К. Уолкер: Ыңкылапты реформалар ээрчиши керек

“Freedom House” эл аралык уюмунун жетекчиси Кристофер Уолкер.

19-июлда “Freedom House” уюмунун жетекчиси Кристофер Уолкер “Азаттыкка" маек куруп, 194 мамлекеттеги саясий, жарандык эркиндиктин деңгээли боюнча изилдөөнүн натыйжасын билдирди.
Ал өз сөзүндө мурдагы советтик өлкөлөрдө, анын ичинде Борбор Азияда адам укуктары, сөз эркиндиги, жарандык коомдун активдүүлүгү сыяктуу маселелерге токтолду.


“Freedom House” эл аралык уюмунун директору Кристофер Уолкердин айтымында, өткөөл мезгилдеги мамлекеттер үчүн жалгыз гана ыңкылаптын ишке ашканы жетишсиз. Алды менен улуттук өкмөттөр, эл аралык уюмдар мыйзамдуулук, укуктун кол тийбестиги, көз карандысыз жана ачык шайлоо сыяктуу шарттарды коомдо ачык талкуулоо менен узак мөөнөттө иштей турган демократиялык институттарды чыңдашы керек.

Кристофер Уолкер Кыргызстан азыркы кырдаалда экономикалык ачык-айкын өнүгүүгө багыт алып, саясий жана мамлекеттик башкаруу институттарын реформалап, бийликти бир адамга же топко эмес, жалпы өлкөнүн калкына тең бөлүштүрүү менен, ишкердик жана маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн кайрадан карап, жаңы нукка салуу зарылдыгы тургандыгын баса белгиледи.

- Мурдараак талкууда ыңкылаптын орун алышы өлкөнүн өнүгүшү үчүн жетишсиз деген пикирди айттыңыз. Эмне үчүн мындай бүтүмгө келдиңиз?

Кристофер Уолкер: Менин оюмча, эң негизгиси Грузия, Украина сыяктуу өлкөлөрдө ыңкылаптын гана болушу жетишсиз, ал терең реформалар менен коштолушу керектигин көрсөттү. Ыңкылап – али натыйжасы белгисиз чоң жолдун башталышы гана. Адатта анын масштабы, чеги, жаратылышы саясий жараяндын жүрүшүндө аныкталат эмеспи. Ошондуктан саясий институттарга өзгөртүү киргизүү, коомдогу терс өнөкөттөрдү жок кылуу, мыйзамдуулукту камсыз кылуу – ушулардын бардыгы ыңкылаптан да кыйын милдеттер.

Мындан тышкары Борбор Азиянын мамлекеттери өзгөчө Түркмөнстан сымал жабык өлкөлөр менен иш жүргүзгөндө, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму, Европа биримдиги сыяктуу эл аралык уюмдар өздөрүнүн программасына демократия, адам укуктары деген баалуулуктарды милдеттүү түрдө киргизүүсү зарыл.

Албетте авторитардык бийликтин тоскоолдугуна, кандайдыр бир кыйынчылыктарга, кайсы бир тараптардын кызыкчылыктарына туура келбесе да жогорудагы баалуулуктар сөзсүз түрдө кадимки ачык талкууга алынышы шарт. Алар экономикадай, энергетика, коопсуздук жөнүндөгү талкуудай эле маанилүү.

- 7-апрелде Кыргызстандагы бийлик алмашкандан кийин сиз жетектеген уюмдун ишмердүүлүгүндө бул өлкөгө карата кандай стратегия колдонулуп жатат?


Кристофер Уолкер: Биз Кыргызстандагы акыркы жылдардын ичинде болгон окуяларга такай көз кырыбызды салып, өз баабызды бергенден тышкары ал өлкөдөгү демократиялык институттардын өнүгүшүнө жардам бергенге аракет кылып келдик. Мисалы, бир нече жылдан бери “Freedom House” каржылаган басмакана иштеп келатат. Албетте биздин азыркы көздөгөнүбүз - кыргыз коому менен тыгыз кызматташып, тынчтыкка, демократияга түрткү берген өнүгүүлөрдү кубаттоо болуп эсептелет.

Түркмөнстан жана Өзбекстан адам укуктарынын деңгээли боюнча дүйнөдө адам укугу толук чектелген деген тогуз өлкөнүн катарына кирди. Ал эми Кыргызстан акыркы эки жылдын ичинде жарым жартылай эркин өлкөлөрдүн катарынан эркин эмес мамлекеттердин тобуна түштү.