Жалал-Абад: кандуу окуя боюнча жогорку жаза өзгөртүүсүз калды

  • Ырысбай Абдыраимов

Укук коргоочу Азимжан Аскаров сот залында.

10-ноябрдын кечинде Жалал-Абад облустук соту 12-13-июнь күндөрү Базар-Коргон районунда болгон кандуу окуя боюнча өкүм чыгарды.
Анда арасында укук коргоочу Азимжан Аскаров кошо болгон сегиз соттолуучунун аппеляциялык арызы канааттандырылган жок. Алар 10- ноябрдагы жарыш сөз маалында коюлган айыптар менен макул болбой, өздөрүн актап чыгарууну өтүнүштү. Жактоочулар айыптуулардын улуттар аралык кастыкты козгоо, адам өлтүрүү менен массалык баш аламандыктарга катышкан деген күнөөлөр далилденбеди дешип, айыптуулардын жазаларын жеңлдетүүнү сотко сунуш кылышты. Мамлекеттик айыптоочулар жактоочулардын өтүнүчтөрүн четке кагышты.

Райондук соттун өкүмү күчүндө калды

Жалал-Абад облустук соту кечээ арасында укук коргоочу Азимжан Аскаров бирге болгон сегиз соттолуучуга карата өз өкүмүн угузду. Судья Амангелди Молдобаев төрагалык кылган соттук отурум кылмыш иштерди кайрадан иликтеп чыгып, Базар-Коргон райондук сотунун өткөн айда кабыл алган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну туура тапты. Аталган сот 15-сентябрда беш соттолуучунун үй мүлкүн мамлекет пайдасына алуу менен өздөрүн өмүр бою эркинен ажыратып, эки айыптуунун ар бирин 20 жылдан, дагы бирөөнү 9 жылга түрмөгө кескен болчу:
Азимжан Аскаров Ноокен райондук сотунда, 2010-жылдын 6-сентябры.

- Базар-Коргон райондук сотунун 2010-жылдын 15-сентябрындагы Мамадалиева Минура, Аскаров Азимжан, Мырзалимов Шүкүржан, Расулов Элмурад, Розибаев Дилшатбек, Мувлахунов Санжарбек, Абдураимов Исроилбек жана Кучкаров Мамагадзакирге карата чыгарган өкүмү өзгөртүүсүз калтырылсын. Жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн доо арызы кароосуз калтырылсын, апелляциялык арыз канааттандырылбасын, - деген облустук соттук коллегиянын өкүмүн окуду сотко төрагалык кылган судья Амангелди Молдобаев.

13-июнда мыкаачылык менен набыт болгон милициянын капитаны М. Сулаймановдун туугандары 10-ноябрда соттолуучулардан материалдык чыгым катары 174 миң сом каражатты өндүрүп берүү тууралуу доо арыз тапшырышкан болчу. Облустук соттун өкүмү чыкканга дейре болгон жарыш сөздөрдө тараптар бири- бирине каршы чыгышты. Соттолуучулар менен алардын жактоочулары сегиз адамга коюлган күнөөлөр далилденбеди деп, айыптууларды актап чыгарууну өтүнүштү.

Соттолуучу тагылган айыптарды четке кагууда

Жактоочу Абдумиталип Абдулакимов укук коргоочу Азимжан Аскаров айып коюлгандай кыргыз-өзбек чек арасында райондун акимин барымтага алуу, адам өлтүрүү, түпкү улутка карата элди үгүттөө, ок-дары окуяларына тиешеси жок экенин белгиледи:

- Бул статьялар менен А. Аскаровду айыптуу деп табууга али эрте. Ошондуктан ишти кайра тергөөгө жиберип, аны актап чыгаарууну сураймын. Кайра тергөө деген бул иш бүттү деген нерсе эмес, кайра тергөө деген иш кайра башталат, кайра тергелет, жаңы күбөлөрдү тапсын...

Азимжан Аскаров кечээ да өзүнө тагылган айыптарды четке какты. Ал “кылмыш жасаган болсом алда качан Өзбекстанга качып кетпейт белем” деген сөзүн кайталап, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү ар түрдүү болуп жатканын, окуяга катышы жок экендигин ырастаар өзүнүн күбөлөрү өз коопсуздугунан улам сотко келбей калганын мисал тутту. Укук коргоочу ырастагандай, Базар-Коргонго шектүү адамдар келип жатканы тууралуу кезинде президенттин түштүк аймагындагы өкүлү Исмаил Исаковго, райондук бийлик менен милицияга да маалымдаган, бирок алар анын айтканына жетиштүү түрдө көңүл бурбаган:

- Мага өтө көп күнөөлөрдү коюшту, мен булардын бирин да мойнума алган эмесмин. Мен ошо күнү көпүрөдө болгон эмесмин. Менин 13-15 күбөлөрүм бар, алар сотко келип көрсөтмө бергенден коркуп жатышат, соттон кийин да биз Базар-Коргондо жашообуз керек деп. Милиция кызматкерли мага каршы адегенде 5 күбө болсо, соттун акырына чейин алар 15ке жетип калып олтурат. Алардын баары бир көрсөтмө берип жатышат, Аскаров милиция башчысын кармагыла, калгандарын өлтүргүлө деп... Мен ал жерге барбасам, анан кантип ошентип айта алам, мен жаш бала эмесмин да оюма келгенди ойлобой сүйлөп койгудай.

Тескерисинче, мамлекеттик айыптоочулар соттолуучулардын айыптары далилденгенин, жоопкерчиликтен кутулуу максатында алар тергөөдө мойнуна алган көрсөтмөлөрүнөн баш тартып жаткандыгын ырасташты. Алар жактоочулардын айыптуулардын жазасын жеңилдетүү жана укук коргоочуга тиешелүү кылмыш ишти кайра тергөөгө жиберүү жөнүндөгү өтүнүчтөрүн кубатташкан жок.

Облустук прокуратуранын өкүлү Нурлан Жаныш уулу:

- Ошондой эле соттолуучу М. Мамадалиеванын көрсөтмөсү менен Азимжан Аскаровдун кыргыз улутундагы адамдарга каршы өзбек улутундагы кишилерди үгүттөп, Карабаев жана Акматовдор менен бирге массалык баш аламандыктарды уюштурганы сотто жана тергөөдө далилденип олтурат.

Жабырлануучулар соттолуп жаткандрга жан тарткандарга нааразы
Чынара Бечелова

Соттолуучуларга жан тарткан адам укугун коргоочуларга жабырлануучу Чынара Бечелова нааразы болду. Ал соттолуучуларга өлүм жазасын берүүнү соттон өтүндү. Анын ырастоосунда, райондук сот 9 жыл абакка кесип, айыптуу С. Мувлахуновго жеңил жаза чектеген. Эгер ал кылыч жасабай, башкалар учуна бычак кадалган таяктар менен урбаса, бензин куюп өрттөбөсө, Ош-Бишкек жолун торогон элди тынчтыкка чакырганы барган күйөөсү, милициянын капитаны М. Сулайманов бөөдө набыт болмок эмес:

- Биздин мыйзамды өзгөртүш керек экен да. Эмне үчүн өлүм жазасын алып салышат? Эмне үчүн Мыкын ушулардын колунан курман болушу керек да булар тайраңдап жүрүшү керек? Муллахунов кылыч жасабаганда Мыкын өлбөйт эле. Эмне ага аз жыл берет? Булардын баарына өлүм жазасы берилсин. Же баары бирдей калган өмүрлөрүн түрмөдө өткөрүшсүн.

Адам өлтүрүп, жолду ачууга барган тартип сакчыларына кол салгандардын бардыгы кармалган жок. Милиционер баласынан айрылган Жусуп Сулайманов түпкү улутка каршы элди үгүттөп, жол боюна топтолгондордун кур дегенде 30 чактысын кармап жазалоо керек болчу деп эсептейт. Карыянын белгилешинче, июнь айында Базар-Коргондо массалык баш аламандыкка катышкандар мамлекетти бөлүп жарууну, Ош-Бишкек жолуна салынган Кара-Үңкүр көпүрөсүн бузууну көздөшкөн, бул максатка жетүү үчүн соттолуучулар А. Аскаров менен М. Мамадалиева жана райондогу өзбек ууттук маданий борборунун мурдагы башчысы Ш. Мирзалимов өз айылдаштарын түпкү улутка каршы тукурушкан.

Жабырлануучу Карамат Сулайманова соттолуучулардын бардыгын өмүр бою түрмөгө кесүүнү соттон өтүндү. Ал ошондой эле июнь окуяларында жазыгы жок баласынан, күйөөсүнөн, жакын адамдарынан айрылып, ичинен сыздап, жүргөн жарандарды эмес, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирип, адам өлтүрдү деп жоопко тартылып жатышкан кишилерди коргогон адам укугун коргоочуларга өтө нааразы болду.

Белгилүү болгондой, облустук сотко жазган апелляциялык арызында жабырлануучулар жеңил жаза берилип калды деп эсептешип, айыптуулардын бардыгына жогорку жаза берүүнү талап кылышкан. Соттолуучулар да облустук сотко арызданышып, Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, өздөрүн актап, камактан бошотууну өтүнүшкөн.