушу тапта жер-жерлерден шайланган өкүлдөрдү кепке тартып, сунуш кылынып жаткан маселелерге үн кошууга чакырып жатышканы маалымдалды. Алардын айтуусунда, эки күнгө белгиленген чоң жыйында айтылган кеп-сөздөр улуттук телеканал аркылуу жалпы элге үзгүлтүксүз көрсөтүлүп турушу керек.

17-марттагы Элдик курултайда эки коомдук бирикме демилге катары Ынтымак курултайына сунуш кылып жаткан саясий-экономикалык курч проблемалар козголуп, биртоп талаптар коюлган. Курултай катышуучулары “коюлган талаптар аткарылбай турган болсо ар бир аймакта эл бийлигин калыбына келтирүү маселесин чечүү максатында Элдик Курултайларды өткөрүүгө элдин конституциялык жактан толук укугу” бардыгын ырастап кайтышкан.

Кезектеги курултайда кандай маселелер талкуланары, ушу тапта уюштуруу комитетине жөнөтүп жаткан сунуштардын кабыл алынар-алынбасы да белгисиз. Президент К.Бакиевдин пресс-катчысы А.Турдумаматов “Азаттыкка” чыккан маегинде мамлекет башчысы коомдук жаңырыктар туудуруп жаткан маселелер жайында Ынтымак курултайында өз позициясын билдире тургандыгын ырастады. Күтө туралы.