КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги биринчи аял президент катары Роза Отунбаеванын кыргыз мамлекетинин жолунда турган кыйынчылыктарды чечүүдөгү аракети жана ролу туурасында Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, Бишкек гуманитардык университетинин профессору, белгилүү коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов ой-пикирин бөлүшөт.
-Роза Отунбаева кыйын кырдаалда президенттикке келди, болгондо дагы ал биринчи аял президент болуп жатат аталган КМШ арасында. Кырдаал болсо дагы деле толугу менен турукташа элек. Роза Отунбаеванын Кыргызстанды кыйынчылыктан алып чыгууга кандай кудурет-дарамети бар ойлойсуз?
- Ушул ыңгайлуу шарттан пайдаланып биздин мамлекетибиздин башчысы, өкмөтүбүздүн жетекчиси урматтуу Роза Исаковнаны торколуу тою менен куттуктап, эң негизгиси анын ден-соолугунун чың болушун, эркинин күчтүү болушун жана биздин жалпы калкыбыз тапшырган милдеттерди аягына чейин чыгарууга эрки да, күчү да жетишин каалап кетээр элек.
Албетте, бир сөз менен айтканда жалгыз гана элдин каалоосу же кандайдыр бир партиялардын же кандайдыр бир топтордун каалоосу менен эмес, тагдырдын, тарыхтын агымынын өзү бул кишини өзүнүн толкунуна көтөрүп туруп, ушундай абалга алып келип койду. Бул бир четинен алып караганда табигый көрүнүш деп айтсак да болот. Муну биз жана биздин калкыбыз жакшы түшүнөт. Ошого карабастан өзүнүн абдан чоң, өтө кеңири билим жууратына, басып өткөн турмуш жолуна, өтө чоң тажрыйбасына таянып азыркы учурда талаптагыдай жүргүзүп атат ишмердигин деп айтууга толук шарт бар.
Эгерде бул кишинин басып өткөн жолуна көз салып, кыйырдан баа бере турган болсок, албетте, азыркы учурдагы биздин элибиздеги, мамлекетибиздеги бирден бир ишмер, бирден бир көптү билген, көптү көргөн, өзүнүн энциклопедиялык билим жуураты абдан кенен болгон адам болуп эсептелет. Муну биз эч качан тана албайбыз. Университетти Москвадан бүттү, жогорку окуу жайында окутуучу, тарбия-таалим берүүчү болуп иштеди. Ошондой эле төрт сапар Тышкы иштер министрлигин башкарып тургандын өзү эле эмне деген далил.
Азыркы учурда кайсы гана мамлекет болбосун, анын тышкы саясаты, эл аралык мамилелери, башка өлкөлөр менен болгон карым-катнаштар биринчи орунда турат, муну эске алышыбыз керек. Бул жагынан караганда бул киши алдына киши салдырбай иштей алат деп ойлойм. Эми жанагы сөздүн ток этер жерине келе турган болсок, албетте бул абдан татаал, абдан кыйчалыш кырдаалда иштеп жатат.
Анын үстүнө бул кишинин айтканы-дегенинин баары эле аткарылып турмушка ашырылып, башынан-аягына чейин бир агымда жүрүп баратат деп айтууга эч кандай шарт жок. Анткени ал адам болгондон соң ал сөзсүз түрдө ката кетирет. Тек гана диванга жатып алып гезит окуган же радио угуп, телевизор көргөн гана киши эч кандай ката кетирбесе, башка адамдардын баары ката кетирет.
-Экономикалык-социалдык маселелерди эске албаганда эле айрым серепчилер коопсуздук маселелери, айрыкча түштүктөгү коогалаңдын алдын алуу, аны турукташтыруу иштердинде Роза Отунбаева президент катары чабалдык кылганын айтып атышат. Сиздин пикириңиз кандай?
- Бир четинен буга кошулса да болот, экинчи четинен кошулбаса да болот. Эмне үчүн дегенде түштүктө болгон окуялар, анан биздин борборубуз Бишкек шаарында болгон айрым окуялар капылеттен, тарс этип, дүрт деп от алып кетпедиби. Аны эч ким адегенде баамдай алган жок. Бул жагынан алып караганда жалгыз гана өкмөт башчысынын мойнуна күнөөнүн бардыгын илип, кинени коюштун эч кандай негиз жок деп ойлойм. Анткени атайын бизде коопсуздук күч органдары, ички тышкы коопсуздукка көз кала турган министрликтер, өзүнчө уюмдар бар, ведомстволор бар. Ушулардын бардыгын таразалап, салмактап, буларга багыт берип турушу керек эле.
- Р. Отунбаеванын эл аралык аренадагы жана башка өлкө башчыларынын астындагы аброюн кандай баалайсыз? Чечилбей келаткан чек ара маселелерин чечүүдө анын дипломатиялык аракеттери мурдакыларга караганда натыйжалуу боло алабы?
- Чек ара маселелери абдан уюткулуу маселе болуп эсептелет. Азыркы учурда коомчулуктун да ыраазы болбогон жерлери бар. Бул жөнүндө байма-бай кептер айтылып атат. Биздин басма сөздө дагы, радио-теле көрсөтүүдө дагы. Бул далилдерден биз качып кутула албайбыз. Бирок булардын баарын план ченемдүү түрдө, саясий жолдор менен, өз ара сүйлөшүүлөрдүн жардамы менен аягына чейин чыгарууга болот деп ойлойм.
Мурдагы күнү Ереван шаарында ЖККУ боюнча КМШ өлкөлөрүнө кирген мамлекеттердин башчыларынын эки күндүк кеңешмеси болуп кетти. Ошол жерде кадимкидей бул киши Медведев менен сүйлөшүп туруп, ал кишиден кепилдик алды. Бардык маселелер боюнча жардам беребиз, ошонун ичинде моралдык, экономикалык, психологиялык дагы багытта деген убадасын алып келди. Эгерде ушуга таяна турган болсок, алдыга жылышыбыз сөздүн чынында бир топ арымдуу болот го деп ойлойм.
- Сизге чоң рахмат.