Кыргыз укук коргоочулары Ирандагы күч колдонууларды айыптады

Ишембиде укук коргоочу айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Ирандын Бишкектеги элчилигинин алдында нааразылык чарасын өткөрдү. Бирок бул иш-чара милициянын кийлигишүүсүнөн улам кыска гана убакытка созулду.
Ирандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип чыккан элге каршы бийликтин күч колдонушун айыптаган Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү элчилик имаратынын маңдайында “Дүйнөдөгү таза шайлоо үчүн”, “ Кимди шайлай турганын эл өзү чечет”, “Иран эли өз тандоосуна татыктуу” деген жазууларды кармап турушту.

“Психикалык саламаттык жана коом” деп аталган бейөкмөт уюмдун өкүлү Айгүл Кызалакова Иранда нааразылык билдирип чыккан элге каршы күч колдонулушун айыптап, кайсы жерде болбосун адам өз пикирин айтууга укуктуу экенин айтат:

- Иранда көпчүлүк эл шайлоонун жыйынтыгына каршы болуп атпайбы. Элдин каршы болгонго, өз пикирин айтканга албетте укугу бар. Бирок чыккан элди атып, камап атпайбы. Биз да ошого каршы болуп атабыз. Адам укуктары боюнча декларацияда да адам кай жерде болбосун өз укугун коргоого, өз пикирин айтууга укуктуу деп айтылат эмеспи.

Иран элине колдоо көрсөтүү максатында ушундай чакан акция уюштурулганын белгилеген “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Галина Давлетбаева болсо президенттик шайлоонун алдында турган Кыргызстанда да эгер шайлоо таза өтпөсө ошондой кырдаал болуп калышы мүмкүн деген ойдо:

- Иранда эгерде шайлоо таза, калыс өтсө эл минтип чыкпайт эле. Митингге чыккандарды болсо атып, камап атат. Мына бизде деле бир айдан кийин президенттик шайлоо өткөнү турат. Эгер бурмалоолор болсо мындай кырдаал балким бизде деле болуп калышы ыктымал... Биз эми Иран эли жалгыз эмес экенин, Кыргызстанда да колдоочулары бар экенин айтыш үчүн ушул чакан иш-чараны уюштурдук.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү элчиликтин маңдайында кагаздарын жайып, акцияны баштаар замат дароо милиция өкүлдөрү пайда болду. Өзүн элчиликти кайтарган милиция күзөтүнүн башчысы деп тааныштырган Арстанбек Тургунбаев чогулгандардын тарап кетүүсүн өтүндү.

Акциянын катышуучулары болсо элчиликтин бир кызматкерин чакырып коюсун, ага Иран бийликтерине жазылган кайрылууну беришээрин айтышты. Бирок милициянын полковниги Арстанбек Тургунбаев бүгүн иш күн болбогондуктан элчиликте эч ким жоктугун, кайрылууну өзү деле берип койорун айтып, чогулгандарды дагы бир жолу тарап кетүүгө чакырды.

Ошентип бул акция кыска гана убакытка созулуп, чогулгандар тарап кетишти.

Иранда 12-июнда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгында буга чейин өлкөнү жетектеп келген Махмуд Ахмадинежад добуштардын 62,6 пайызын алып, президенттик шайлоону жеңгени расмий жарыялаган. Мындай жыйынтыкка нааразы болгон он миңдеген адамдар добуштар бурмаланды, шайлоо адилет өткөн жок деген негизде нааразылык билдирип чыгышкан.

Өткөн ишемби күнү иран бийлиги аларга каршы күч колдонуп, натыйжада бир нече киши каза тапкан. Андан бери Иран бийлиги тарабынан жүздөгөн кишилер камакка алынды. Расмий булактарда акыркы эки жумада Иранда полиция менен болгон кагылышууларда 17 адам мерт болгону, тополоңдордон кийин камалгандардын саны 450 кишиге жеткени айтылат. Бирок башка булактарда камалгандардын саны минден ашканы, дайыны табылбай жаткандар да аз эместиги айтылууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Иран элчилигинин алдындагы пикет