Европада кыргыз гимнин ырдаган Надира Момбекова

Надира Момбекова

Надира Момбекова

Июль айында Польшанын Краков шаарында Европа жаштарынын башын бириктирген жайкы окуу өттү. Ага учурда Түркиянын Стамбул шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студент Надира Момбекова да чакырылды. Жайкы окуудан кийин Надира Чехиянын ордо калаасы Прагага келип, “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.
Надира Момбекова Түркиянын Стамбул шаарындагы Йедитепе университетинде Журналистика бөлүмүндө аспирантурада окуйт.

Надира Момбекова: Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде бакалаврды бүтүрүп, бул университетте бир жыл илимий кызматкер болуп иштедим. Андан соң биздин окуу жай менен азыр мен окуп жаткан Йедитепе университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Түркияда магистратураны бүтүрдүм. Азыр болсо аспирантурада окуумду улантып жатам. Максатым - илим жолун улантып, Кыргыз-Түрк "Манас" университетине кайтып барып, студенттерге билим берүү.
Түркиянын мамлекеттик университетиндеги шарттар жеке менчик окуу жайдыкына салыштырмалуу өтө эле төмөн.


“Азаттык”: Надира, сен Польшага жайкы окууга катышуу үчүн келген экенсиң. Ушул окуу тууралуу маалыматың менен бөлүшсөң.

Надира Момбекова: Польша, Венгрия, Чехия жана Словакия жаштарынын арасындагы социалдык, экономикалык, маданий жана саясий интеграция жолунда пайда болгон кыйынчылыктары, медиа тармагы, демократия өңдүү маселелерди камтыган жайкы окуу өттү. Бул жайкы окуу ушул төрт өлкөнүн жаштарынын башын бириктирип, жогоруда айтып өткөн темаларга карата ой-тутумун жогорулатуу максатын көздөйт. Жайкы окуу эки жумага созулду. Жайкы окууга бул төрт өлкөдөн сырткары Украина, Орусия, Косовонун жаштары катышты. Кыргызстандан жалгыз мен келдим. Жалпысынан 35 студент катышты.

“Азаттык”: Сен Кыргызстан тууралуу кенен маалымат берип, өлкөбүздү бир топ тааныштырганыңды мага айткан элең. Сен менен окууга катышкан европалык жаштар буга чейин Кыргызстан тууралуу кандай маалыматка ээ болушкан экен? Кыргызстан жөнүндө кандай пикирде экен?

Жайкы окуу кызыктуу жана пайдалуу болду.
Надира Момбекова:
Бул жайкы окуу сегизинчи жолу өтүп жаткан экен. Бул иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызстандан алгачкы ирээт мен катышып жаткандыктан "өз өлкөң тууралуу маалымат берсең жакшы болот" дешти. Себеби айрым студенттер Кыргызстан тууралуу таптакыр маалыматка ээ эмес экен.

Европалык студенттерди Кыргызстан, анын экономикасы, саясаты, маданияты абдан кызыктырды. Ушул жайкы окууда дебаттарда, темаларды талкуулап жатканда Советтер союзунун урашы менен бул өлкөлөрдөгү демократиянын абалы, медиа тармагы жана кайра өнүгүү процесстери тууралуу сөз болуп жатты. Андан соң улуттар аралык кече өттү. Ошол кечеде мен Кыргызстан тууралуу кенен маалымат бердим.

Мен алгач кыргыздардын тарыхына токтолдум, андан кийин Советтер союзу доорундагы тарыхты кыскача айтып бердим, тунгуч президентибиз, 2005-жылы, 24-мартта болгон окуялар тууралуу баяндап бердим. Европа жаштарын биздин салттарыбыз, үрп-адаттарыбыз абдан кызыктырды.
Европалык жаштардын мүмкүнчүлүктөрү кыйла жогору.


Мен Кыргызстан тууралуу маалыматты жакшы сүрөттөр, музыкабыздын коштоосу менен жеткирдим. Сөзүмдүн аягында биздин гимнди ырдап бердим. Бул аларга абдан кызыктуу болду. Жайкы окуунун катышуучулары мына ушундай мүмкүнчүлүк үчүн кубанычын жашырышкан жок. Менден башка эч ким гимнди ырдаган жок. Мен гимнибизди ырдап жатканда 70 киши түз туруп, угушту. Презентациядан кийин да көп суроо узатышты, Кыргызстанга барабыз дегендер да болду.

Европа менен кыргыз жаштары тууралуу

“Азаттык”: Европага келген кыргызстандык жаштар менен маек курганда, мен дайыма аларга мындай суроо узатам: “Европа жаштары менен кыргыз жаштары ортосунда кандай айырма бар?” Бул суроого сен кандай жооп бересиң?

Жайкы окуунун катышуучулары
Надира Момбекова:
Албетте кыргыз жаштары менен Европа жаштарынын арасында чоң айырма бар. Эң башкысы - экономикалык айырма бар деп ойлойм. Анткени Европа жаштарынын башка жакка барып, башка маданиятты таануу мүмкүнчүлүгү абдан жогору. Мен катышкан жайкы окууну уюштурган фонддун мындан да башка абдан көп программалары бар экен. Ошондой эле географиялык жактан алганда да, европалык жаштар бири-бири менен абдан тыгыз байланышта. Бизде болсо мындай байланышты көп байкай албайм.

“Азаттык”: Түркияда бир нече жылдан бери билим алып жатасың. Кыргызстандан барган студенттердин абалы тууралуу да айтсаң?

Надира Момбекова: Түркияга келген кыргыз жаштары абдан көп. Мен алгач мына ушуну белгилеп кетким келет. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен беш студент Йедитепе университетине чогуу келгенбиз. Биз бул эки университеттин ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында келгендиктен абалыбыз кыйла жакшы деп айта алам. Анткени Йедитепе университети жеке менчик болсо да, бул окуу жайда башкаларга түзүлгөн шарттарды биз да толугу менен колдоно алабыз. Окуубузду, жашаган жайыбызды, тамак-аш, китептерди башка студенттердей эле колдонуп жатабыз.
Европа жаштарын биздин салттарыбыз, үрп-адаттарыбыз абдан кызыктырды.


Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тарабынан келген студенттер болсо Түркиянын мамлекеттик окуу жайларында окушат. Ал эми мамлекеттик университеттеги шарттар жеке менчик окуу жайдыкына салыштырмалуу өтө эле төмөн. Ошондуктан мындай студенттер иштеп да, окуганга да мажбур. Көпчүлүк студенттер Түркияга келгенден 2-3 айдан кийин иштеп башташат. Бул болсо алардын окуусуна өз кедергесин тийгизет деп ойлойм.

"Каражатың болсо, медиа-магнат да болосуң..."

Польша, Краков.
“Азаттык”:
Сен журналистика багытында билим алып жаткан экенсиң. Кыргызстан менен Түркиянын массалык маалымат каражаттарында кандай айырманы байкадың?

Надира Момбекова: Түркияда ири холдинг, компаниялар өздөрүнүн маалымат каражаттарына ээ болушат. Алар экономикалык жактан күч-кубаттуу болгондуктан өз кызыкчылыгындагы кабарларды көбүрөөк жарыялап турушат.

Түркиянын мамлекеттик жана жеке менчик массалык маалымат каражаттарын салыштырып көрөлү. Жеке менчик массалык маалымат каражаттары рекламадан көбүрөөк акча табуу үчүн жеңил ойлуу кабарларга көп орун берет. Ал эми Түркиянын мамлекеттик массалык маалымат каражаттары менен Кыргызстандыкын салыштырсак, Түркияныкы күчтүү деп ойлойм. Анткени Түркияда мамлекеттик маалымат каражаттарына өлкөнүн 81 регионунда жайылуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

“Азаттык”: Надира, маегиң үчүн рахмат. Окууңда ийгиликтер болсун!