17-май: Тарых барактары

Италиянын диктатору Муссолини.

Айтылуу саякатчы жана изилдөөчү Г. Е. Грумм-Гржимайлонун «Белокурая раса Средней Азии» аталган даңазалуу макаласы 1909-жылдын бул күндөрү «Записки императорского Русского географического общества» журналына жарыялаган. Макалада автор байыркы энесайлык кыргыздардын денеси ак, сары чачтуу болгондугуну жана алар Тянь-Шанга көчүп келүү менен жогоруда айтылган расалык белгилерин жоготушкандыгы белгиленген.
Түркстанда ирригациялык ишти жандыруу боюнча РСФСР Элдик комиссарлар кеңешинин Декрети 1918-жылдын бул күнү кабыл алынган. Декретке В. И. Ленин кол коюп, анда сугат ишин өркүндөтүү үчүн 50 млн рубль бөлүү маселеси каралган. Ошондой эле анын алкагында Чүй жана Фергана өрөөнүндөгү айрым райондордо сугат системасын колго алуу жана дыйканчылыкты өнүктүрүү сыяктуу иш-чаралар күн тартибиние коюлган.

Түркстан республикасынын Революциялык комитети 1919-жылдын бул күнү Пишпек шаарына жана уездинде болгон дүрбүлөрдү толугу менен аскер комиссариатына тапшыргыла деген буйрук менен калкка кайрылган.

Кыргыз АССРинин бардык ишкана жана мекеме жетекчилери архивдик материалдарды өздөштүрүү үчүн 1928-жылдын бул күнү борбор шаарга чакырылган. Алар архивдик документация деген эмне, аларды топтоо, ирээтке келтирүү сыяктуу иштерди үйрөнүүгө киришкен.

Стратегиялык изилдөө борбору 1994-жылдын бул күнү Кыргызстан тарыхы боюнча жаңы китептерди жазууга киришкен. Долбоорду таанымал тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Чынара Жакыпова жетектеп, Стратегиялык изилдөө борборуна коммунисттик идеологиядан арылган жана алдыңкы методологияга негизделген тарых китептерин жазуу милдети жүктөлгөн.

Дүйнө коомчулугу 17-майды электр байланышынын эл аралык күнү же Бириккен Улуттар уюмунун телекоммуникация боюнча бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгилейт.

Айрым тарыхый маалыматтарга караганда 1155-жылдын бул күнү Чыңгыз хан жарык дүйнөгө келген.

Фландриядагы боштондук кыймыл Брюгге шаарынын кол өнөрчүлөрүнүн 1302-жылдын 17-майындагы француздарга каршы козголоңунан улам башталган.

Васко да Гама 1497-жылдын 17-майында Индиянын жээгине жеткен.

Орусия менен Польша ортосундагы «Түбөлүк достук» келишимине 1604-жылдын 17-майында кол коюлган.

Англис юристи Жеймс Пакл 1718-жылдын 17-майында дүйнөдө биринчи болуп пулеметту патенттеген.

Норвегиянын биринчи Конституциясы 1814-жылдын 17 май күнү кабыл алынган.

Америкалык «Балтимор Сан» гезитинин биринчи саны 1837-жылдын 17-майында чыккан.

Революциядан качкан Австрия императору Фердинанд I 1848-жылдын 17-майында Венадан Инсбрук шаарына келген.

Германия 1885-жылдын 17-майында Жаңы Гвинеянын түндүгү менен архипелаг Бисмаркты аннексиялаган.

Англия мамлекети 1916-жылдын 17-майында дүйнөдө биринчи болуп жайкы убакытка өткөн.

Падышалык бийлик тарабынан куугунтукталып сыртта жүргөн Лев Троцкий 1917-жылдын 17-майында Орусияга кайтып келген. Ошентип перманенттик революция теориясынын ана башчысы большевиктер менен жакындаша баштаган.

Сибирдеги чехословакиялык корпус 1918-жылдын 17-майында козголоң чыгарып, анын натыйжасында Орусияда жарандык согуш оту тутанган.

Фашисттик диктатор Муссолини дүйнөдөгү биринчи ылдам жүрчү унаа жолун куруу максатында 1928-жылдын 17-майында Италиянын Жол кызматын ачкан.

Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси 1932-жылдын 17-майында Порто-Рико аталышын Пуэрто-Рико кылып өзгөрткөн.

Нацисттик Германия 1934-жылдын 17-майында жөөттөрдү медициналык камсыздоо укугунан ажыраткан.

Фашисттик армия 1940-жылдын 17-майында Бельгиянын борбору Брюссель шаарын басып алган.

Крым АССРи 1944-жылдын 17-майында жоюлган. 200 миң чамалуу крым татарлары 18-майга карагн түнү Крымдан крымдык татарлар, немис калкы, армян, болгар жана гректерди күчтөп чыгарылып, Орто Азияга ташыла баштаган.

Советтик делегация Париж шаарында өткөрүлчү куралсыздандыруу маселесине арналган төрт держава жетекчилеринин жогорку деңгээлдеги конференциядан 1960-жылдын 17-майында чыгып кеткен. Советтик компартия лидери Н. С. Хрущёв буга чейин Свердлов шаарына жакын жерден атылып түшүрүлгөн америкалык У-2 чалгындоо самолетуна байланыштуу нааразычылык билдирген. Советтик жетекчилик чалгындоо максатында учууларды токтотууну жана бул боюнча Америка Кошмо Штаттарынын кечирим суроосун талап кылган. АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэр талапты четке каккандыгына байланыштуу конференция ишин баштай элек жатып таратылууга мажбур болгон.

Норвегиялык саякатчы, илимпоз Тур Хейердалдын «Ра-2» аталган папирус кайыгы 1970-жылдын 17-майында Марокконун Сафи шаарынан чыгып Атлантика океанына багыт алган. Илимпоз мундай жол менен байыркы адамдардын Америка континентине чыга алчу мүмкүнчүлүгүн далилдөөнү көздөгөн.

АКШ Сенаты 1973-жылдын 17-майында “Уотергейт” чуусу боюнча тергөө ишин баштаган.

Израиль мамлекети менен Ливан ортосундагы тынчтык келишимге 1983-жылдын 17-майында кол коюлган.