30-июнь: Тарых барактары

Кыргызстанда 1928-жылы өткөрүлгөн стастистикага ылайык, борбор шаардагы жападан-жалгыз китепканага жазылгандардын саны 1400 адамга жеткен.

Жети суу облусундагы Пишпек уездинин аскер старшинасы Шабдан Жантаев кыргыз элинин суроо-талабы боюнча даярдалган петиция туурасында 1905-жылдын бул күнү Пишпек уездинин начальнигине кат менен кайрылган.
Шабдан Баатыр петиция кыргыз калкынын өтүнүчүнө ылайык даярдалганын жана ал өлкө биримдигине доо кетире турган саясий талаптардан алыс экенин, тескерисинче, анын аткарылышы эки тарап ортосунда түшүнүү жаратып, ынтымак-ырашкерчиликтин орношуна салым кошо тургандыгын билдирген.

Кыргызстанда 1928-жылы өткөрүлгөн стастистикага ылайык, борбор шаардагы жападан-жалгыз китепканага жазылгандардын саны 1400 адамга жеткен. Бул көрсөткүч жашы 12ден жогору болгон шаар тургундарынын 2,5 % түзгөн. Шаардык китепканадагы 5 миң китеп арасынан адабий чыгармалар айрыкча суроо-талапка алынып, окурмандардын купулуна толгон авторлор деп Жек Лондон, Лев Толстой жана Максим Горькийдин чыгармалары аталган.

Республиканын сүт өндүрүү тармагы боюнча биринчи орунду 1955-жылы КирНИИЖдин эксперименталдык фермасы ээлеген. Алдыңкы ферманы буга чейин беймаалым зоотехник Чыңгыз Айматовдун жетектегени маалым болгон.

Фрунзе шаарында Комволдук-кездеме комбинатынын биринчи өндүрүш ишканасы 1963-жылы ишке киришкен. Комбинатта башында жүздөгөн кыргызстандыктар эмгектенишип, алар үчүн айлык маянадан тышкаары, социалдык жеңилдиктер каралган.

Нидерландия 1810-жылдын 30-июнунда Франция мамлекетинин курамына кирген.

«Жер төлөөлөргө бейпилдик! Сарайларга согуш!» аталган чакырык 1934-жылдын 30-июнунда Гессен шаарында басылган.

Самарканд 1868-жылдын 30-июнунда Орусияга кошулган.

Париж тынчтык конференциясында 1889-жылдын 30-июнунда Парламент аралык биримдик негизделген.

Салмагы 995 караттык «Эксельсиор» алмазы 1893-жылдын 30-июнунда табылган.

Лондон шаарындагы айтылуу Тауэр-бридж көпүрөсү 1894-жылдын 30-июнунда ачылган.

Корея 1894-жылдын 30-июнунда Кытайга күңкор эмес экендигин жарыялаган.

Альберт Эйнштейндин 1905-жылдын 30-июнь күнү жарык көргөн «Нерселердин кыймылдоо электродинамикасы туурасында» аттуу макаласында салыштырма теориясынын негизи чагылдырылган.

Экинчи Балкан согушу 1913-жылдын 30-июнунда башталган.

Бүткүл союздук китеп палатасы 1920-жылдын 30-июнунда уюшулган.

Маргарет Митчеллдин «Бороонго кабылгандар» чыгармасынын биринчи тиражы 1936-жылдын 30-июнунда басылган.

Англис илимпоздору атом бомбасын жасоого болот деп, 1941-жылдын 30-июнь күнү өкмөткө билдиришкен.

СССР медицина илимдер Академиясы 1944-жылдын 30-июнунда уюшулган. Кийин 1992-жылы ал Орусия медициналык илимдер академиясы деп аталган (РАМН).

Илимпоз - Уильям Шокли, Уолтер Браттейн жана Жон Бардин 1948-жылдын 30-июнунда транзисторду ойлоп чыгаргандыгы туурасында билдиришкен.

Советтер Союзунун гезиттери 1956-жылдын 30-июнь күнү «Жеке адамга сыйынуу жана анын кесепеттери туурасында» кабыл алынган КПСС Борбордук Комитетинин токтомун жарыялашкан.

Британия, Дания, Норвегия жана Ирландия Люксембург шаарында Европа экономикалык биримдигине кошулуу туурасындагы сүйлөшүүнү 1970-жылдын 30-июнь күнү башташкан.

Кырым татарларынын Симферополь шаарында өткөрүлгөн курултайы 1991-жылдын 30-июнунда соңуна чыккан.