А. Атамбаев үй бүлөлүк башкарууну уратууга чакырды

  • Ырысбай Абдыраимов
БЭКтин президентикке бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев кезектеги жолугушуусун бүгүн Жалал-Абат шаарында өткөрдү. Ал 23-июлдагы шайлоодо добуштарды саноого жүз миң адам алып чыгаарын билдирди. Жолугушууда бийликчил адамдар суроо берип, А. Атамбаевден жооп алууга да үлгүрүштү.
Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин 21-июндагы Жалал-Абаттагы жолугушуусуна анын облустагы шайлоо штабынын билдирүүсүндө 400, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Төрөкановдун жообунда 150 киши катышты. Анын жарымы жөнөкөй кийинген тартип сакчылары болду.

А. Атамбаев өлкөдө көбөйтүлдү деген маяналар жашоо талап кылган каражаттын жарымына да жетпей тургандыгын айтып, президенттин ыйгарым укуктарын чектөө жана анын кызмат мөөнөтүн беш жылдан ашырбоо керектигин турмуш ырастаганын белгиледи. Президенттикке талапкерлигин сунуштаган БЭКтин чечимин кубаттап, үй-бүлөлүк башкарууну уратуу максаты менен шайлоого бел байлаганын билдирди.

А.Атамбаевдин жолугушууда айтканына караганда, өлкөдө мыкты жашоонун бардык өбөлгө- шарттары бар. Бирок тартипсиздик менен мыйзамсыздык, уурулук, талап- тоноо экс -президент А. Акаев башкарган жылдардан тартып К. Бакиевдин доорунда да улантылууда.

Ага кирешелүү Кыргызстанды экономикалык бакубат өлкөгө айландыраар кен байлыгы мол ишкана-жайлардын текейден арзан баага менчиктештирилгени күбө. Уурулук болбоосу үчүн А. Атамбаев 23- июлдагы шайлоонун добуштары өз кишилери тарабынан саналаарын ачыкка чыгарды.

Шайлоодон күмөн санап калганын БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын парламенттик шайлоо тууралуу айтып бергени менен байланыштырды.

Жолугушууда бир нече адамдар президенттикке талапкер А.Атамбаевден жооп алууга аракет кылышты. Бирок убакыттын кыскалыгынан алар суроо берүүгө үлгүрүшкөн жок. Суроо узатмак болгондордун бири, Уулкан Мамасабирова « өкмөт башчы болгуча күчтүү оппозиция элең, бийлик чакырганда кызматка келип, кайра кеткенсин, деги туруктуу позицияң барбы?" - деп, А. Атамбаевдин ушул маселедеги оюн угууга кызыкты :

Алмазбек Атамбаев облустук аялдар кеңешинин бул мүчөсүнө бийлик үчүн эмес, эл- жерге күйгөнү жана бирдиктүү талапкер катары БЭКтин чечимине макул болгонунан улам президенттик жарышка чыкканын айтып жооп берди. Ал кезегинде бийлик менен оппозиция тирешип турган жылдары саясий жана коомдук ишмер маркум Дооронбек Садырбаевдин « Өз тагдырыңды унут, Кыргызстанды сактап калалы» деген кеңеши менен премьер-министр кызматына барууга аргасыздан көнгөндүгүн айтты.

А. Атамбаевдин Жалал- Абаттагы эл менен жолугушуусун ыраактан шаардык бийлик адамдары менен жана сакчылары акмалап турушту. Алар кездешүүдө бийликке жана өлкөдөгү уурдап-тоноолор боюнча көтөрүлгөн маселерге карата өз ой-пикирлерин билдирүүдөн баш тартышты.

А. Атамбаевди коштоп жүргөн БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, оппозициядагы талапкердин эл менен жолугушуусу эртеңден тарта Ош облусунда улантылышы ыктымал.

Буга чейин 20- июнда Жалал-Абат шаары менен Аксы районунда президент К. Бакиев болуп кеткен. Аталган аймактарда ал шайлоочуларын талапкерлик программалары менен тааныштырган.

19- 20 июнь күндөрү А.Атамбаев Аксы жана Базар-Коргон райондорундагы коомчулук менен жолугушкан. Келерки аптада президенттикке башка талапкерлердин облустун шайлоочулары менен жолугушаары күтүлүүдө.