7-апрелдеги кандуу кагылышта ок тийип курман болгон 26 жигиттин сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлду. Ыңкылапта каза болгондордун үй-бүлө, ата-энелерине жана жакындарына убактылуу өкмөт жардам көрсөтүүдө. Буга байланыштуу Курман болгондорду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
- "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине 7-апрелде курман болгондордун канчасы коюлду?
Каныбек Иманалиев: Тилекке каршы, каза тапкандардын саны 86 болду. №4 Бишкек травматология жана ортопедия ооруканада дагы бир жигитибиз кайтыш болуп калды. Дагы бирөөсүнүн аты-жөнү такталбай жаткан, ал аксылык жигит Маралбек Касымбеков болуп чыкты. Экөөнүн сөөгүн “Ата-Бейитке” 20-апрелде койдук. Ушуну менен токтосо экен деп, Кудайдан тилеп атабыз.
- Ыңкылапта каза болгондордун үй-бүлөсүнө, ата-энесине, жакындарына убактылуу өкмөт, жеке ишкерлер кандай жардамдарды көрсөтүп жатышат?
Каныбек Иманалиев: Бардыгынын үй-бүлөсүнө даректүү жардамдар берилүүдө. Беш-алтысынын гана дайындарын таппай атабыз. Ар бир курман болгондордун үй-бүлөсүнө ишкерлер 20 миң сомдон жардам берип жатат, буга атайын фонд түзүлгөн.
Экинчиси, мамлекет тарабынан 1 млн. сомдон бөлүнүп жатат. Курман болгондордун алтымышка жакынынын үй-бүлөсү мындай өкмөттүк жардамды алды, калгандары документтерин тактап жатышат. Үчүнчүдөн, ата-энелери менен жолуктук, үй куруу боюнча атайын фонд түзүлүп, бул боюнча атайын Буйрук даярдалып жатат. Бир жылдын ичинде баарына бир жерден үй салып берүү тууралуу маселе чечилүүдө.
Жумабек Токтогазиев деген кыргыздын патриот жигити “Жал” кичи аймагынан 16 сотик жерди бөлүп берди, өзү бул долбоордун жетекчиси болуп, өзү көзөмөлдөйт. Экинчиден, маркумдардын атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия иштеп жатат. Кыркына чейин өзүнүн сунуштарын даярдайт. Үчүнчүдөн, булардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү боюнча дагы бир комиссиянын өзүнчө багыты бар. Балдарын жогорку окуу жайларга окутуу үчүн бюджетке өткөрүү жана башка жөлөк пул берүү боюнча маселелер менен алектенүүдө.
Төрчүнчүдөн, булардын кандай акыбалда курман болгонун иликтеп, укуктарын коргоо боюнча “Мекен шейиттери” деген бейөкмөт уюму иштеп жатат. Жаңы өкмөт мүчөлөрү менен жолугууну каалашса, биз ошону иреттеп, кайсы маселе боюнча экенин иликтеп, ар ишемби күндөрү жолуктуруп турабыз.
-“Ата бейитке” канча маркумдардын сөөгү коюлду?
Каныбек Иманалиев: 25 болгон эле, ооруканада каза болгон дагы бирөөсүн алып келип койдук. 7-апрелде шейит болгон 86 жарандын жыйырма алтысы “Ата-Бейитке” коюлду. Ал эми алтымышын туугандары үйлөрүнө, кичи мекендерине алып кетишкен.
- Шейит кеткендерди эскерип, алардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу боюнча кандай иш-чаралар көрүлүүдө?
Каныбек Иманалиев: “Ата-Бейиттин” өзгөчө макамы жөнүндө мыйзам, декрет даярдап жатабыз. Жакында төрт маселе каралат: мындан кийин биздин жоокерлер ушул “Ата-Бейитке” келип ант берип туруу маселеси, экинчиден, чет өлкөдөн делегация келсе, ушул ыйык жерге келип, гүл коюп туруу үчүн. Үчүнчүдөн, ардак күзөт болот. Бул жерде Улуттук гвардиянын аскерлери бар экен, алар менен сүйлөшүп жатабыз, бул жер дайыма мамлекеттин камкордугунда болуш керек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өтүндүк, 600 миң сом керек экен, үч жуманын ичинде алар бул “Ата-Бейитти” курчап, мал тебелебеши үчүн, корукка алуу үчүн камкордук көрүлөт. Анан кыркына чейин бул жерге архитектуралык мемориалдык комплекс куруунун долбоору даярдалып жатат, ата-энелери менен макулдашып, алар макул болсо Эгемендүүлүк күнү, 31-августка чейин бүтүрүп алууга чамабыз жетет деп жатат. Андан башка Ала-Тоо аянтында монумент курулат. Ага өлкөнүн сүрөтчүлөр кошуунуна атайын сынак жарыяланды.