Алишер Саиповдун өлтүрүлгөнүнө эки жыл толду

24-октябрда жаш журналист Алишер Саиповдун атылганына эки жыл болот. Бирок алиге чейин анын өлүмүнө байланышкан иштин бети ачыла элек.
Журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу ишти президент Курманбек Бакиев жеке көзөмөлүнө алганы менен кылмыш ишинин бети эмдигиче ачыла элек. Журналисттин киши колдуу болгондугуна байланыштуу иш тергелип бүтүп, сотко берилгендигин ички иштер министри Молдомуса Конгантиев үстүбүздөгү жылдын август айында президент менен жолугушканда билдирген.

Ички иштер министрлиги буга чейин Алишер Саиповду өлтүрдү деп шектелип Лейлек районуну тургуну, мурдагы милиционер Абдуфарид Расулов кармалганын билдирген. Журналисттин киши колдуу богондугу боюнча иш алгач 29-июлда Ош шаардык сотунда каралып, тергөөдө бир топ мүчүлүштүктөр бар болгондугуна байланыштуу ишти кайра тергөөгө жиберүү чечимин чыгарган.
Алишердин атасы Авас Саипов уулунан калган небереси Зулайка жана чоң энеси Розахан менен. Ош, 24-октябрь, 2008-жыл.

Маркумдун атасы Аваз Саипов уулунун иши боюнча тергөө улантылган-улантылбаганы тууралуу маалымат берилбей жатканын “Азатыкка” берген интервьюсунда мындайча билдирди:

- Мен сентябрдын аяк ченинде тергөө жүрөбу же жүрбөйбү деп сурасам эч ким эч нерсе айтпайт. Тергөөчүлөр да, башкалары да эч кандай маалымат бербей коюшту.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казыбаев журналисттин өлүмүнө байланыштуу иш толугу менен тергелип бүтүп сотко берилгендигин, ишти кайра тергөө тууралуу сөз болбогонун “Азаттыкка” билдирди:

- Саиповдун өлүмүнө шектүү деп бир адам кармалган. Бул кылмыш боюнча тергөө бүтүп, иш сотко берилген. Анын жанындагы шериги Шерахматуллаев эл аралык издөөдө.

Алишер Саипов 2007-жылдын октябрь айында Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде белгисиз бирөөлөрдүн огунан мерт болгон. Журналисттин өлүмү анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырылып келет. А.Саипов 2007-жылы өзбек тилдүү “Сиесат” деген аталышта гезит чыгарып, өзбек бийлигин сындаган макалаларды жазып, ырасмий Ташкендин “кара тизмесине” түшкөндүгүн бир катар серепчилер жана анын кесиптештери айтып келишкен.

Маркумдун атасы Аваз Саипов уулунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин бети ачылбай жаткандыгынын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Бул иштин ачылышына ИИМ баш болуп башка укук коргоо органдары кызыкдар эмес. Себеби уулумду өлтүрүүгө буйрутма берген Өзбекстан. Ал эми атып өлтүрүлүшү Өзбекстан менен Кыргызстандын атайын кызматтарынын жана күч органдарынын биргелешкен операциясы.

Өз кезегинде ИИМдин басма сөз өкүлү Олжобай Казыбаев мындай айыптоолорду четке какты:

- Эки мамлекеттин күч органдары биригип ушундай жасашты деген жалган. Анткени Саиповдун өлүмүнө шектүү делип Абдуфарид Расулов кармалып, тергөө бүтүп, иш сотко берилип атпайбы.

Белгилүү болгондой, Саиповдун өлүмүнө байланыштуу ар кыл божомолдор айтылган. Маселен Кыргызстандын ИИМи журналисттин өлүмүнө анын Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюму жана Өзбекстандын Ислам кыймылы менен байланышы себепкер болгон деген билдирүү жасаган.

Журналисттерди коргоо уюму тараткан билдирүүдө Алишер Саиповдун ишин тергөө боюнча маалыматты коомчулукка ачыктоо менен кыргыз бийлиги бул кылмыштын бетин ачууга болгон аракеттерин жасап жатканын көрсөтүүсү зарыл экендиги айтылат.