Алдыңкы технологияга жол ачкыла!

Алдыңкы маалымат технологиясынын үзүрүн Кыргызстан азырынча көрө элек.
Непадам, алдыңкы технологияга жол ачылып калса 20 жылдан кийин Кыргызстандын азыркы бюджетинен 4 эсе арбын киреше алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу.

Ушу тапта жарым-жартылай иштеп жаткан IT технологияга Кыргызстанда жол ачылганы туру. Заманбап маалымат технологиясын камсыздоо, кызмат көрсөтүү ассоциациясынын аткаруучу директору Лира Самыкбаеванын айтуусунда, бул жаатта аткарылчу иштер арбын.

- Биздин эң биринчи долбоорубуз кечээки Инвестициялык кеңеште бизди колдоп кетти. Эгер бизди колдоп кетсе 50 миң программачыларды даярдоого аракет кылабыз. 50 миң программачы биздин оюбузча 4 миллиардга жакын доллар алып келет. Биздин эсеп боюнча 2008-жылы 500 программачы 10 миллионго жакын доллар акчаны Кыргызстанга инвестиция катары алып келишти.

Антип жарым-жартылай иштеп жаткан тармакка мамлекет тарабынан чындап көңүл бурулуп, анын иштешине азыноолок көңүл бурула турган болсо 20 жылдан кийин 4 миллиард доллар Кыргызстанга инвестиция катары келери айтылууда. Жаңы демилгенин ишке ашарынан IT технологиясы, кыргызча айтканда маалымат технологиясы боюнча адистер эч кандай шек кылышпайт. Оголе көп киреше алып келчү жаңы технология атайын имараттарды, кыйла жерди ээлечү имараттардын курулушн деле талап кылбайт. Жаңы иштин башталышына болгону укуктук көмөк, анан да бюрократиялык тоскооолдук болбошу керек.

Түбү кыргызстандык, учурда австралиялык “Boonex” компаниясын жетектеп келаткан Андрей Бундун айтуусунда, кыргызстандык адистердин эмгегин пайдаланууга кызыкдар компаниялар дүйнөдө арбын.

- Кандай проблемалар бар? Компания кеңейип, иши арбып баратканда аны көлөкөдө кармоо кыйын болуп калат. Албетте, бул салык жана бюрократия менен тыгыз байланышкан проблема. Технопарк муну жеңип өтөт, деп ишенем. Биздин компания Интернет боюнча программа түзүү боюнча алдыңкылардын катарындабыз. Социалдык тармак боюнча алдыбызга чыккандар жок. Биз күнүнө 500 ашуун сайттарды коебуз. Биздин 5000 ашуун кардарларыбыз турат.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен азырынча Белорусияда гана алдыңкы технологияны өнүктүрүү аракети жасалууда. Кыргызстанда өкмөт колдоп, президенттин жактыруусуна ээ болгон жаңы демилге тууралуу азырынча ай чапчыган максат-тилек, келечекке үмүт арткан демилге гана болууда.

- Алдыңкы технология боюнча кеп болгондо программачылар жашап иштеген өзүнчө бир шаарчаны элестетпей эле коюңуздар. Спутник каналы, Интернет ал жерде баш багып турбайт. Миллиарддаган доллар, бийик-бийик үйлөр жок. Биз дымактуу жаңы тармактын ишкер өкүлдөрү катары мамлекеттин андай мүмкүнчүлүгү жок экенин жакшы билебиз,- дейт “SemTech” компаниясынын жетекчиси Максим Семеняк.

Ошол себептүү азырынча жаңы демилгени алдыга жайып жаткандар Улуттук илимдер академиясынын бир өңүтүн ээлеп, чоң ишти кенен жерден баштоону көздөшүүдө. Программа түзүү жана камсыздоочулар ассоциациясынын төрагасы Азиз Абакиров кыргызстандыктар Белорусиядагы кесиптештеринин жолу менен кетүүнү ойлонуп жатышкандыгын ачыкка чыгарды.

- Биз деле мамлекеттен эч нерсе сурабайбыз. Буз бул болжолго этият мамиле кылдык. Канча акча бизге керек экеннин айтуудан мурда бизге салык жеңилдиктери берилишин каалайбыз. Тармактын өзү экспортко багытталган. Азыр бизде бир программачы 20 миң доллар жыл бою таап турса 20 жылдан кийин канча акча табарын ойлоп коюңуз. Биздин тармакта 50 миң кишинин иштей турганын эсепке алсак, анан да биздин кыргызстандык балдар эмитен эле бул жерде иштей тургандыгын эсепке алсак, жупуну делген биздин эсеп ушндай болууда,- деп айтты Азиз Абакиров.

Алдыңкы технология боюнча адистер технопарк түзүлсө 30 жылдан кийин 4 миллиард доллар акча түшөрүн болжолдошууда. Өкмөт менен президентти өзгөчө толкундаткан маселе мына ушул болууда.