СССР Советинин I курултайы 1922-жылдын 30-декабрында өткөрүлүп, анда Советтик Социалисттик Союздук Республикасын уюштуруу туурасында тарыхый чечим кабыл алынган. Совет мамлекети адегенде Россия Советтик Федеративдик Социалистик Республикасы (РСФСР) Украина жана Белорусь советтик социалисттик республикалары, Закавказия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикаларынан куралган.
Бул курултайга үч кыргызстандык катышкан. Кыргыз мамлекетин түптөгөн кыргызстандык делегаттардын тагдыры бирдей кайгылуу аяктаган. Маселен, полководец Михаил Фрунзе 1925-жылы таңкалыштуу абалда өлсө, Абдыкерим Сыдыков 1938-жылы атылып, Григорий Бройдо болсо 30-жылкы репрессияга кабылып, 1956-жылы акталып боштондукка чыккандан көп узабай жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Саламаттык сактоо кызматынын 1927-жылдын 30-декабрындагы билдирүүсүнө караганда Фрунзе шаарында безгектен ооругандардын саны 600 адамга жеткен. Саламаттык сактоо кызматынын аракетине ылайык, борбор калаада безгек менен ооругандардын саны кескин кыскарган. Эгер безгек илдетине чалдыккан адамдардын саны 1926-жылы 1100 адамга жетсе, бир жыл ичинде оорукчандардын саны дээрлик эки эсеге кыскарган. Шаардык жетекчилик муну жергиликтүү чарба кызматынын алгылыктуу ишинин акыбет эмгеги катары баалаган. Жергиликтүү чарба кызматынын аракети менен 1927-жылы шаардын түндүк тарабында 15 чакырым арык казылып, 144, 5 сотых саздак жер кургатылган. Ошол эле убакта маляриялык станция 113 көлчүккө нефть төгүп, безгек дартын тарата турган чиркейлерди кырган.
Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлер кеңешинин административдик бөлүмү 1928-жылдын 30-декабрында спирт ичимдиктерин сатуу туурасында катаал токтом чыгарган. Шаардык кеңештин токтомунда жаңы жылдык майрам күндөрү соода түйүндөрүнө түшүрүлө турган спирт ичимдиктерине чектөө киргизүү чарасы каралган. Жаңы жылдын биринчи күндөрү Фрунзе шаарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Шаардык кеңештин административдик бөлүмү 1-январдан 4-январга чейин жалгыз пиво суусундугун сатууга уруксат берген.
Советтер Союзунун Борбордук Аткаруу Комитети (ЦИК) 1935-жылдын 30-декабрында «Кыргыз АССРинин трактор бригадирлерин, молотилка машинисттерин эгинди мол өндүрүүдөгү жетишкендиги үчүн» сыйлоо туурасында Токтом кабыл алган.
Россия өкүмдары Иван IV 1547-жылдын 30-декабрында падышалык титул алган.
Петербург шаарындагы А. С. Пушкин атындагы китепкана 1887-жылдын 30-декабрында ачылган.
Няньцзинь шаарында 1911-жылдын 30-декабрында өткөн Революцилык ассамблеяда Сунь Ятсен Бириккен Кытай провинциясынын президенттигине шайланган.
Россия империясында башталган 1905-жылкы башаламандык коомдук сезимдин иришине алып келген. Ушул жылы Петербург шаарында өзүн «көзү ачык» деп жар салган адам пайда болгон. Анын эмчилдиги туурасында кабар падышанын үй-бүлөсүнө чейин жетип, канайым Александра Федоровна Распутинди ак сарайга чакырткан. Г. Распутин оорукчан канзааданы даарылоого киришкен. Эм түшкөн канзааданын абалы оңолуп, Распутиндин кабары болсо коомчулукка чагылгандай тараган. Көп узабай Распутин пара алат экен, арак ичип чыр чыгарып, бузукулук жасайт экен деген каңшаар кеп чыккан. Монархиянын аброюн сактайбыз деген топ Григорий Распутинди 1916-жылдын 30-декабрында князь Феликс Юсуповдун үйүнө чакырып, ошол жерден ал киши колдуу өлтүрүлгөн.