Азербайжандык качкындардын Кыргызстанга агылып келишине нааразы болгон жаштар 1990-жылдын январь айында мурдагы Ленин атындагы, азыркы Ала Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Митингге борбор калаада жашаган жаштар катышып, алар менен бийлик өкүлдөрү жолугушкан.
Жолугушууга келген шаардык Аткаруу комитетинин төрагасы А.Муралиев азербайжандык качкындар туурасындагы маалымат тек гана калкты кызытыш үчүн таратылган жалган кабар экендигин билдирген. Жолугушуу соңунда коюлган талаптары аткарылган жаштар 1990-жылдын 26-январь күнү митингди токтотушкан.
Жапония Кыргызстан эгемендик алгандан бери түз жардам көрсөткөн саналуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Жапон-Кыргыз дипломатиялык мамилеси 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө жапон жана кыргыз бизнесине өлкөнүн 20 чамалуу компаниясы тартылган. Ошондой эле 50 компания жана бизнес-ассоциациялар Кыргызстанда катталган.
Борбор шаардагы эң көлөмдүү гастроном 1961-жылы ачылган. Гастроном Воскресенский соборунун каршысындагы Ленин көчөсүнө курулган. Гастроном жетекчилиги адегенде кардарларды тейлөөнүн жаңы ыкмасын колдонуп, сатуучулар чыга бериштеги кассада гана иштешкен. Анткен менен кезек күтүү көбөйүп кеткендигине байланыштуу гастроном мындай ыкмадан баш тарткан.
Бажыканачылардын эл аралык күнү 26-январда белгиленет. Бажы кызматташуу Кеңешине кирген өлкөлөр 1952-жылдын ноябрь айында Конвенцияга кол коюшуп, 1953-жылдын 26-январында Брюссел шаарында Бажы кызматташуусу туурасында биринчи сессияга чогулушкан.
Бернардо Агнезе 1525-жылдын 26-январында Москва мамлекетинин картасын даярдаган.
Император Петр II 1762-жылдын 26-январында «Орусиялык дворяндарга эркиндик ыйгаруу туурасында» Манифестке кол койгон.
Польшанын Уюштуруу сеймине шайлоо 1919-жылдын 26-январында өткөн.
«Жеңүүчүлөрдүн съезди» аталган ВКП (б)нын XVII съезди 1934-жылдын 10-февралында Москва шаарында ишин баштаган. Коммунисттердин съездинде партиянын социализмди куру багытындагы башкы жолу аныкталган. Он ай өтпөй съезддин катышуучуларынын көпчүлүгү «душман», «чыккынчы» деп аталып, камакка алынган. Ошондуктан партиянын бул съезди азыркы тарыхта «атылгандардын съезди» деп аталып жүрөт.
Аргентина 1944-жылдын 26-январында Германия жана Жапония менен дипломатиялык мамилесин үзгөн.
Индия Республикасы 1950-жылдын 26-январында курулган. Жаңы мамлекет башына Махатма Гандинин насаатчысы Ражендра Прасад шайланган.
СССР КГБсы 1991-жылдын 26-январында “экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү” туурасында ыйгарым укуктарды алган.
Президент Б. Н. Ельцин 1992-жылдын 26-январында Орусия Америка Кошмо Штаттарынын шаарларына өз ракеталарын мээлеткен режимден алып салат деп билдирген.
Чеченстанда 1997-жылдын 26-январь күнү президенттик шайлоо өтүп, Аслан Масхадов 65 % добуш топтоп, мамлекет башына келген.