Өлкөдөгүлөр бир кезде «Кыргызстан – Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы!» деп сыймыктанган сөздүн тарпы чыкты. Адам укугу боюнча эл аралык уюмдар жана өкмөт бекиткен келишим-чечим, мыйзамдар кагаз жүзүндө калып, киши укугу кыйла төмөндөдү.
Жарандар өз ой-пикирин эркин айта албай, бийликке болгон нааразылыгын мамлекеттик мекеме-уюмдардын алдында, чоң аянттарда мурдагыдай билдире албай калды. Мындан улам адамдардын саясий-социалдык укуктары бузулууда:
- Адамдардын саясий-социалдык-экономикалык укуктары бузулууда, - деп айтты облустагы «Адилеттик (Справедливость)» уюмунунун өкүлү Абдымалик Шарипов.
Уюмдун «Баарына-укук» басылмасынын баш редактору Абдымомун Мамараимов киши укугу ал үйүнөн чыккандан тарта бузулат деп эсептейт. Анын пикиринде автоунаалардын көптүгү жана жол бою жаткан таштандылардан, базардагы жыттардан улам элдин таза аба жутуу укугу эске алынбайт. “Акысын төлөп берели» десе болбой, жарык өчүп, жарыкта жашоо укугу кемип, мектеп суук болуп, балдар жетиштүү билим алалбай атат:
- Балдарга жакшынакай мектепте окуганга, элге жылуу кабинеттерде иштөө болбой атат. Базарда бүт эле сапатсыз товарлар. Азыр кытай уну, башкалар жөнүндө көп маселелер көтөрүлүп атат, бирок эл билбей атат эмне болуп атканын. Өкмөттөгүлөр таза десе, башка уюмдар булардын адамдардын ден-соолугуна залалы тийип калышы мүмкүн деп атышат. Азыр электр жарыгын өчүргөндө алар бузулуп калып атат. Биз бузулган тамак жеп алып ооруп калбайбызбы деген кооптонуу бар. Ооруканага барсаң кайра эле акча бериш керек. Адамдардын маалымат алууга укугу чектелген, - дейт калемгер Абдымомун Мамараимов.
Уюмга жарандар жеке көз каранды эместигин, жер жана башка мүлктөргө болгон менчик, экономикалык укуктарын коргоо өтүнүчтөрү менен кайрылган. Ал арыз-даттануулар мамлекеттик тиешелүү тармактарга жиберилген. Бирок бийлик уюмдары адамдардын кайрылууларын бири-бирине жөнөтүшүп, жыйынтык чыгарбай, кишилердин нааразылыгына түрткү болууда. Уюмдун төрайымы Валентина Гриценконун берген баасы боюнча жадасе жарандардын жашоого болгон укугу да жок болуп баратат.
Тескерисинче, мындай көз караштарды облустук бийликтин бөлүм башчысы Кадырбек Бечелов ырастаган жок. Арыз-даттануулар укук коргоо жана ички иштер уюмдарында териштирилет, алардын координациялык кеңешмесинде каралат. Бийлик бардык жарандардын ар тараптуу укуктарын сактоого көңүл бурууда:
- Кайсы жерде айтсак болот адамдардын укуктары чектелип атат деп? Андай маселе бизде жок. Кудайга шүгүр, Конституцияда көрсөтүлгөн укуктардын баардыгы өзүнүн жолунда кетип атат. Менин тармагымды айтып көрсөм, облустук администрациянын коргонуу, тартип, укук коргоо боюнча бөлүм болгондон кийин менде баардык маалыматтар болот облус боюнча, облуста кудайга шүгүр андай чоң укук бузууларга биз жол бербейбиз.
Адам укугун коргоочулар жиберген жарандардын арыз-мундарынан жогорку бийликтегилердин кабары жоктой. “Чоңдордун билимин өркүндөтүү” борборун жетектеп, соттук жыйындарда жактоочу болуп кызмат өтөгөн юрист Абдиназар Маматисламовдун байкоосунда ички иштер, сот уюмдарында, убактылуу кармоо жайларында адам укуктары сакталбайт:
- Бул жөнүндө бир топ көңүл бурулуп айтылып атат. Бирок мыйзамдардын аткарылышы, адам укугунун корголушу барган сайын начарлап атат. Негизи адамдын бузулган укуктары сот тарабынан корголот экен. Көпчүлүк учурда соттор тарабынан бузулган фактылар такталып атат, дагы издеп атабыз. Укук коргоо органдары тарабынан да жок эмес. Бирок тиешелүү чаралар көрүлбөгөнү өкүңүчтүү болуп турат азыр. Жер-жерлерде жылыш бар деп айта албайбыз.