Оштуктар бир беткей жаманаттылоого каршы

Оштогу ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы акциядан.

HRW эл аралык уюмунун июнь окуялары боюнча баяндамасы Ошто талаш-тартыштарды туудурду. Жергиликтүү бийлик айрым күч органдары өзбектерге каршы чабуулду кубаттаган деген айыптоолорду четке кагууда.
Баяндамачылардын айткандарын бир катар жарандар фактыларды бурмалоо, титулдук улутту бир беткей жаманаттылоо катары баалап жатышат. Ошол эле учурда аймакка көз карандысыз комиссия киргизилип, этникалык кагылышуу калыс иликтенбесе, дагы бир жаңжалга жол ачылат дегендер дагы жок эмес.



Human Rights Watch эл аралык уюму жаңы баяндамасында өкмөтчүл айрым күчтөр өзбектерге каршы чабуулдарга колдоо көрсөткөндүгүн белгилеп, кыргыз өкмөтү коогалаңдын себептеринин астейдил иликтенишине анча кызыкпай жаткандыгын сындаган. Мындай пикирге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков макул эмес.

- Human Rights Watch эл аралык уюмунун докладындагы кээ бир дооматтар чындыкка анчалык коошпойт. Мисалы, айрым күч түзүмдөрү түштүк башкалаасын талкалоого жана талап-тоноого катышкан дешкени карандай калп! Укук коргоо органдарынын, анын ичинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өзүбүз ушул аймакта жашап жана эмгектенип туруп кантип эле аны көрккө бөлөгөн мекеме-ишканаларды жана соода борборлорун талкалайлы. Кичине акылга сыярлык фактыны айтышпайбы. Муну жөн жеринен каралоо десек жарашчудай. Анткени, өзбегиби, кыргызыбы, бардыгы – биздин жарандар. Алардын укуктарын бирдей кароого биз милдеткербиз. Андан башка дагы уюмдар жазып атышпайбы “Милиция адамдарды тандап кармап, зордук-зомбулук көрсөтүп атышат” деп. Албетте, кылмышкерлердин улуту жок. Ошондуктан, биз кандуу окуяларга түздөн-түз тиешеси барларды гана тутуп, суракка алуудабыз. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана сексенден ашык улут байырлаган эли-журтубуздун ынтымакчылыгын ойлосок, күмөндүүлөрдүн бардыгын кармайбыз. Алар этносуна карабай, кылган аракеттерине жараша сөзсүз кылмыш жоопкерчилигине тартылышат, - деди Замир Сыдыков.

Ал эми Кара-Суу районуна караштуу Шарк кыштагынын тургуну Фатимахан Тажибаева тополоң тыйылгандан кийин деле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата коркутуп-үркүтүү токтобой жаткандыгын, бирок бул туурасында дүйнөлүк уюмдар негедир кабардар эместигин билдирди:

- Кечээ дагы төрт аскер кийимчен бейтааныш жигит коңшу аялдын үйүнө кирип, катуу коркутуп, бала-чакасы каякта экендигин сураптыр. Кошуналар кыйкырганда гана изин суутушуптур. Ошондон кийин таң аткыча кирпик какпадык. Уулдарыбыздын жана аталарынын көбү коркуп, Орусияга кетип калышты. Деги бизге качан тынчтык орнойт? Бизди ким калкалайт?

Human Rights Watch эл аралык уюмунун баяндамачыларынын билдирүүлөрүн оштук бир катар тургундар фактыларды бурмалоо, титулдук улутту атайылап жаманаттылоо сыңары сыпаттап жатышат. Маселен, “Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин төрайымы Турсунай Айтиева дагыле ушундай пикирди карманууда:

Кандуу калабада жүздөгөн үйлөр кыйрады
- Өзбектер бул чабышка айлап-жылдап камданышкан. Анын айынан бейкапар жаткан калк кырылып калды. Ушул кылган жоруктары туурабы, туура эмеспи, дагы бир мээсинен айлантып таразалап көрүшсүн деп аларга кыйлага унчукпадык. Улуттуштарынын үйүлгөн өлүктөрүн көргөндөн кийин гана кыргыздар өзү катылгандарга жооп кайтарбадыбы. Эми минтип сырт жерде туруп алып “андай-мындай” деп акыл айтып, чет өлкөлүктөр башыбызды оорутушпасын! Ошол баяндама жасагандар анчалык акыйкат экен, Ошто эл аралап бир ай жашап көрүшсүнчү? Ошондо чын-бышыгына жетип, урушту ким, качан жана эмнеге баштаганын билишет эле.

Ош облус губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Таалайбек Зикиров июндагы жаңжалды иликтеген чет өлкөлүк уюмдарды калыстыкка чакырды:

- Ош окуясынан кийин жарандарды улутуна карап кемсинтүү же куугунтуктоо күчөгөндүгүн билбейт экенмин. Себеби, бийликтин өкүлдөрү мыйзам чегинде ар бир адамдын укугун коргоп жатабыз. Мындайда эл аралык уюмдар кайсыл булактарга таянгандыгы биз үчүн бүдөмүк, бирок алар жалаң жалган маалыматтарды таратып жатышкандыгы эч кимге жашырын эмес. Мисалы, “Чек арасыз дарыгерлер” уюму “Өзбектер мамлекеттик ооруканаларга бара албай жатышат, ошон үчүн жыйырма миңдейин биз дарыладык” дешти. Эми буга ким ишенет? Ошондуктан, кандай гана мекеме болбосун так жана туура маалымат таратуусун каалайт элем.

Ошол эле учурда түштүк аймагына эл аралык көз карандысыз комиссия киргизилип, этникалык кагылышуу калыс иликтенбесе, дагы бир жаңжалга жол ачылат дегендер дагы жок эмес.

- Мен жашаган Ленин көчөсүнөн Рыспай Абдыкадыров атындагы филармония аркылуу тээтигил мечитке чейин катарынан өрттөлдү. Алты адам атып өлтүрүлүп, артынан күйгүзүлдү. Human Rights Watch докладында бул жагын өтө сылык түрдө сүрөттөптүр. Минтип мен жалпысынан кыргыз элин караламакчы эмесмин. Ошентсе да, алардын арасынан чыккан бандиттер жасады бул канабайрамды. Ошолордун бири дагы калбастан кармалып, жазаланууга тийиш! Мына коогалаңды иликтөө боюнча улуттук комиссия уюшулуптур. Анын төрагасы Эркебаевден тартып президент Отунбаевага дейре мени жакшы билишет. Мамлекеттик комиссия жана анын мүчөлөрү реалдуу эч нерсени иликтеген жок, эч кимди сураштырбады, кимдир бирөөлөрдүн айыбын аныктаганга даабай жатат. Ошондуктан, мен буларга таптакыр ишенбеймин! Андан көрө сырттан киргизилген көз карандысыз комиссия, мейли Бириккен Улуттар уюмунанбы, же ЕККУданбы, калыс жыйынтык чыгаруусу абзел. Ансыз биздин өкмөттүн буга кудурети жетпейт! - деди Ош окуясынан жабыркаган укук коргоочу Равшан Гапиров.

Анткени менен жергиликтүү серепчилер Кыргызстан ички маселесин өзү чечүүгө тийиш, эгерде сырткы күчтөр аралашса, этностор аралык каршылашууну ого бетер курчутат деп эсептешет.

Оштогу кандуу тополоң

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Оштогу тополоң