26-февраль: Тарых барактары

Наполеон Бонапарт

Кыргызстандагы илим, билим жана искусствонун телчигип бутуна турушуна, кийин советтик деңгээлге жетишине жана андан соң анын айрым үлгүлөрүнүн дүйнөлүк масштабда таанылышында Ленинград шаары маанилүү роль ойногон.
Республиканын чарбалык жана маданий өнүгүшүн камсыздоо максатында 1932-жылдын 26-февралында Ленинград шаары Кыргызстанды өз көзөмөлүнө алган. Эки тараптуу негизги келишимге Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы А.Орозбеков менен ленинграддык делегация башчысы, Ленкеңеш президиумунун мүчөсү А.Валышев кол коюшкан.

Кыргызстандык тарап Ленинград шаарын эт менен үзгүлтүксүз камсыздоого сөз берген. Ленинграддык делегация Кыргызстандын электрификациясына, баалуу кендерди чалгындоо ишине жана фундаменталдык китепкана куруп берүүнү макулдашышкан. Анын натыйжасында Кыргызстан аймагына жаңы технологиялар жөнөтүлүп, аларды иштете турган адистер Ленинград шаарынан келишкен. Мындан тышкары ленинграддык илимпоздор Кыргызстанда илим изилдөө борборлорунун ачылышына жана анын жетилишине зор салым кошушкан.

ВКП (б) Борбордук комитетинин 1949-жылкы токтомуна ылайык союздук борбордо жарык көрчү «Звезда» жана «Ленинград» журналдарында «бузуку адабиятка» каршы бүткүлсоюздук күрөш жүргүзүү жараянын жарыяланган.

Кыргызстандык коммунисттер борбордун көрсөтмөсүн илгиртпей ишке ашырышып, 1949-жылдын бул күндөрү республикалык маалымдоо каражаттары Аалы Токомбаевдин 1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшүн чагылдырган «Кандуу жылдар» романын бузуку чыгармалар катарына кошуп, андан «панисламизм», «пантюркизм», «улутчулдук» сыяктуу «издерди» таап чыгышкан.

Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги 2005-жылдын 27-февралында АКШнын Кыргызстандагы элчилигине нота жолдогон. Нота Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янгдын бир күн мурда «Лимон» гезитине берген интервьюсуна байланыштуу жөнөтүлгөн. Элчинин көз карашына ылайык шайлоо учурунда демократияга байланыштуу проблемалар массалык мүнөз алса, ага эл аралык уюмдар кабатыр болоорун жана ал кыргыз-америкалык мамилеге терс таасирин тийгизери белгилеген.

Тышкы иштер министрлиги элчинин пикирин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү катары баалап, аны сабырдуулукка чакырып, дипломатиялык маданиятты сактоону өтүнгөн.

Пётр I 1712-жылдын 26-февралдагы жардыгы менен Тула курал-жарак заводу курулган.

Француз императору Наполеон Бонапарт 1814-жылдын апрель айындагы Фонтенбло салгылашында жеңилип, генерал Коленкур жана бир канча кызматкерлер менен жалгыз калган. Император өзүн-өзү өлтүрүүнү ойлоп уу ичкен. Бирок уунун күчү көпкө сакталгандыктан күчүн жоготуп Наполеон Бонапарт аман калган.

Союздук мамлекет башчыларынын чечими менен Наполеон Бонапартка Жер Ортолук деңизиндеги Эльба аралы ээликке берилген. Наполеон Бонапарт ыңгайлуу учурдан пайдаланып, 1815-жылдын 26-февраль күнү аралдан качып чыккан.

Париж парламенти 1774-жылдын 26-февралында драматург П. Бомаршени сот туурасында жазган мемуарлары үчүн үч ливрге айыпка тартып, чыгарманы өрттөөгө көрсөтмө берген.

А. Гитлер 1924-жылдын 26-февралында «Пиво путчу» үчүн беш жылга эркинен ажыратылган.

«Фольксваген» заводу 1936-жылдын 26-февралында ишке киришкен.

Уинстон Черчилл 1952-жылдын 26-февраль күнү Британиянын өзөктүк бомбасы бар экендигин билдирген.

Советтик аскерлер Чехословакиянын аймагынан 1990-жылдын 26-февралынан баштап чыгарыла баштаган.

Тажикстандагы биринчи парламенттик шайлоо 1995-жылдын 26-февралында өткөн.