Т. Исмаилова: Ноокат окуясы – атайын жасалган иш болгон

"Жарандар коррупцияга каршы" борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова.

Убактылуу өкмөт кабыл алган "Мунапыс жөнүндө" декретке ылайык, Ноокат окуясы боюнча айыпталган 32 киши кичи кечээ абактан бошотулду. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова бул иштин чоо-жайы боюнча кеп салып берди.
- Кечээ Ноокат окуясы боюнча камакка алынгандардын айрымдары мунапыс менен бошотулганы маалымдалды. Канча киши эркиндикке чыкты?

- Кечээ Ноокат окуясында кармалган 32 күнөөсүз адам азаттыкка чыкты. Бул Убактылуу өкмөттүн жана Азиза Абдрасулова жетектеген комиссиянын иштеринин жемиши. Анткени Ноокат окуясы башталганда А.Абдрасулова укук коргоочу катары комиссия түзүп иликтей башатаган. Авторитардык режимдин ушунчалык адамга каршы иштеген иштерин Кыргызстанга гана эмес дүйнөгө угузган. Адамдар киши түшүнгүс кыйноолорго кабылган эле. Ноокат окуясы боюнча айыпталган эки аял кечээ боштондукка чыкканда алардын ымыркай кыздары дагы эркиндикке чыкты. Алар түрмөдө төрөлүшкөн болчу.

- Булар эми толук акталган жок да, укук коргоочулар бул жаатта кандай аракеттерди көргөнү жатат?

- Бул ушунчалык тыкандык менен изилденген иш жана ар бир отчеттун фактылары айтып турат, биринчи мүнөттөн баштап тынч пикетке чыккан адамдар, жергиликтүү бийликтин ошол адамдарга атайын жасалган кылмышы. Алар кармалгандан баштап аягына чейин тири шумдук кыйноолорго кабылышкан. Анткени боюнда бар аялды дагы чачын алып, цементке отургузуп, аябай сабап, боюнан түшүргөнгө аракет кылышкан милициялар.

Ошон үчүн жергиликтүү бийликтен баштап, укук коргоо органдары адамдардын укугун коргобой, жактабай эле, атайын жасалган операция болгон. Анткени аларды “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөсүсүңөр, Кыргызстанга жана Конституцияга каршы кылмыштарды жасап атасыңар деген. Орозо айт жылда эле өткөрүлөт, бирок ошол күнү силер бул жерде өткөрбөй, Гүлистан айыл өкмөтүнүн стадионуна расмий уруксат берилген, ошол жака баргыла деген. Анан кайра тоскоолдук кылышып, атайын ушундай операция болгон.

- Сиз түрмөлөрдү кыдырып жүрөсүз, абалды жакшы билесиз, анан убактылуу өкмөттүн “Мунапыс тууралуу” декретинин негизинде абакта кандай адамдар эркиндикке чыгышы керек деп ойлойсуз?

- Бул боюнча укук коргоочулар айтып жүрөбүз. Кечээ дагы интервьюларда такталды, 60 пайызга жакын күнөөсүз жана анча маанилүү эмес кылмыш жасаган адамдар отурат. Анткени түрмөлөрдө отурган адамдардын тагдырын изилдеп көргөндө ушунчалык коррупция жана адамдарга каршы милиция жана тергөө органдары иштегени аныкталат.

Ошон үчүн биз Убактылуу өкмөткө дагы кайрылганбыз, мисалы өмүр бою отурган адамдардын саны дагы 200дөн ашып келатат. Аларды 30 жыл кармабай түрмөлөрдө, керек болсо 20 жыл берип, бирок ошондо дагы адамдын келечекке караган көз карашын оңдоп, жыл сайын мунапыс жарыялап, мунапыс жарыялаганда дагы адам кандайча адам түзөлүп атканын караш керек, анткени адамдарга үмүт бериш керек. Барыбызга Кудай гана өмүр берген. Ошондуктан адамдарга каршы кыйноо кылып, бөтөнчө Кыргызстандагы түрмөлөрдүн жашоосу аябай кейиштүү жана коррупцияга малынган. Ошон үчүн түрмөдө отурган адамдардын санын азайтыш керек. Анткени Кыргызстандын бюджети көтөрө албайт.

- Маегиңизге рахмат.