Шайлоо алдында байкоочулардын тизмеси такталууда

10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунан 300дөн ашуун байкоочу көз салат. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, азырынча расмий түрдө бир да эл аралык институт шайлоого байкоочу катары каттала элек.
Ал эми жарандык коом өкүлдөрү алдыдагы парламенттик шайлоо маалында өз байкоолорунда жаңы ыкма колдонушаарын билдиришүүдө.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Демократия институттары жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстанда 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиясын ачты. Бул тууралуу шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын башчысы Корин Жонкер айым билдирди. Анын айтымында, ЕККУга мүчө болгон төрт мамлекеттен он жети адис, отуз бир мамлекеттен жыйырма эки узак мөөнөттөгү жана үч жүз кыска мөөнөттөгү байкоочу Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз салмакчы. Жонкер айым алардын алдында турган милдеттердин айрымдарына мындайча токтолду:
Корин Жонкер

- Биз бул жакка атайын бир идеяны же кандайдыр бир тымызын максаттарды көздөп келген жокпуз. Белгилей кетсем, биз байкоо салабыз, иликтейбиз анан өзүбүз чыгарган жыйынтыкты баяндайбыз. Биздин чыгарган тыянак, жасаган баяндамаларыбыз аркылуу кыргыз өкмөтү шайлоо системасын өнүктүрүп, шайлоо маданияттын жогорулатып алса экен тилектештик менен келип отурабыз. Кыргыз калкы өздөрү кийин сыймыктана турган шайлоо өткөрүп алат деп үмүттөнөбүз.

ЕККУнун узак мөөнөттүк байкоочулары ушул аптанын жума күнү келет деп күтүлүүдө. БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, эл аралык байкоочулардан азырынча расмий түрдө эч кимиси каттала элек жана кайрылгандар да боло элек.

Кимден көз каранды?

Деген менен саясий серепчи Табылды Акеров байкоочулар көз карандысыз деп айтылганы менен айрым учурларда кандайдыр бир эл аралык саясий кызыкчылыктардын жетегинде да калган учурлары кездешкенин айтат.

Табылды Акеров
“Маселен К. Бакиевдин бийлиги тушунда КМШ мамлекеттер тарабынан келген байкоочулар Кыргызстандагы президенттик шайлоо маалында болгон мыйзам бузууларды көз жаздымда калтырып, шайлоо таза өттү деп тааныган, алар өз кызыкчылыктарын аркалаган. Эми болсо Кыргызстанда соңку окуялардан кийин чечилбей турган эл аралык бир топ маселелер турат”,- дейт Табылды Акеров.

- Булар да айрым учурларда геосаясий негизде иш алып барып калышы мүмкүн экендигин биз көрдүк. Себеп дегенде “Манас” аэропортундагы транзиттик борбор Батыш өлкөлөрү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ошондуктан булар канчалык деңгээлде бейтарап байкоо жүргүзөт айтуу кыйын. Экинчиден, бизде ЕККУ полициялык кеңешчи тобун киргизүү маселеси чечилбей турат.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” уюму Кыргызстанда болуп өткөн ар кыл деңгээлдеги шайлоолорго активдүү байкоо жүргүзүп келгендиги менен белгилүү. Алар учурда алдыдагы шайлоого 1200 байкоочусун даярдап жатышат. Аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, быйыл алар шайлоого жаңы ыкма менен байкоо жүргүзүшмөкчү. Ал эми саясий партиялардан көз салган байкоочулар адатта дээрлик сабатсыз болушат деп тынчсызданды:

Динара Ошурахунова
- Чынында эле саясий партиялар шайлоо маалында башка нерселерге көбүрөөк көңүл бурат. Көбүнесе өздөрүнүн жарнак иштери менен эле алек. Бирок реклама менен эле бир нерсени чече албайсың. Бизде саясий маданият болбогондуктан, азыркы саясий партиялар байкоочуларын да жакшы даярдабайт, өкүлдөрүн да жакшы даярдабайт да. Азыр деген жакшы байкоочуларды даярдоо муктаждыгы турат. Ал эми шайлоочуларды окутуш керек.

БШКдан маалымдашкандай, жарандык коом жана саясий партиялардын байкоочулары БШКда атайын катталбастан, участкалык шайлоо комиссиясына алдын ала билдирип коюп парламенттик шайлоодо байкоо жүргүзө бере алат. Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 2010-жылдын 10-октябрына белгиленген.