"Жаштардын эрдигин кыргыз калкы унутпайт"

Ак үй алдында каза тапкандарга күн сайын куран окулуп жатат.

“Ак шумкар Кут” жаштар кыймылынын демилгеси менен 7-апрелде атылган октон каза болгондор эскерилип, аларга куран окулду.
Өкмөт үйүнүн алдында 7-апрелде атылган октон сексенден ашуун адам каза таап, 1500 ашууну жаракат алган. Буга байланыштуу 17-апрелде “Ак шумкар-Кут” жаштар бирикмеси бир катар коомдук уюмдар, бирикме, маданият ишмерлерин чакырып, эл эркиндиги үчүн курман болгондордун үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына көңүл айтып, куран окуп, аларды эскеришти.

Кыргыз эл баатыры, эл акыны Сүйүнбаев Эралиев 7-апрелде каза тапкан жаштарды эскерип, "алардын эрдиктерин кыргыз калкы эч убакта унутпайт. Далай китептерге, дастандарга жазылат" деди.

Ак үй алдында окко учуп, каза тапкандарды Кыргыз эл баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуев да эскерип, “жаштар элдин эркиндиги, бактысы, келечеги үчүн жандарын кыйышты” деп, эл даанышмандык кылып, аларды унутууга акысы жок экенин айтты.

7-апрелде өкмөт үйүнүн алдынан каза болгон Эмил Айылчиевдин кайын энеси Гүлжан Садыралиева Курманбек Бакиевдин бийлигин сынга алып, сөзүн ыр менен аяктады.

Өз элин аткан, бул - айбан,
Жаралды экен, бул кайдан?
Адамдан мындай туулбайт,
Шайтандан бүткөн, бул-наадан.

Жомоктогу желмогуз,
Чындап бир болот турбайбы,
Эли, журтун сыздаткан,
Каргышы элдин урбайбы?!

«Ак шумкар кут» жаштар бирикмесинин лидерлеринин бири Айбек Бусурманкулов ыңкылапка бирге катышып, Чолпонбайдай октон да жалтанбай, эрдик жараткан жигиттерди мындайча эскерди:

- Бизде бардыгын ушул жаштар кылбадыбы. Согушта да мындай болгон эмес. Согуш учурунда душманың ким экенин билип, анда да, сенде да курал болуп, коргонууга мүмкүндүк болот. Бул жерде жаштар эч куралы жок чыкты. Бүт баары жаштардын мээнети да. Ошол күнү эч бир лидери жок эле, бийликке куралы жок каршы турдук. Мунун баарын ким кылды? Жаштар кылды. Ушул жаштар жалтанбай тикке качырып чыкты. Аскар Акаевге каршы да чыгып беришкен. Мына Курманбек Бакиевге каршы да чыгып, анын бийлигин кулатып беришти. Алар өз элинин, ата энесинин, байке, карындаштарынын келечеги үчүн өздөрүнүн жанын берди. Чыныгы эр жүрөктүктү жасашты. Окко учкан ар бир жердешибиз тарыхка жазылыш керек. Эгерде бийликтегилер элдин кызыкчылыгын көздөбөсө каныбызды да, жаныбызды да берсек да келечегибизди сактайбыз дегенди көрсөттүштү. Аларды унуттурбашыбыз керек. Биз аларды унутсак тарых бизди кечирбейт. Кыргызстандын келечегин коргош ар бирибиздин эң бийик милдетибиз.

7-апрелдеги ыңкылапта каза болгон Канат Бекбоевдин атасы Кубанычбек Бекбоев уулу менен бирге жүрүп, колунан жулдурганын айтып, эскерүүгө келген мурдакы бийликке кызмат кылгандарды уяткарды.

- Уулумду жанымда туруп, окко алдырдым. Арабызда 17-мартта өкмөт уюштурган курултайда Бакиевди аябай мактап, аны жактагандар да олтурат. Булар кайсы бети менен келип отурат? Мүмкүн 17-марттагы курултайда чындыкты бетке айтса, балким мындай окуя болбойт беле.

Журналист Турат Акимов жаштарга үлгү боло албаган карыларды сынга алып, эгемендүү жаш өлкөнүн келечеги үчүн намыстуу болууга чакырды.

- Аксакалбыз дегендер мына бул жаштарга эч кандай үлгү боло алган жоксуңар. Эгемендүүлуктүн 18 жылы ичинде эч нерсе берген жоксуңар. Журт атасы аталган Турдакун Усубалиев да токсонго чыгып, тоюн берсе да Курманбек Бакиевди кой деп айталган эмес. Советтер союзу деген мамлекетти да жеп кеткенсиңер. Биз коркобуз, "мына, бул кенедей 18 жаштагы жаш өспүрүм мамлекетибиз жоголуп, жоюлуп кетеби” деп чочуйбуз. Ошондуктан жаштарга жол көрсөтүүгө жарап, ниетиңерди түзөп, уулдарыңарды намыстуу кылып тарбиялагыла. Адамзаттын тарыхында болуп өткөн бардык ушундай окуялардын кыймылдаткыч күчү жаштар болгон. Анткени дайыма жаштар жана карылар пикир келишпеген кагылышы бар. Эми көчөгө чыккан жаштар жакшы жашоо, жаркын келечеги үчүн чыгып, окко учту.

Ал эми коомдук-экологиялык «Мөңгү» фондунун президенти Үрүстөм Кабылбековдун айтымында, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев сыяктуу кыргыз эл баатырлары баатырлыкты жаштарга өткөрүп бергендей болду.