Кыйчалыш учурдун президенти

Бүгүн Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева алтымыш жашка чыкты. Президенттик кызматка киришкен жылга туш келген бул мааракеге байланыштуу кандайдыр бир иш-чаралар өтөөр-өтпөсү тууралуу алдын-ала маалымат таратылган жок. Канткен менен дипломат жана саясатчы катары таанылган Роза Отунбаеванын таржымалына кызыккандар бул күнү аз эмеси айкын.
27-июндагы референдум парламенттик башкарууга багыттаган Баш мыйзамды кабыл алган жана өткөөл президентти аныктаган Кыргызстандагы ири тарыхый окуя болду. Референдумдун арты менен Роза Отунбаева Кыргызстанда үчүнчү президент деп таанылып, ал эми Борбор Азия менен КМШ тарыхына алгачкы аял президент деп кирди.

Роза Отунбаева өткөөл кызматка 3-июлда расмий киришти. Бир жарым жылда ал мамлекет үчүн кандай иш аткарып, өзүнө кандай ат калтырарын азыркы кыйчалыш учурда алдын-ала таразалоо жеңил эмес. Кыйла байкоочулар азыркы тапта Роза Отунбаеванын дипломатиялык бай тажрыйбасына, ички маданиятына жана коррупциялык иштерден оолак экендигине көбүрөөк үмүт артып турушат.

Роза Отунбаева СССРдин Тышкы иштер министрлигинде ЮНЕСКО менен кызматташтыкты тейлеген, БУУнун Баш катчысынын Грузиядагы өкүлү, АКШда, Канадада, Британияда элчи, Кыргызстандын өзүндө төрт жолу Тышкы иштер министри болгон.

Акыркы жолу Тышкы иштер министри болуп 2005-жылкы март ыңкылабынан кийин дайындалып, бирок анын талапкерлигин 2005-жылдын 10-июлундагы президенттик шайлоодон кийин парламент колдобой койгон. Бул Отунбаеванын президент Курманбек Бакиевге каршы 2005-жылы түптөлгөн оппозицияга киришин шарттаган.

Отунбаева март ыңкылабына чейин эле өлкөнүн түндүк-түштүгүн түрө кыдырып чыккан ыңкылапчы аял саясатчы катары белгилүү болуп калган. Аскар Акаевдин бийлиги тушунда парламенттик шайлоого жоон топ дипломаттын катышпай калышы анын оппозицияга өтүшүн шарттаган. Кийинчерээк ошол кездеги президент Акаев Отунбаеваны март ыңкылабынын “локомотиви” деп атаган.

Отунбаева адегенде “Ата Журт” саясий кыймылына теңтөрайым болуп, кийинчерээк “Асаба”, Социал-демократтар партияларынын катарында турган. Парламентке СДПнын туусу астында келген дипломат айым былтыр СДП фракциясын башкарып калган.

СДП курамына кирген Бириккен элдик кыймылдын Бишкекте өткөн акыркы Элдик курултайында Роза Отунбаеванын Курултайларды уюштуруу комитетинин башчысы болуп шайланышын айрым талдоочулар улуттук лидерликке жасалган кадам катары баалашкан болчу.

Анткен менен Отунбаеванын президенттик ишке киришүүсү этностук кагылышуулар менен коштолуп, чоң сыноого кабылды. Бир нече жүз адамдын өмүрүн алган, үй-жайынан ажыратып, ар кайсы жакка тентиткен бул окуя биринчи кезекте Отунбаеваны түйшүккө салды . Ачууга алдыргандар да, мурда-кийин кеги калган саясий атаандаштар да Отунбаева баштаган өкмөттү алсыздыгы үчүн сындап, атүгүл кызматтан кетишин да талап кылган учурлар пайда болду. Мындай талапты өткөн бейшембиде акыркылардан болуп Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун тарапкерлери айтып чыгышты.

Ошто Отунбаеваны айрыкча эл аралык уюмдардын тилине кирип алып, ЕККУнун полиция кеңешчилерин киргизүүдө деп сындап жатышат. Мындай көз карашты тутунган коомчулук өкүлдөрү президентти улуттук кызыкчылыкты экинчи орунга жылдырды деп санашууда:

- Мен Отунбаеванын азыркы жүргүзүп аткан саясатына каршымын. Себеби азыркы жүргүзүп аткан саясаты бир жактуу деп ойлойм, өзбектер тарапка жан тартып атат, -дейт Ош коогалаңында жабыркагандардын бири Абдылашид Батаев

Отунбаева болсо жаңжал биротоло тынчый элек деп эсептейт. Полиция кеңешчилерин киргизүү чечимин ал өлкөнү аягына чейин турукташтыруу, Кыргызстан улутчул эмес, демократиялык багытта өнүгүүгө умтулган өлкө экендигин далилдөө максаты менен негиздеп жүрөт:

- Булар куралсыз болот, үч функциясы бар: мониторинг, консультация жана тренинг. Мына ушул эле функциялар башка эч нерсе жок, башкача айтканда булардын зыяны жок, -
деп түшүндүргөн президент полиция кеңешчилеринин миссиясын.

Бул аралыкта талдоочулар президент Роза Отунбаеванын эл ичинде кадырынын өсүшү же төмөндөшү биринчи кезекте өлкөнүн коопсуздугунан, анын ичинде түштүктөгү кырдаалдын турукташуусунан көз каранды деп эсептешет. Айрым саясий күчтөрдө турукташтыруунун ачкычы кайраттуу чечимдерди кабыл алып, чечкиндүү кадамдарга барууда делип, өткөөл президенттин ага кудурети жетер-жетпесине күмөнсүнүү бар.

Батыш талдоочулары болсо Кыргызстандагы кооптуу жагдайлар табиятынан демократ Роза Отунбаеваны катаал чараларды көрүүгө мажбурлап жатканын белгилешүүдө.

Роза Отунбаева 1950-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында төрөлгөн. Орто мектепти Ош шаарында алтын медаль менен аяктап, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университинин философия факультетине тапшырган. Эмгек жолун 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучулуктан баштаган.