К.Ташиев Максим Бакиевди аферист деп тилдеди

Салык кызматынын мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” маек курушуп, интернетте тараган тасмада мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин алар тууралуу айткан сөздөрүн жалганга чыгарышып, аны аферист адам деп айыпташты.
- Youtube интернет баракчасындагы телефондук сүйлөшүүлөрдү Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевдики экендигине силер ишенесиздерби?

Акмат Келдибеков: Үндөр окшош, эксперттер айтыш керек. Бирок канчалык сөз болгонго жараша, биз ойлойбуз, ар бир саясатта ушундай. Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрүнүн сүлөшкөнү да чыкпадыбы, ушундай саясат курч болуп турган учурда ушуга окшогон жаздырмайлар, үн чыгармай көбөйөт. 2005-жылы да бул нерседен өткөнбүз.

Бирок ошондой болгонго жараша биздин атыбыз кээ бир жерде айтылып кеткенине байланыштуу, биз тактоо иретинде айтып коелу деп атабыз: ал жерде эки адам сүйлөшүп, башкаларды талкууласа – ал өздөрүнүн проблемасы. Бирок чындык үчүн тактап коюш керек, Интерпол издеп таппай атат деп, миллиондогон долларды убада кылып, таппай атышат дейт. Анан ушулар мага сүйлөшөм деп чыгып атыптыр дегени бул жалган.

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров ж.б. биздин партиянын мүчөлөрү, дагы бир жолу кайталап коюшум керек, бирөөнү жамандап, бирөөнү жакшылап, же бирөөгө жагынып, бирөөнүн кызматын кылып шайлоого барайын деген оюбуз жок. Биз элдин алдына келечекте кыла турган кызматыбыз менен, бирөөнү жамандабай, тиги ак, бул көк дебей шайлоого барып сыноого түшөлү деген оюбуз бар.

- Азыр сөздү Камчыбек мырзага берсек, Youtube интернет баракчасында сүйлөп аткан адамдын оюндагысын сиз түшүнүп атасызбы? Бул эмне максатты көздөп ушундай иштерди жасап атат деп ойлойсуз?

Камчыбек Ташиев:
Эгерде интернеттеги сөздөр, ал жерде айтылган ыплас, туура эмес сөздөр чын болсо, мен айтаар элем: бул - аферист Максим Бакиевдин жасаганы. Себеби ал жерде биздин атыбыздан ар түрдүү сөздөрдү айтып, биз алардан жардам күтүп, же жардам издеп, же кандайдыр бир финансы издеп атат деген сөздү чыгарганы, мен Алла талаанын алдында айтып коеюн, муну бир гана аферист адам айта алат. Себеби андай нерсе бизде болгон эмес, андай нерсени биз көздөбөйбүз да. Бул эң башкысы.

Ушуларды угуп отуруп мен чындап капа болдум. Мен алардын кыргыз элине жакшылык жасабашына, алардын кыргыз эли чындап туура кууганына дагы бир жолу ынанып отурам. Ошондуктан булар интернетке жазабы, же башка жакка жазабы, эгерде алардын колунан келсе бизге окшоп элдин арасында жүрсүн, эгерде алардын кылмышы жок болсо, жүзү, колу таза болсо элге келип эл менен сүйлөшүшү керек. Ошондуктан мен аларды өтө терс кабыл алдым деп айтсам болот.