Кочкордогу элдик көтөрүлүш кандайча болгон?

2005-жылы 17-мартта шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көтөрүлүп, райондук акимчиликти басып алышкан. Бул окуяны ага түздөн түз күбө болгон «Эр айдоочу» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Качкын Булатов эскерет.
- Качкын мырза, эми төрт жыл мурдагы 2005-жылдын 17-мартында ушул күнү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл Кочкор райондук администрациясын басып алышты эле. Ошондо эл чынында эле бийликке нааразы болушту беле, же аларга акча таратылды беле? Сиз ошол окуянын чордонунда жүргөн адам катары көргөн, билгендериңизди айта кетсеңиз?

- Акаевдин бийлигинде дагы авторитаризм орун алып, шайлоону өз билемдикке айлантканда, үй-бүлөлүк коррупция болгону элге ачыктан ачык билинип, эл нааразы болуп аткан. Шайлоо таза өтөөрүнө ишенбей, ал убакта Кочкорго Усубалиевди Акаев жиберип, ошол киши шайланат деп облустук администрация бүт бардыгы келип иштешкен.

Ошого эл нааразы болуп, адамдын каалоосу менен шайлоо болгондон кийин, соттун калыстыгы болбогондуктан эл көтөрүлүп чыккан. Бул эмне деген жашоо, биз өз эркибизден, эркин шайлоо укугубуздан ажыраган турбайбызбы деп ошондо эң биринчилерден болуп жол тосулуп, андан кийин акимиатты басып алышкан.

- Ошол мезгил менен азыркы кырдаал окшошуп келатат деген пикирлерге кандай карайсыз?

- Ошол тарых так эле өзүнүн жолун кайталап келатат. Ошол убакта дагы адамдар куугунтукка алынып, атылып, журналисттерди, укук коргоочуларды, саясий лидерлерди камашкан. Андан бери эч бир өзгөрүү болбой эле келатат.

- Ошондо Кочкор районунун акими кылып Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Качыке Бейшекеев дегенди дайындашты эле. Ал азыр кайда. Ал эми азыркы аким ошол учурда кандай ролду аткарды эле?


- Ошол учурда элдик аким деп Бейшекеев Качыке шайлангандан кийин, өзү, силер кол коймок белеңер, силердин шайлаганыңардын кереги жок, мени бийлик шайлабагандан кийин мен иштей албайм деп өзү кетип калган.

Ал эми Байтереков Курманбектин ролу боюнча, бул жерде Таштемир Айтбаевдин тапшырмалары көп аткарылган. Айтбаевди Танаев жиберген экен эмне болсо дагы Усубалиевди өткөр деп. Булар Усубалиев тарапка иштеп беришкен.

- Генерал Исмаил Искаовго байланыштуу ишти Исаков бул саясий куугунтук катары баалап атат. Ал эми кечээ күнү ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен Башкы прокуратураны тергөө башкармалыгынын жетекчиси Учкун Каримов оппозициячыл саясатчыларга карата козголгон кылмыш иштерде саясат жок экендигин билдирбедиби, анан БЭК эмне эле саясий куугунтук деп жатат?

- Бул саясий куугунтук экени көз көрүнө көрүнүп атпайбы. Оппозициянын лидерлерине Бакиевдин бийлиги куугунтукту алып келип атат, “Матрешка” деп уюштурганын билесиңер, Польшанын Варшавасынан Текебаевди кармап, героин салганды.

Эдил Байсаловду билесиңер, азыр качып жүрөт, “Де факто” гезитинин лидери Чолпон Орозобекова качып жүрөт, Равшан Жээнбеков чет өлкөдө жүрөт. Бул жакта жүргөндөр кетип калбаса камап атпайбы. Мына Аликбек Жекшенкуловду, Исмаил Исаковду болбогон жерден эле кылмыш иши бар деп оппозициянын лидерлерин куугунтукка алганы көз көрүнө көрүнүп атпайбы.

- Маегиңизге рахмат.