Укук коргоочулар М. Конгантиевдин кызматтан кетишин талап кылууда

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен жолугушуусу кескин сындар менен коштолду. Өткөн жумадан бери укук коргоочулар министрдин кызматтан кетишин талап кылышууда.
Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен жарандык лидерлердин жолугушуусуна маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизишкен жок.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында жолугушууда укук коргоочулар өлкөдө буюртма киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай жаткандыгына, укук коргоочуларды куугунтуктоо, журналисттерге кол салуу өңдүү фактыларга кабатырлануу билдирип, мындай жагдайдын түзүлүшүнө тартип коргоо органдарын күнөөлөшүп, министр Молдомуса Конгантиевдин кызматтан кетишин талап кылышты:

-Бейөкмөт уюм өкүлдөрү министрге тартип коргоо органын башкара албай, жарандардын коопсуздугун камсыз кыла албай жатасыз, адам укугун басмырлаган милиционерлерди жазалабай, тескерисинче алардын кылмыш кылуусуна жол ачып берип жатасыз, министр катары өз милдетиңизди аткара албай жатасыз деген кинелерди коюп, кызматтан кетүүсүн талап кылдык.

Укук коргоочулар президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловго байланышкан кайгылуу окуядан кийин ИИМ башчысынын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” маалымдаганына караганда жолугушууда министр Молдомуса Конгантиев кызматтан кетирүү маселесин кызматка дайындаган президент чечээрин айткан. Ошондой эле милициядагы кемчиликтерди жоюу үчүн бейөкмөт уюмдары менен биргелешип иштөө зарылдыгын билдирген.

-Алардын талаптарын жана сунуштарын министр укту. Бир катар суроолоруна жооп берди. Мындан ары дагы кызматташып туралы. Бирок мени кызматтан кетирүү маселесин, ушул кызматка дайындаган президент чечет, деди.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде ИИМ министри болуп иштөө өтө оор жана жоопкерчиликтүү.

-Молдомуса Конгантиев бир катар кемчиликтерге жол бергени менен өзүнө тагылган милдеттерди дурус аткарып келатат. Ошондуктан жарандык коомдун аны кызматтан кетирүү талабына кошула албайм, -дейт Турсунбек Акун.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова ички иштер министри менен жолугуудан баш тартып, мындай жолугушуудан эч майнап чыкпай тургандыгын “Азаттыкка” билдирди:

-Ички иштер министри менен жолугушуу жана ага талап коюудан эч натыйжа чыкпайт, тескерисинче муну менен жарандык коом үй-бүлөлүк башкарууну таанып, үй-бүлөнүн чечими менен кызматка дайындалган мамлекеттик кызматкерлер менен кызматташууга барган болуп калат. Министр катары ИИМди реформа кылып, текшерүү менен иштеш керек болчу. Алар жазалоо методдорду гана колдонуп жатышат. Милиция кыргыз мамлекети үчүн керек. Милиция эл аралык талаптарда калыптанып, эл үчүн иштеши керек. Жарандык укуктарды жана коопсуздукту сактоосу зарыл. Системалуу рефорама жасалмайын, Кыргызстандын келечегин элестетүү кыйын.

Бейөкмөт уюмдар жана укук коргоочулар жакында башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Мурат Суталиновдун да кызматтарынан өз ыктыяры менен кетүүсүн талап кылышаарын “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди.

ИИМ башчысы менен жолугушууга “Адилет” укук клинкасынын жетекчиси Чолпон Жакупова, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынан Динара Ошуракунова, “Коом жана психикалык ден соолук” уюмунан Бурул Макенбаева, “Интербилим” уюмунуан Гүлнара Жураева, көз карандысыз жаштар бирикмесинен Нурбек Токтакунов жана башкалар катышты.