Аликбек Жекшенкулов акталабы?

Биринчи май райсоту 1-мартта мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун иши боюнча өкүм чыгарышы күтүлгөн. Бирок түрк ишкерин өлтүргөн деп айыпталгандардын биринин адвокаты келбей калып, сот 3-мартка жылды.
Аликбек Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова бардык тагылып жаткан айыптарды жокко чыгарып, А.Жекшенкуловду актоону соттон суранмакчы.

Мурдагы соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу экс-министрдин тапанчасы менен түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген айыптын негизи жок экенин, андыктан аны алып салуу керектигин айтып, Кытай грантын максатсыз пайдаланды деген экинчи айып боюнча А.Жекшенкуловду шарттуу төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Мурдагы тышкы иштер министри, оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов өзүнө койулуп жаткан эки айыптар негизсиз экенин билдирип келет:

- Кытай тарап эч кандай жооп берген жок, мөөнөт болсо аяктап келе жаткан. Ошондуктан биз ал эшиктерди алмаштырууга аргасыз болдук. Картон кагазынан, 4 мм. калыңдыкта жасалган эшиктер мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылган орган болгон Тышкы иштер министрлиги үчүн жарабайт эле. Бул министрликтин эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган. Ал эшиктер бүгүнкү күндө да министрликтин кампасында жатат.

Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова саясатчыга коюлган бардык айыптарды алып салууну соттон өтүнгөнү жатат. Анын айтымында, айыптар боюнча далилдер толук келтирилген эмес. Адвокат түрк ишкерин өлтүргөн чыныгы кылмышкер табылган да, изделген да жок деген пикирде.

- Бүгүн сот өз өкүмүн чыгармак. Мен да даярданып келдим эле. Тилекке каршы, сот жараяны жылдырылып калды. Мен Жекшенкуловго тагылган бардык айыптар боюнча аны актоону сурайм. Бирок соттун чечиминен эч нерсе күткөн жокмун. Кудайдын өкүмүнөн эч нерсе күтпөгөндөй, азыр соттун өкүмү да ошондой болуп калды.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Ажыбай Калмаматов оппозиция лидерлеринин бири А.Жекшенкуловго карата сот иштери боюнча эч нерсе айта албай тургандыгын, бул бир гана соттун укугу экенин билдирди.

- Ар бирибиз өзүбүз билген намазыбызды окуп, билген ишибизди кылышыбыз керек. Азыр сот туура эмес кылды же туура соттоду деп өкүм чыгара албайм. Бул соттун гана укугу.

Оппозициялык саясатчылар сотко келген жок. Бул тууралуу "Элдик кеңеш" кыймылынын төрагасы Мукар Чолпонбаев мындай дейт.

- Азыр биз барсак да, барбасак да бийлик эч нерсеге карабай өзү билгендей чечип калбадыбы. Ошондуктан эч ким барган жок.

А.Жекшенкулов министр кезинде Кытай грантын пайдаланууда кемчилик кетирген, сыйлыкка алган тапанчасы менен Таласта түрк ишкери атылып өлтүрүлгөн деп айыпталууда. Жекшенкулов муну жокко чыгарууда.