Аскада калган аңчынын ыйы менен арманы

Чыңгыз Айтматов менен Муктар Шахановдун «Аскада калган аңчынын ыйы. Кылым кыйырындагы сыр ачуусу» улуу сүрөткердин пенделик турум-турпаты, аны толгонткон ой дүйнөсүнөн кабар берген көркөм-философиялык чыгарма.
«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу эгиз элдин эки сүрөткеринин дилмаегине арналат.

Талкууга катышкандар:


Эсентур
Кылычев,

адабиятчы






Абибилла
Пазылов,

адабиятчы





Кушубак
Өмүралиев,

адабиятчы





- Ч.Айтматов менен М.Шахановдун «Аскада калган аңчынын ыйы» философиялык эссеси, чыгармасы кыргызча мыкты таржымаланып окурмандардын кызыгуусун арттырууда. Эсентур мырза, “Аскада калган аңчынын ыйы” китебинин сизге өзгөчө таасир калтырган өзгөчөлүгү эмнеде болду?

Эсентур Кылычев: - Китеп биртоп жыл мурда эле чыккан. М.Шаханов менен Ч.Айтматовдун маегинин бир бөлүгүн а кезде мен иштеп жүргөн “Ала-Тоо” журналына жарыялаганбыз. А кезде мындай маек китептер сейрек болчу. Эки сүрөткердин биринин оюн экинчиси улап, кызыктуу маек курушу, тарыхый, социалдык-философиялык суроолордун тегерегинде ой калчашы эч кимди кайдыгер калтырбайт. Андан да Ч.Айтматовдун жапан ойчулу Д.Икэда менен маеги да кызыктуу эмгектерден. Бул китептерде Ч.Айтматов өз чыгармачылыгын башкача бир өңүттөн көрсөтө алган. Чыгармаларда айтылбай калгандарды ушул китептерде айтты окшойт.

- Абибилла мырза, Ч.Айтматовдун дил маектерин окуп, анан да улуу жазуучунун чыгармаларын кыргызча таржымалоого да катышып келатасыз. Ч.Айтматовдун бул китеби буга чейинки публицистикаларынан эмнеси менен айырмаланат?

Абибилла Пазылов: - Ч.Айтматовдун М.Шаханов, Д.Икэда менен дилмаектери мазмуну жагынан чоң чыгармалар. Бу дилмаектер биралдын акындардын айтыштарын эске салат. Биринин оюн экинчиси улаган бул чыгармалар авторлорунун өздөрү жашаган коомдук-саясий, адабий маселелерди козгойт. Буга чейин биздин адабиятта боло элек жанрдагы жаңы китеп жазышкан. Кыргыз-казак, жапан адабиятындагы жакшы чыгарма ошентип жаралган.

- Мына ушул кыйла эле татаал философиялык эмгекти кыргызча таржымалоонун кыйынчылыгын Кушубак Өмүралиев башынан кечирди. Анда кепти Кушубак мырза, сиз улантсаңыз. Ушуга улай дагы бир суроо, бул иш дагы улантылабы?

Кушубак Өмүралиев: - Бул албетте, кыргыз адабиятындагы биринчи китеп. Мурда биз Д.Икэда менен Ч.Айтматовдун маегинен турган китепти окуганбыз. Ал кыргызча которула элек. Мен Мырзаян Төлөмүшевге которбойсузбу, деп айтып келатам. Котормого келсек, мен башта эле казак адабиятын окуп, которуп да жүргөмүн. Китептин кыргызча чыгышына аяккы сөздү Абдыганы Эркебаев жазып, ал китеп көркөм чыгармадай окуларын атайын белгиледи. Которгондо көп нерселер такталды. Алгач ал орусча чыгып кеткен экен. Мен баарын салыштырып отурдум. Казакча, орусчасы, өзбекчеси да чыгып кеткен. Түркияда которулуп басылган. Англисче да чыкты. Ошо салыштырганда биртоп такталчу нерселер чыкты. М.Шаханов бул жерде элчи болуп иштеп жүрдү. Китепти которуп жатып казактар түшүндүрмө сөздүктөрдү көп чыгарып, тилин кыйла байытып алышканын көрдүм. Бизде түшүндүрмө сөздүк 1972-жылы чыгып, ошо боюнча токтолуп калыптыр. Казактар 4 томдукту чыгарып салышыптыр. Канча кандидаттар, илим докторлору болгону менен бизде мунун үстүндө иштегендер жок экен.

- Бул китепте мага абыдан таасир кылган эки эпизод болду. Биринчиси Ч.Айтматов каргадай бала кезинде үйүндөгү жалгыз уюн урдап кеткен кесепти атып салгысы келип из кууп бараткан жеринен кызырдай болгон карыянын жолугуп, ниетинен кайтарганы, экинчиси кыргыз маданиятынын чолпон жылдызы Б.Бейшеналиева менен болгон тунук махабаты, ак сүйүүсү, айыкпас дарттан айрылып калган арзуунун кайгысы болду. Эсентур мырза, Ч.Айтматовдун пенделик турмушунда өзгөчө орунга ээ дагы кандай жагдайларын айта аласыз?

Эсентур Кылычев: - Улуу адамдын өмүрү улам убакыт өткөн сайын эстелип, жаңылыгы ачыла берчү нерсе. Эскерүүлөр көп эле чыгып жатат. Бирок азыр бираз токтоп, артка кылчайып, ой токтотушубуз керек. Анан жаза тургандар азырынча жазыша элек. Изилдөө, эскерүүлөр азырынча алдыда, мен аны келечектин иши деп ойлойм. Бир ирет азыркы кино үйүнө барып калсам Ч.Айтматов кыш күнүндө терезелерин ачып коюп, суук кабинетте отурган экен. Ошонун алдында түш көргөм. Ч.Айтматов сакалын өстүрүп, жылуу свитер кийип Эрнест Хемингуэй экөө сүйлөшүп жүрүшүптүр. Ошону айтсам Чыңгыз Төрөкулович: “Жакшы киши менен көрүп атыпсың, жакшы түш экен”, деди. Ушундай айкөл киши болчу. Бирок а киши ушу мемуардык адабиятка да кайрылып, 20-кылымдагы улуу инсандар, эки системанын каршылашуусун, ошол кезде жашаган турмушун жазып кетсе жакшы эле болмок. Ушуларды жазып кетсе сонун мемуар калтырат беле деп ойлойм.

- Абибилла мырза, Ч.Айтматовду таржымалоо кыргыз тилинин туюнтуу мүмкүнчүлүгү кандайлыгын, анын канчалык деңгээлде өскөндүгүн көрсөтчү белгиге айланууда. Улуу сүрөткердин чыгармалары өз деңгээлинде жаңырып турушу үчүн кандай иштер жасалышы керек?

Абибилла Пазылов: - Кушубакка ырахмат! Чоң аракет менен кыргызча, орусча, казакчасын салыштырып отуруп бизге жеткирди. Мен билгенден Кушубак Ч.Айтматовдун чөйрөсүндө, анын чыгармаларынын агымында жүрдү. Ч.Айтматовдун чыгармаларын өзүнүн деңгээлинде кыргызчага жеткирүү абдан татаал иш. Бул жерде тилдердин ички мүмкүнчүлүгү деген бар. Аны орточо адабий тил деңгээлинде которуп салыш жарабайт. Ч.Айтматовдун романын которгондо кээде жаңы сөз жасоого да туура келет. Диалект, говорлорду колдоносуң. Котормо менен кыргыз тилин дагы байытабыз, алдыга сүрөйбүз. Ч.Айтматовдун чыгармалары кыргыз тилин байытып жатат. Адабий тил сенейип катып калган нерсе эмес, ал улам байып турган кыймылдагы нерсе.

- Кушубак мырза, китеп которулду, чыкты. Эми алдыда кандай иштер турат? Анан дагы бир суроо. Кыргыз тилинин туюнтуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесине кандай карайсыз?

Кушубак Өмүралиев: - Жакшы карайм. Ч.Айтматовго бул болбойт, деп карап туруп алуу болбойт. Бул китеп дагы толукталып чыкмакчы. Ч.Айтматов менен М.Шахановдун Чыңгызкан тууралу айткандары, экөөнүн биргелешип жазган драмасы бар. Ушуга байланыштуу Казакстанда чоң талкуу болуп, абдан сындашыптыр. Ага Ч.Айтматовдун пикири бар экен. Бул китеп толукталып кайра басылып чыкты. Ошолорду мен которуп койгом. Алар да өзүнчө китеп болуп чыгат. Эгер М.Шаханов Ч.Айтматов менен маек курбаса канча нерсе өзү менен кетип калмак экен. Биз билбей эле калмакпыз. Маселен, Ч.Айтматовдун Б.Бейшеналиева экөөнүн сүйүүсү ушак катары эле калып калмак.

- Анда кебибизди жыйынтыктасак. Мырзалар, студияга келип маек куруп бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!