А. Мамбеталиев: АКШ базасын калтыруунун оң жагы, да терс жагы да бар

АКШ менен Кыргызстандын коопсуздук жаатындагы кызматташтыгынын маселелери боюнча “Азаттыкта” саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиев ой-пикир бөлүштү. Анын баам-байкоолоруна караганда, Кыргызстан үчүн аталган аскер базасын калтыруу туура чечим болот, анткени АКШ дүйнөдөгү биринчи чоң күч болуп турат, аны менен эсептешпей коюуга болбойт.
- Кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министри АКШнын аскер базасын чыгаруу чечиминен Кыргызстан кайтпайт деп билдирди. АКШнын аракеттери майнапсыз болуп калышы мүмкүнбү?

- Менин оюмча бул Обаманын өзүнүн кайрылып жатканы. Кээ бир саясатчылар айтып атышат, бул акыркы жолку сураныч болушу мүмкүн деп. Ак үйдүн Орусия боюнча адиси дагы бир башка киши менен Кыргызстанга келет деп атат, ошондой эле Москвага дагы жиберип атат. Ал түшүнүп атат бул маселенин чечилиши Кыргызстандан гана эмес, Москвадан дагы көз каранды.

Менин оюмча биздин президент Курманбек Бакиевден гана көз каранды эмес. Ошондой эле Орусиядан эле эмес, анын айланасындагылардан да көз каранды болушу мүмкүн. Андыктан эгерде Курманбек Салиевич жакшылап ойлонуп, ал киши соодалашканды башынан өткөрүп калды, чечсе, туура чечет деп ойлойм.

Анткени базанын калышы эгерде америкалыктар дагы кичине акча төлөсө, бул жагын К.Бакиев жакшы түшүнүп атат, Карзайдын суранычын дагы эсине алса, анан ушундай чоң деңгээлде Кыргызстанды сыйлап, “Манасты” калтыр деген суранычтарды эске алып чечсе, менимче базанын калышы биз үчүн пайдалуу болот деген чечим чыгарат деп ойлойм.

Себеби азыр дүйнөдө эки эле чоң күч бар, биринчиси - АКШ, экинчиси - Кытай. Орусиянын АКШнын күчтөрүнө жетишине али көп бар. Анткени мен авиацияда кызмат кылгам, мен билем Американын F-22 деген учагы Орусиянын ар бир учагын жерге атып түшүргөнгө күчү жетет. Эгер согуш чыгып кетсе, албетте, АКШ Орусияны талкалап салат.

Буга бир гана күч Кытай гана туруштук бере алат. Бирок Кытай дагы Кыргызстандын АКШга көз каранды болушун каалабайт, ал Орусия менен болушун каалайт.Ошондуктан келечекте Кытай менен АКШнын тирешүүсү болушу мүмкүн. Ага каршы тең салмактуулукту сакташ үчүн Кыргызстан үчүнчү күчтү - АКШны дагы кармап турса гана, эл аралык адамдар бизге кайрылып, өтүнө берет келечекте.

- Эгер база кала турган болсо, көпчүлүк пикир ушундай болуп атат, анын формасы, мазмуну кандай болушу мүмкүн? Мисалы кээ бирөөлөр айтып атат, гуманитардык жүктөрдү ташуучу базага айланышы мүмкүн деп. Мунун кандай өңүттөрү бар, саясий жагы кандай?

- Алар согуштук базага муктаж болуп атат. Кыргызстандагы “Манаска” алар көнүп калышты. Колумбияда болгон кезигишүүгө, ошондой эле Вашингтондогу кезигишүүгө мен катыштым. Быйыл ал жерде сөз болду, эгерде Ооганстанда кандайдыр бир гуманитардык алаамат болуп кетсе, анда ошол жердеги аскерлердин кача турган коопсуз жагы Кыргызстан гана болуп жатат. Андыктан базаны орду чоң. Андыктан Америкага жөн эле согуштук эмес базанын кереги жок, согуштук база керек болуп жатат.

- Демек ошондой максат менен аракет кылып, ошого жеткенге күч жумшайт турбайбы анда Америка тарап?

- Алар абдан чоң күч жумшабашы мүмкүн, бир аз базанын ижара акысын көтөрүшү мүмкүн. Петроиос деген Американын генералы айтпадыбы, соода болушу мүмкүн, бирок логиканын чегинде, ашык эмес деп.

- АКШ базасынын Кыргызстанда калышы, маселен, же кайра макулдашып түзүлүп калышы Борбор Азиядагы адам укуктарына кандай таасир этиши мүмкүн деп ойлойсуз?

- Кандай болсо дагы ушул база Кыргызстандагы адам укуктарынын басмырланган фактыларына көз жумуп коюуга себеп болбошу керек. Кыргыз эли үчүн тең салмактуулук болуп турушу көз карандысыздыгыбызды камсыз кылганы болуп атат. Экинчиден, ошондой фактылар да болуп кетип атат, базабыз ушул жерде ошондуктан адам укуктарына да көз жумуп коелу деген фактылар болуп, көп учурда унчукпай коюп жатышат. Бул жагынан базанын терс жагы да бар.

- Маегиңизге чоң рахмат.