18-июнда мамлекет башчы Курманбек Бакиев шайлоочулар менен жолугушуу үчүн Таласка барган. Бирок милиция президенттин сөзүн угууну каалаган айрым карапайым адамдарды жолугушууга жолотпой, кайра кармап, кууп-айдап басмырлаган. Алардын көпчүлүгү Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү тартылган көйнөктөрдү кийип жүрүшкөн. БЭКтин Таластагы штаб жетекчиси Койсун Курманалиева Таласта болгон ушул көрүнүштөр элдин нааразылыгын туудуруп жатканын “Азаттыкка” билдирди.
- Кечээки окуя боюнча маалымат берип кетсеңиз, милиция кармаган адамдардын бардыгы сиздердин штабдын мүчөлөрү деген сөз айтылууда.
-Жок, бул андай эмес. БЭКтин мүчөлөрү биз бара жатканда эле биринчи төрт киши, айдоочубуз менен бешөө жолдо кире бириште эле кармалды. Биз шаардык милиция бөлүмүнө барып машиналардын техникалык кароодон өтүшүн текшерүү зарылдыгы жана башка шылтоолор менен ошол жерде кармалып турдук.
- Кармалган башка адамдардын сиздердин штабка тиешеси барбы?
- Президенттике талапкер, азыркы президентибиз Курманбек Салиевич менен жолугуп, анын программасын угабыз деген максат менен Алмаз Атамбаевди жактаган карапайым адамдар дагы барышкан. Бирок алардын баардыгын тосуп-торошуп, өткөрбөй коюшту. “Силердин чакырууңар барбы? Чакыруу жок адамдар бул жерге киргенге акысы жок” , - деген шылтоолор менен аларды сүрүп салышты. Ал эми катышуучулардын жарымдары эртерээк кирип кетишкен. Калгандарын атайын көзөмөлдөп туруп киргизбей коюшту да.
-Эми бийликтин, милициянын мындай аракеттери эмнеге алпарышы мүмкүн? Мындан тескерисинче бийлик элди өзүнө кайрап алышы ыктымал деген пикирлер бар.
- Сөзсүз. Анткени ошол кирбей калган адамдар менен биз дагы туруп турдук. Биздин штаттын кишилеринен да тышкары жөнөкөй адамдар, жаштар туруп турушту. Ошол жерде сүйлөшүп отурганда ар кандай сөздөр айтылды. Кыргыздын улуу сөздөрү бар эмеспи, “Амириң ит болсо, тытмалап мышык кылат” деген. Ошол жердеги күч органдарынын ар кимисинин тытмалашы, ары бери жулмалап, “сен эмне келдиң, сен чакырылбасаң” дегени, бизге ушундай мамиленин кереги барбы?
Бул элдин курчушуна кайрадан түрткү берди. Ал тургай ошол жерде турган жаштардан “эми мындан ары эмне кылабыз, балким тынч эле баш ийип отура бербейлиби” деген сөздөрдү сурасам, “жок” дешти.
“Эжеке сиз антип айтпаңыз, биз мурда дагы көзүбүз ачылбай жүргөн, бирок бүгүн өз көзүбүз менен көрүп, өзүбүздүн жон терибиз менен сезгенден кийин биз буга кайдыгер карабашыбыз керек. Өзгөчө биз мындайды билбей жүрүптүрбүз. Баягы “көзүң менен көрбөгөндөн кийин, кулагын менен уккан нерсе башка нерсе экен, ал эми көзүң менен көргөндөн кийин бир башка экен, кайратты, дем- күч берет экен деген” сөздөрдү айтышты.