Кыргызстан жергесине келген саякатчы Ч. Ч. Валихановду 1856-жылдын бул күнү Тулпарташ жайлоосунда жайгашкан бугу манабы Боромбайдын өргөөсүнө алып барышкан. Саякатчы манап өргөөсүнүн жасалгасы, кимдин кайсыл жерде отурганын, кыргыз уруулары жөнүндө жана алардын абалы, ич ара мамилелери туурасында маалымат берет. Мындан тышкары ал кыздардын кийими, алардын жасалгасы жөнүндө жазганы кыргыз этнографиясы үчүн даректүү материал катары эсептелинет.
Ташкент жана Чөлкөмдүк советтин депутаттары 1917-жылы Кыргызстандын түндүгүн кыдырып, эмгекчилер менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Алар бул күнү Кара-Булак кыштагына келишип, мындагы жергиликтүү калк менен орус дыйкандары ырашкер-ынтымакта жашай тургандыгын билдиришкен.
Түркстан Республикасынын Комиссарлар кеңеши 1919-жылы “мекенине кайтып келе баштаган Кытай жарандарына кыянатчылык кылбагыла” деген баракчаларды Пишпек шаарына чаптаттырган. Баракчаларда кытайлыктар мекенине Ош шаары аркылуу кете тургандыгы айтылып, аларга колдон келишинче укуктук жардам берилиш керектиги белгиленген.
Суусамыр жарманкеси жети жылдык тыныгуудан кийин 1924-жылы кайра ачыла тургандыгы кабарланган. Суусамыр жарманкеси буга чейин Пишпек, Нарын, Олуя Ата, Наманган жана Анжыян уездеринин тогошунда өткөрүлүп турган. Жарманке жардыгында соода, сатык мамилесин жандандыруу Советтик Түркстан үчүн эл аралык мааниси зор экендиги, ага Батыш Кытайдан да соодагерлер тартыла тургандыгы белгиленет.
Юсуп Абдрахмановдун Коммунисттик партияга болгон мүчөлүгүн кайра калыбына келтирүү үчүн И. В. Сталинге жазган арызы 1937-жылдын бул күнү Оренбург шаардык компартиясына жөнөтүлгөн. Ю. Абдрахмановдун арызы менен бирге, аны партия мүчөлүгүн калыбына келтирүү демилгесин жактаган көрсөтмөлөрдүн чын, жалганын териштирүү үчүн атайын көрсөтмө берилген. Ал көрсөтмөгө ылайык, Ю. Абдрахмановго «эл душманы» деген айып тагылып, атылып кеткен.
Таланттуу акын, жазуучу Анатай Өмүрканов 1945-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келген.
Кривцов менен Мышкин деген усталар куруп баштаган Москва Кремлиндеги Успенский собору 1474-жылдын 2-июнь күнү урап калган.
Вирджиниялык Жеймс Гиббс 1857-жылдын 2-июнь күнү кийим тигүүчү машинканы патенттеген.
Жапониянын Хонсю аралында орун алган Йокогама шаары 1859-жылдын 2-июнь күнү негизделген.
Орусиядагы биринчи зоологиялык бак 1864-жылдын 2-июнь күнү Москва шаарында ачылган.
Италия тектүү Гульельмо Маркони 1896-жылдын 2-июнь күнү Америка Кошмо Штаттарында радиону патенттеген.
Голландияга караштуу Жаңы Гвинеяда 1910-жылдын 2-июнь күнү пигмейлердин этникалык тобу табылган.
«Нью-Йорк Жорнал» басылмасы 1897-жылдын 2-июнь күнү Марк Твендин өлүмү туурасындагы кабарды төгүндөп, жазуучунун «Менин өлүмүмө байланышкан кабар ого эле апыртылган» деген телеграммасын басып чыгарган.
Италияда 1946-жылдын 2-июнь күнү өткөн референдумдун жыйынтыгына жараша өлкө республика аталып, аялдар болсо шайлоо укугуна жетишкен.
Елизавета II 1953-жылдын 2-июнь күнү башына таажы кийип, Британиянын ханышасы атыккан.
Советтер Союзу менен Югославия 1955-жылдын 2-июнь күнү дипломатиялык мамилесин калыбына келтирген.
Амстердам шаарында орун алган Винсент ван Гогдун музейи 1973-жылдын 2-июнь күнү ачылган.
«Правда» гезитинин 1979-жылдын 2-июнь күнкү санында Польша өкмөтүн коммунизм душмандарына карата чара көрбөгөндүгү үчүн айыптаган макала жарыяланган.
Белоруссиянын Улуттук банкы 2004-жылдын 2-июнь күнү улуттук валюта үчүн мыкты графикалык белгиге сынак жарыялаган.