Таанымал саякатчы Чокан Валиханов 1856-жылдын 26-май күнү Ысык Көл өрөөнүнөн беймаалым манасчыдан «Манас» дастанынын үзүндүсүн жазып алган. Москва шаарында 1939-жылдын 26-май күнү кыргыз искусствосунун Декадасы башталган.
Омск областынын начальниги С. Б. Броневский 1825-жылдын 26-май күнү бугу уруусунун бийлерине жооп катын жолдогон. Анда бийдин баласы жолдоштору менен Омскиде болушканы жана баалуу белектерди алып келишкени кабарланат. Мындан тышкары, бийлердин орус кербендерин Аксу менен Кашкарга коштоп баруусуна кепилдик беришине ыраазычылык билдирилген.
Таанымал саякатчы Чокан Валиханов 1856-жылдын 26-май күнү Ысык-Көл өрөөнүнөн беймаалым манасчыдан «Манас» дастанынын үзүндүсүн жазып алган. Валиханов жазган «Манас» дастаны бүгүнкү күндө өзүнчө оригиналдуу вариант эсептелинет жана ал дастандын алгачкы кол жазмаларынан деп саналат.
Фрунзе шаардык жумушчулар, дыйкандардын жана кызыл аскерлер депутаттары 1927-жылдын 26-май күнү шаардын туш тарабында күч алган топурак казууларды токтотуу чечимин кабыл алган. Бул убакта борбордо жеке үй куруу кыймылы күч алып, адамдар эски сепил жана мусулман бейитинин айланасын аң кылып казып жиберишкен. Шаардык кеңештин чечимине ылайык мындан ары үй куруу үчүн топурак, таш алуу жерлер мерчемделген.
Москва шаарында 1939-жылдын 26-май күнү кыргыз искусствосунун Декадасы башталган. Декадага республиканын профессиналдык театралдык-музыкалык топтору менен өздүк көркөм чыгармачылык өкүлдөрү тартылышып, ал москвалык көрүүчүлөргө зор таасир калтырган. Кыргыз искусство чеберлернин чыгармаларын 30 миң чамалуу адам көргөн.
Совет өлкөсүндө Кооперативдер туурасындагы мыйзам 1987-жылдын 26-май күнү кабыл алынган. Кооператив мыйзамы Кыргызстандын аймагына да тарап, мында алгачкы ишкерлер пайда болгон. Өлкөдө кооперация аталышы менен чакан ишканалар ачылып, соода сатыкка аралашкандардын саны өскөн.
Германияга каршы күрөшүү үчүн Советтер Союзу менен Улуу Британия ортосунда келишимге 1942-жылдын 26-майында кол коюлган.
Папа Григорий IX 1232-жылдын 26-май күнү биринчи инквизиторлорду Арагонго жөнөткөн. Ошентип мында эки кылымга уланган испандык инквизицияга негиз салынган.
Америка Кошмо Штаттарынын Сенаты 1868-жылдын 26-май күнү өлкө президенти Эндрю Жонсонду кызматынан кетириш үчүн добуш бере башташкан. Эндрю Жонсон буга чейин вице-президент болуп иштеп, Авраам Линкольн өлтүрүлгөндөн кийин президенттик кызматка келген. Америкалык Сенат аны кызмат абалынан кыянат пайдаланды деп күнөөлөгөн. Сенат бул таймашта жеңилгени менен Эндрю Жонсондун саясий лидерлик баркы төмөн түшкөн.
Германдык капиталга таянган грузиндик меньшевиктер 1918-жылдын 26-май күнү Грузияны эгемен мамлекет деп жарыялашкан.