Кыргызстан залкар уулун эскерип жатат

Кыргыз Kино үйүндө Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган кинотасмалардын жумалыгы өтүп жатат. "Манас" университетинде Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий жыйындар жыйынтыкталат.
Бишкектеги Кино үйүндө Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналып өтүп жаткан кино жумалык Болот Шамшиевдин “Ак кеме” жана “Мосфильм” киностудиясында тартылган “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” кинофильмдери менен башталды. Кыргызмамкиноконцерндин жетекчиси Абибилла Пазылов Айтматов жумалыгында алдыда көрсөтүлө турган кинотасмаларды атады:

- Аталган жумалык ичинде алдыда кыргыз-немец-француз кинорежиссерлору биргелешип тарткан “Теңири” фильмин, 12-декабрь Айтматовдун туулган күнүндө Вилинский менен Константин Орозалиев тарткан “Айлампа” даректүү кинотасмасын көрсөтөбүз. Анткени бул фильмге Айтматов өзү катышкан. Өзү текстин окуган өзүнүн үнү бар. Ошо туулган күнүндө Айтматовдун өзүнүн үнү угулуп турсун деп атайы ушул тасманы коюп жатабыз. Жумалык “Маңкурт” фильмин көрсөтүү менен бүтөт. Жумалыктын бир өзгөчөлүгү – кинотасма коюлардын астында ошол фильмге тиешеси бар адамдар көрөрмандардын суроолоруна жооп беришип, Айтматовду эскерип сүйлөшөт.

Кыргыз кино жетекчилигинин буйругу менен Айтматовдун чыгармалары боюнча тасмаланган фильмдер мектептерде, окуу жайларда, аймактардын борборлорунан тарта айыл клубдарында жүрмөкчү. Абибилла Пазыловдун пикиринде Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер жаңы техникалык үлгүлөргө көчүрүлүп, элге таркалышы керек:

- Айтматовдун фильмдерин мурдагы техникалык каражаттар эскиргенине байланыштуу, DVD ге, дагы башка техникалык каражаттарга көчүрүү зарыл. Айтматовдун кинотасмаларынын альбомун чыгаруу керек.

Кыргыз-түрк Манас университетинде 16-декабрда эртемененки саат 10 до Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине жана улуу жазуучуну эскерүүгө арналган илимий жыйын болмокчу. Белгилүү адабиятчы Лайли Үкүбаеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, аталган жыйынга Кыргызстандын жана Түркиянын белгилүү адабиятчы-окумуштуулары, коомдук ишмерлери катышат:

- Жыйында Абдыганы Эркебаев “Айтматов жана түрк дүйнөсү” деген темада, Осмонакун Ибраимов “Чыңгыз Айтматовдун руханий мурасы”, Абдыкадыр Садыков “Кыргыздын улуу уулу”, Абдыкерим Муратов “Ата тарбиясы жана Айтматов” жана Түркиядан келген бир окумуштуубуз Мухитдин Күмүш деген окумуштуубуз “Айтматовдун түрк дүйнөсүндө кабылданышы” деген темаларда докладдарды окушат.

Ошондой эле Кыргыз-Түрк Манас университетинде Айтматовдун туулган күнүн утурлап Айтматовдун коомчулук менен болгон сүрөт-көз ирмемдеринин жана китептеринин көргөзмөсү уюштурулат.