19-июнь: Тарых барактары

Орусияда Тыйын жобо 1899-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Сибирдеги орус бийлиги энесайлык кыргыздар менен узак жылдар бою кырчылдаша жоо болуп, алардан арбын азап тартышкан. Орус воеводалары кыргыздардын ички абалы, жана тышкы саясаты туурасында кабардар болуп туруу үчүн аларга элчилик жиберип, болбосо тыңчылар аркылуу кыргыз жергесинен кабар алышкан.
Орус воеводаларынын тапшырмасы менен онбашчы Ф. Миронов 1688-жылдын 19-июнунда Кузнецктен чыгып кыргыз жергесине аттанган. Орус воеводалары ага кыргыздардын Алтыр улусунун башчысы Даин Ирка бек менен жолугушуп, андан мамлекет башчысына керектүү адамдары сурап, кыргыздардан киш терисинен албан чогултуу тапшырмасын жүктөшкөн.

Пишпек уездиндеги Ысык-Ата волостунун дыйкандары 1917-жылдын бул күнү өз алдынча Айдабосун болуштугун ачуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Кыймылга 359 түтүн тартылып, алардын ишенимдүү өкүлү Акмат Каңылбаев «биздин Ысык-Ата волостунда аксымдыгы менен жалпыга маалым Ысак Найманов деген манап бар. Ал алдым-жуттумга берилип, букараларга жашоо бербегендигине байланыштуу биз өз алдынча болуштук ачууну көздөдүк»,-деп билдирген.

Ачкачылык айынан Сибирден жер которгон адамдар 1922-жылы Пишпекке жана анын айланасына жайгаша баштаган. Алардын айрымдары шаардын чет жакасындагы Молдовановка айылына орун алышып, жер төлөлөрдү казып киришкен. Алар менен жергиликтүү калктын ымаласы башынан келишпей, бирок пишпектик бийлик биринчилерди «совет түзүлүшүнө коомдук жакындыгы бар» деп жан тартышы чырдын ырбашына бөгөт болгон.

Кыргызстанга 1932-жылы москвалык жана ленинграддык 75 окумуштуудан турган СССР Илимдер Академиясынын комплекстүү экспедициясы келген. Геологиялык жана геохимиялык топ Кыргызстан аймагында орун алган алтын, күмүш, жез, темир сыяктуу кендерди жана жылуу суу чыккан аймактарды изилдөөгө киришкен. Мал чарбасын иликтеген топ топоздорду бодо мал менен аргындаштыруу ишин башташса, археологдор өлкө аймагындагы тарыхый эстеликтерди издешип, археологиялык казууларды жүргүзүшкөн. Этнографтар Кыргызстандын айыл-кыштактарын кыдырышып, материалдык маданият үлгүлөрүн тарых музейине топтошкон.

Фрунзелик биологдор, профессор В. Ткаченко менен К Романенколор 1979-жылдын бул күнү шаардын парктары зор коркунучка кабылгандыгын кабарлашкан. Алардын айтымында, зыяндуу голланд мителери кара жыгач, көк тал сыяктуу дарактарды куурата тургандыгы белгилүү болгон.

Грек окумуштуусу Эратосфен Киренский б.з.ч. 240-жылдын 19-июнунда дүйнөдө биринчи болуп жердин меридиан узундугун ченеп чыккан.

Капитан Мартын Шпанберг Камчаткада курулган кеме менен 1739-жылдын 19-июнунда Жапонияга келген. Ал мында императрица Анна Иоанновнанын буйругуна ылайык, Жапония өлкөсүнүн саясий абалы менен таанышып, соода байланышын түзүү аракетин жасаган.

Орус империясы 1762-жылдын 19-июнунда Пруссия менен тынчтык келишим курган.

Боргосск сейми 1809-жылдын 19-июнунда Финн мамлекетинин уюшулгандыгын кабыл алган.

Нью-Жерси (АКШ) шаарында 1846-жылдын 19-июнунда биринчи жолу бейсбол оюну өткөрүлгөн.

С. Ю. Виттенин Орусиядагы акча реформасын жыйынтыктаган Тыйын жобо 1899-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Британия королу Георг V 1917-жылдын 19-июнунда королдук бүлө колдонгон бардык немистик титулдардарды жойгон жардык чыгарган. Мурда Сакс-Кобург-Готской аталган королдук династия эми Виндзордук деген ысым алган.

Советтер Союзундагы Гидрологиялык институт 1919-жылдын 19-июнунда уюшулган.

Британияда 1921-жылдын 19-июнунда калк каттоо өткөрүлгөн.

Кувейт өлкөсү 1961-жылдын 19-июнунда мамлекеттик эгемендик алган.

Советтик аскерлер 1991-жылдын 19-июнунда Венгриядан чыгарылган.