Динара Ошуракунова: Жарандык коом Ордо Кеңешке ишеним көргөзбөйт

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыктагы” маегинде Президент уюштуруп жаткан Ордо Кеңешке жарандык коом ишеним көргөзбөйт деп билдирди.
-Президент Курманбек Бакиев коомчулуктун өкүлдөрү кирген коомдук палата түзүү тууралуу жардыгын чыгарган эле, ага көпчүлүк укук коргоочулар жана жарандык коомдун өкүлдөрү каршы болуп жатасыздар. Ага эмне себеп?

- Бул Коомдук палатаны түзүүнүн эч кандай кажети жок деп ойлойбуз. Анткени, бул жерде президенттин өкүлү кечээ күнү коомдук палатаны жарандык коом менен байланышканга түзөбүз деп айтты. Биз айтып атабыз, Коомдук палатаны түзгөнгө зарылчылык деле жок, анткени жарандык коом дайыма бийликке кайрылууларды жасап жүрөт. Биз дайыма көмөктөшкөнгө даярбыз. Бирок бийлик 3 жылдан бери бизге өзү бир жолу басып келип, көмөктөшөбүз, чогуу иштешебиз деген жок. Менин көзүм жетпейт Коомдук палата бир маселе чечерине.

- Мурдагы президент Аскар Акаев да ушундай уюмдарды көп түзүп, саясатын коомчулук колдоп жатат деп көшөгө менен жаап жүргүзүүгө аракет кылчу эле. Бирок аны жалпы эл колдогон эмес. Азыркы бийлик дагы ушундай кадамга барып жаткандыгына караганда, мунун бир илимий жактан негизделген саясий технологдор аныктаган негиздери барбы деген ой кетет. Сиз мындай ойго кошула аласызбы?

- Биз кечээ күнү СДПКнын фракциясы менен жолугушууга барганбыз. Ал жерге президенттин өкүлү келип, биздин суроолорубузга жооп берди. Биз ал адамга бир нече суроолорду бердик: Коомдук палата кандай проблеманы чечалат, кандай функцияларды аткарат, эмне маселелерди чечет, ким коомдук палатаны түзөт деген.

Көрсө Президенттин, Өкмөттүн аппаратынан уюштуруу комитети түзүлүптүр, ага жети адам кирет экен. Аны биздин мамлекеттик катчы башкарат экен. Алар азыр тандоо кылып башташыптыр. Эмне үчүн уюштуруу комитетине коомдук уюмдардын лидерлери кирген жок, эмне үчүн биз менен талкуулабай өзүлөрү эле тандап атат деген сурообузга жооп бералган жок.

Кандай функцияларды аткарат десек, экспертиза өткөрөт дейт. Биз айтып атабыз, бизде Жогорку Кеңеш бар, биздин жарандык коомдун мүчөлөрү ошол жакта отурат. Анда Жогорку Кеңешти таратыш керекпи, эмне үчүн кайталоо болот десек, ага да жооп бералган жок. 45 адам кимдер болот, кимдер аларды сунуш кылалат десек, өзүн өзү чыгарып сунуш кылганга мүмкүнчүлүк да жок экен. Аларды президент же Жогорку Кеңеш тандайбы деген суроого да жооп бералган жок.

Андан тышкары мыйзам долбоору иштелип чыга элек экен. Ошол чогулган 45 адам өзүлөрү өздөрүнө мыйзамды жазышат экен. Мындай палатага биз ишеним көрсөтө албайбыз. Анткени биз ал жерге кошула алган жокпуз, бизди эч ким чакырган жок, биздин пикирибизди эч ким сураган да жок.

-Ушул Коомдук палата жөнүндө жобо Конституцияда, же башка мыйзамдарда да жок. Демек, бул мыйзамсыз орган деп Конституциялык Сотко кайрылууга укугуңар барбы, ошого аракет көрөсүздөрбү?

- Аны дагы биз сурадык, статусу кандай болот, бул саясий партия болобу, же өкмөттүк эмес уюм болобу, бул эмне деген орган болот деп, ага да жооп бералышкан жок. Ошон үчүн мен азыр ойлойм, мындай Коомдук палатага биз ишеним көрсөтө албайбыз. Акаевдин учурунда дагы ушундай көп палаталар, комитеттер, советтер да түзүлгөн. Бирок алардын баары эч кандай проблемаларды чечкен жок, эч кандай жардам да берген жок жарандык коом менен бийликтин байланышын чыңдаганга.

- Сиз жогоруда айтып кеттиңиз, эгер жарандык коомдун өкүлдөрүн Коомдук палатага киргизе турган болсо, сиздер каршылык көрсөтпөй каласыздарбы?

-Биз өзүбүздүн оюбузду айттык. Мисалы коалициянын мүчөсү Азиза Абдрасулова да айтып кетти, биз мындай Коомдук палатага кирбейбиз.

-Маегиңизге рахмат.