Адегенде токтоло турган жагдай, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Мураталы-ажы Жумановдун өлүмү туурасында жалган маалыматтарды таратып барып, кайра оңолушту. Ал узакка созулган оорудан өз ажалы менен эле каза тапканын Бишкектеги онкология институтунун башкы деректири Накен Касиев да бышыктады:
- Мураталы-ажы мурдараак Кардиология институтунда дарыланган экен. Биз текшерип көрсөк эле ашказандан баягы жаман оору чыгып калды. Анан мен Москвага жибердим шыпаа табылып калабы деп. Михаил Давыдов деген чоң профессор кеч болуп калгандыгын айтып, химиялык дарыланууну сунуштаган экен. Бизде бир айдай дарыланды. Натыйжа болбогондо үй-бүлөсү үйүнө чыгарып кеткен. Кечээ барсам акыбалы начарлап, эс-акылынан танып аткан экен. Таңкы саат 5.00.тен кийин каза болуптур.
Кыргызстандын муфтийлик кызматында эң узак – сегиз жылдай иштеген Мураталы-ажы Жуманов чырмалышкан рухий, диний, ынтымакчылык байланыштардын ээси болчу дейт мусулман дин ишмери Рахматулла Эгембердиев. Анын айтуусунда, ал Кыргызстандын мусулмандарынын атынан 2006-жылы Москва шаарында, 2009-жылы Астана шаарында өткөн өтө бийик деңгээлдеги эл аралык саммиттерге катышкан. Евро-Азия деңгээлиндеги жыйындын башкаруу кеңешине мүчө болгон. Ажылык иштерди жолго коюуда, ажылыкты атка минерлер эмес, дин адамдары уюштуруусуна жетишүүдө, Бишкекте борбордук мечитти курдура баштоодо Мураталы-ажынын эмгеги зор.
Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов үзөңгүлөшү Мураталы-ажы Жумановдун казасын жалпы кыргызга, жалпы Кыргызстан мусулмандарына кайрат айтаар окуя катары санайт. Ал чыныгы мусулман жетекчиси катары айрыкча Кыргызстан жаштарын буза турган адеп-ахлаксыз китептерди чыгаруучуларга каршы тургандыгын, даабатчыларды токтотуу сунушу өкмөт тараптан айтылганда алар менен да күрөшө алгандыгын баса белгиледи.
Мураталы-ажы Жуманов Акаев доорунда дагы, Бакиев доорунда дагы муфтийлик кызматты аркалады. Быйыл 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин кайра муфтийлик кызматын улантууга өзүнүн ыйманы жол бербеди окшойт, ден-соолугун шылтоолоп муфтийлик милдетти башкага өткөрүп берди. Бирок 21-апрелге караган түнү аны белгисиз бирөөлөр күчтөп-алып кетип кайра табылган. Ошондо ал биринчи болуп “Азаттык” үналгысында маек курган.
Мураталы-ажы Жумановду жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдиламит Матисаков мындайча эскерди:
- Мураталы-ажы чындыгында калктын кашына жаралган, элдин маңдайына бүткөн мусулман-жетекчи болчу. Чукугандай сөз тапкан чечен эле. Ар бир мусулмандын жүрөгүнө, жүлүнүнө жете турган насааттарды айтчу. А кишинин философиясы, ааламдык түшүнүктөрү өтө жогору эле. Өз көзүм менен көрдүм, айт намаздарында а кишинин колун кармоого миңдеген, он миңдеген мусулмандар куштар болчу. Касиеттүүлүгү тубаса пакизалыгынан келген! Кыргыз мусулмандарынын аталыгындай сезилчү!
Мураталы-ажы Жумановдун сөөгүн Бишкектен туулуп-өскөн айылына – Ноокат районундагы Ынтымак кыштагына алып кетишти. Жаназасы 8-июль күнү саат 10.00.до окулат.
7-июль күнү таңга маал Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы муфтийи, көрүнүктүү мусулман дин ишмери Мураталы-ажы Жуманов 37 жашында кайтыш болду. Мураталы-ажы Жумановдун дүйнө салышы Кыргызстан мусулмандар дүйнөсүндөгү оор жоготуу катары кабыл алынууда.