Киммо Килюнен: Иликтөөнүн жыйынтыгы февралда белгилүү болот

Киммо Килюнен - Ош жана Жалал-Абадда июнда орун алган окуяларды иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын төрагасы, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү. 18-октябрь? 2010-жыл

Ош жана Жалал-Абадда июнда орун алган окуяларды иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын төрагасы, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Килюнен иликтөөнүн жыйынтыгы февраль айында чыгарын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
"Азаттык": Сиз Кыргызстандын түштүгүндө иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын ушул жылдын аягына чейин жарыялайбыз дедиңиз эле. Натыйжада иликтөөлөрдүн абалы кандай?

Киммо Килюнен: Ооба, биз ишибизди улантып жатабыз. Биздин иликтөөбүз кийинки жылдын январынын акырына чейин аякташы мүмкүн. Ал эми анын толук жыйынтыгы февралда белгилүү болуп калат. Себеби биз Ош жана Жалал-Абаддагы ишибизди октябрь айында баштаганбыз. Мындан улам жыйынтыгы кечигип калды. Негизи биз иликтөөнү август айында баштайбыз деп ойлогонбуз.

"Азаттык": Иликтөөлөрдүн болжолдуу жыйынтыктары боюнча Кыргызстандагы июнь окуяларынын эмне себептен чыкканын айта аласызбы?

Киммо Килюнен: Тилекке каршы мен азыр кандай жыйынтык болоорун айта албайм. Болгону окуянын себептери көп экендигин гана айта алам. Бул жерде бир гана себептин болушу мүмкүн эмес. Баарыбызга маалым. Бул окуяларда көп элементтер бар. Биз "окуялар кандай болгон? Эмне үчүн болду?" деген суроолордун айланасында иликтөө жүргүзүп жатабыз.

Бул окуянын ар кыл себептери бар. Алар саясий, маданий, анан дагы тарыхый себептер. Бул элементтердин көбү азыр деле бар. Мындан улам биздин жыйынтыктар, бул өңдүү окуяларды болтурбоо үчүн эмне кылуу керек деген багытта болот.

"Азаттык": Эл аралык комиссиянын алдында жасала элек дагы кайсы жумуштар калды? Дагы кандай иштер аткарылышы керек?

Киммо Килюнен:
Бизде негизги бир иш калды. Ал топтолгон маалыматтарды талдоо болуп саналат. Анткени биз көптөгөн маектерди уюштурдук. Ошондой эле жарандар жана расмий бийлик өкүлдөрү менен баарлаштык. Бизде бир катар аудио жана видео материалдар бар. Албетте булардын баарын талдап чыгуу керек.

"Азаттык": Ошондо мындан ары сиздер талдоо менен эле алек болосуздарбы?

Киммо Килюнен:
Биз маалыматтарды талдап чыгабыз. Мындан сырткары январь айында Ош жана Жалал-Абадда бир катар иликтөө иштерин жүргүзөбүз. Азырынча комиссиянын бардык мүчөлөрү ал жакта боло элек. Январда алардын баары Ош жана Жалал-Абадга барышат.

"Азаттык": Буга чейин сиз жетектеген комиссия Кыргызстандагы июнь окуяларын иликтөөчү Улуттук комиссия менен кызматташат деген маалыматтар болгон. Бул комиссия менен кандай багытта кызматташуулар жүргүзүлдү?

Киммо Килюнен:
Биз кызматташып турдук. Абдыганы Эркебаев баштаган өкүлдөр менен бир топ жолу жолугуштук. Өткөн дүйшөмбүдө да Кыргызстандагы биздин өкүлдөр Улуттук комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушту. Биз алар менен маалыматтарыбызды салыштырдык. Ушундай гана кызматташуу болду.

"Азаттык": Мына сиздер октябрь айынан бери иликтөө жүргүзүп келе жатасыздар. Иликтөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук келтиргендер болдубу? Кандай кыйынчылыктар болду?

Киммо Килюнен:
Эң негизги кыйынчылык бизде көп материал болгонунда. Кызык, бирок көп маалымат топтолду. Коомчулук тарабынан эч кандай тоскоолдук, кыйынчылык болгон жок. Ошондой бийлик өкүлдөрү деле жардам беришти. Жарандар жана расмий өкүлдөр менен баарлашууда эч кандай маселе чыккан жок.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн рахмат.