Коомдук телеканал кыял бойдон калабы?

УТРКны коомдук телеканалга айлантууну талап кылган акция, 2006-жылдын 2-февралы.

УТРКны коомдук телеканалга айлантуу боюнча Убактылуу өкмөт декрети аткарылышы кечеңдеп жатканына тынчсызданган байкоочулар кеңешине мүчөлүккө талапкерлер маселени кароо атайылап кечеңдетилүүдө деген пикирде.
Коомдук телеканалдын байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер кечээ өкмөттүн жыйналышында байкоочу кеңешинин курамын тандоо жана бекитүү маселеси негизсиз шылтоолор менен артка жылдырылгандыгын айтып чыгышты. Жыйынга 47 талапкердин тизмеси сунушталып, бирок буга чейин алдын-ала ангемелешүү иш-чарасы болгон эмес деген негизде маселе каралбай калган. Демилгелүү топтун башчысы Эльвира Сариеванын айтымында, маселени кароого мындан ары да кворум чогулбай калышы мүмкүн.

Эльвира Сариева
-Биз бул тизмени буга чейин көргөн эмеспиз дегендери бул жөн эле шылтоо. Убакыт жок, бул суроону башка күнү карайбыз дешкенине көп киши нааразы болду да. Анткени деген тизме аларга үч жума мурун эле берилген болчу. Ошол үч жуманын ичинде булар талапкерликке көрсөтүлгөн адамдар жана алардын документтери менен кеңири таанышып чыкканга убактылары да, мүмкүнчүлүктөрү да бар эле. Ошентип кечээ күнү эле маселени чечишсе болмок. Мындан ары Убактылуу Өкмөттүн кворуму жок болсо, маселе каралбай артка жыла берип, коомдук телеберүүнү уюштуруу идеясы ишке ашпай калат.

Буга чейин Убактылуу өкмөттүн Улуттук Биринчи каналды коомдук телеберүүгө айлантуу боюнча декрети чыккан. Аны жүзөгө ашыруу боюнча атайын жобо, байкоочу кеңешти түзүүнүн эрежелери мурдатан эле иштелип чыккан.

Коомдук телеканалдын байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер бул жерде маселени кароонун кечеңдеши техникалык камсыздоонун жетишпестигинде эмес, кызыкдар тараптардын каалоосуна байланыштуу болуп жатат деп күмөн санашат. Алардын бири Сардарбек Багышбеков:

- Бул маселени карап, бекитүүгө Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн каршы чыккандыгынан ушинтип үзгүлтүкө учурап жатат деп эсептейбиз. Байкоочу кеңешке элүү тогуз адамдан суроо-талап түшкөн. Алардын кырк жетисинин документтери толугу менен чогултулуп, Убактылуу өкмөттүн кароосуна коюлган. Алардын ичинен отузу экиси тандоо этабына калышы керек эле. Отузунун арасынан үчүнчү тандоо этабынын негизинде он беш адам калышы керек. Мына ошол он беш адам коомдук телеканалдын байкоочулар кеңешинин толук курамын түзмөк.

Бирок маселени карабай туруп кызматтарынан чегинип кетишкен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн дарегине айтылган мындай дооматтарды алар негизсиз деп эсептешет. Анткени алардын айтымында, кызматтарын өткөрүп беришкени менен мыйзам чыгаруу ассамблеясынын алкагында буга чейинки декреттерди ишке ашыруу жагы каралышы мүмкүн. Бирок Өмүрбек Текебаев маселени кароого чогула албай жатышкандыгын моюнга алды:

- Байкоочулар кеңешине талапкерлерди жыйноо жана аларды Убактылуу өкмөткө сунуштоо пресс-борборго тапшырылган болчу. Алар өз мөөнөттүндө атайын эрежелердин негизинде бардыгын карап, териштирип бүтүрүшсө эле маселе каралат. Бул жерде эч кандай маселе жок. Бирок кворум бүгүн (14-июлда) дагы болгон жок. Ал эле маселе эмес, башка суроолор боюнча дагы кворум болгон жок. Андан башка да отуз-кырк маселе бар болчу.

Анткен менен коомдук телеканалдын байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер тез аранын ичинде маселени карап, бекитүүнүн зарылдыгына карабастан кечеңдетип жатышкандыгын саясий себептер менен байланыштырышат.

Эльвира Сариеванын айтымында, парламенттик шайлоого чейин коомдук телеканалдын болушун каалабаган саясий күчтөр маселени атайын маалкатып жатышы мүмкүн:

- Убактылуу өкмөт коомдук телерадио берүү боюнча декрет кабыл алганда, Кырыгзстанда коомдук телеканал болот, УТРКны реформа кылабыз деген ой болгон да. Анан деген азыр парламенттик шайлоонун алдында кайсы бир саясий партиялар Улуттук каналды өз кызыкчылыктарына карата аспап катары пайдаланышы мүмкүн. Ошондуктан шайлоо өнөктүгү башталганга чейин байкоочулар кеңешинин курамы бекитилип, коомдук телеканал иштей башташы керек болчу.

Улуттук телерадио берүү корпорациясын коомдук телеканалга айлантуу демилгеси 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин козголуп, ошондогу президент Курманбек Бакиев да аны колдоорун билдирген. Бирок көп өтпөй мамлекет башчысы берген убадасынан баш тартып, демилге ишке ашпай калган.