Ош: Боорукердикке муктаж «Боорукердиктин» балдары

Ош шаар бийлиги “Боорукердик” үй интернатынын тарбиячылары балдарды уруп-сабаган жана карыларга орой мамиле жасагандыгы үчүн интернаттын кызматкерлерин айыптап, директорун кызматынан четтетти.
Оштогу “Боорукердик” үй интернатында күн кечирген карылардын даттануусун териштирген атайын коммисия, аталган интернаттагы бир канча үрөй учурган фактыларды ашкере кылды.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Жазгүл Масалиева, интернаттын тарбиячылары карыларга орой мамиле жасаганы аз келгенсип, балдарга күч колдонууга чейин барышканын белгилөөдө:

- “Боорукердик” үй интернатында бир канча фактылардын бети ачылды. Мисалы, тарбиячылар ал жердеги балдарга күч колдонушкан. Муну интернаттын тарбиячысы Мамырова өзү дагы түшүнүк катында мойнуна алып, аны балдарды тарбиялоонун ыкмасы катары көрсөткөн.

Масалиеванын айтымында, эми “Боорукердик” үйүндөгү тарбиячылардын жоругун шаардык прокуратура иликтейт. Мындан сырткары шаар бийлиги үй интернаттын жетекчилигин мекемеде санитардык абалдын өтө начардыгын, тарбиялануучуларды жыл бою медициналык кароодон өткөрбөгөнүн жана карыларга жасаган орой мамилесин айыптап жатышат. Бирок аталган интернаттын тарбиячылары мындай дооматка макул эмес. Тарбиячы Гүлжан Мамырова:

- Бул жерде урат деген туура эмес. Биз ар дайым балдарды жакшы болсун деп, жакшы сөздөрдү айтабыз. Эгерде балдар чектен чыгып, туура эмес нерселерди жасаса, анда биз аларды жазалайбыз. Жазалоо – бул бөлмөлөрдү жыйна, коридорду жуу, идиштерди жуу, эшикти шыпыр деген гана нерсе.
Интернат жетекчилигине нааразы болуп шаар бийлигине даттанган 68 жаштагы Жолдош аксакал, бир топ убакыттан бери интернаттын жанында торпок багып, отун жарып иштеп жүргөнүн айтат:

- Мен эми мага айлык акыны аз берип койгон үчүн эле мэрияга кайрылгам. Кар күрөчүмүн, отун даярдачумун, ага карабай жазга маал бир бука жетелеп келди, анысын жайы менен бактым.

“Боорукердик” үй интернатында Жолдош аксакал сыяктуу 25 кары-картаңдар, отузга чукул кароосуз балдар тарбияланат. Бирок бул жердеги тестиерлер, тарбиячыларынын колунан анча-мынча таяк жегенине да кайыл, сырттан барган чоочундарга интернаттын жашоосун сөзсүз мыкты деп айтышат.

- Эч качан катуу урбайт. Өтө жаман нерсе жасап койсок кээде уруп койот. Башыңа бир чабат. Кол менен бир нерсе кылган болсоң колуна урат, бут менен бир нерсе жасасаң бутуна урат. Бирок биз аларга анча-мынча жардам да беребиз, бөлмөлөрдү тазалап, суу десе суу алып келип беребиз.

Ошентип “Боорукердик” үйүндөгү тарбиячылардын кароосуз балдарга көрсөткөн зордук-зомбулугун, алардын өтө начар шартта жашап жатышканын тиешелүү кызматтар иликтеп, жыйынтыгын жергиликтүү басылмаларга да жарыялап жиберишти. Бирок аталган интернаттын директору Бүбүсара Таштанова, аны шаар бийлиги негизсиз каралап жатканын айтып, коммисиянын ишин “атайын буйрук” деп баалады.