Словакия президентинин Кыргызстанга иш сапары

Чыгыш Европа ортосундагы Словакия

31-мартта Кыргызстанга Словакия президенти Иван Гашпарович расмий иш сапары менен келет. Бишкекте Кыргызстан - Словакия президенттеринин эки тараптуу мамиле-катыштарды чыңдоо, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышары күтүлүүдө.

“Прага жазынан” башталган баар

Социализм заманында Чехословакия өлкөсү катары кыргызстандыктарга жакшы тааныш Словакия мамлекети 1993-жылдын 1-январынан тарта өз алдынча түтүн булатып, 2004-жылдан бери Евробиримдикке мүчө. Өткөн жылдан Словакия Европанын бирдиктүү акчасын колдоно баштады. Чехиядан тынч-аман бөлүнүп алган бул мамлекеттин Кыргызстанга азыноолок окшошуп кетчү бир жагдайы да бар. Словакияда 5 миллион ашуун калк жашайт. Алардын 86% словактар, 10% мажарлар, калганын башка улут өкүлдөрү түзөт. Анын Кыргызстанга калк саны жагынан гана окшоштугу болбосо, саясий түзүлүшү, экономикалык өнүгүш ырааты жанындагы коңшу өлкөлөрдөй эле ырааттуулуктан тая элек. Ушу тапта кыргыз бийлиги жактырбай жаткан Батыш демократиясынын аркасы менен Словакия ыкчам өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы катарында баратат.

Европа комиссиясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жооптуу кызматкери Олаф Хейдельбахтын ырасташынча, өткөн жылкы Лиссабон келишиминен кийин бул жерде Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн атынан элчилик кызмат ачылып, ортодогу мамиле-катнаштарды өнүктүрүү аракетине киришти.

- Кыргызстан жалаң эле Европа биримдигине кирген өлкөлөр эмес, башкалар менен да байланышты чыңдоого кызыкдар. Өлкө өзүнүн жолун табышы керек. Европа тажрыйбасы да керек, бирок бул жердин өзүнүн тарыхы, тажрыйбасы, маданияты бар. Биздин бул жердеги долбоорлорубуз элдин турмушун, өлкөнүн экономикалык, демократиялык өнүгүшүнө жагымдуу таасирин тийгизет деп ойлойм. Ал тажрыйбаны колдонуу керек.


Европанын бирдиктүү экономикалык мейкиндигине кирген Греция, Португалия ушу тапта башынан кечирип жаткан оорчулуктар Словакияны кыйгап өттү. Иши кылып, мурунку социалисттик системадан бошонуп чыккан Европа өлкөлөрүнүн катарында Словакиянын жүргүзүп жаткан саясий-экономикалык саясатынын сабак алчу жактары биртоп.

Үйрөнүштүн уяты жок

Кыргызстан парламентиндеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Дамира Ниязалиеванын пикиринде, Кыргызстан Европа өлкөлөрүнүн демократиялык жаңылануу жолуна түшсө жакшы эле болмок.

- Мен ойлойм, эгерде биз башында мынабу постсоветтик республикалар биригип, Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги бекем бойдон калып калсак, булар деле Евробиримдик болуп атышпайбы, бирин - бири кандай колдоп атышат, мисалы, Грецияны, бизди деле ошондой жөлөп-таясак КМШ республикаларынын турмушу жакшы болуп кетмек. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ар бирибиз бул жагдайдан өзүбүзчө чыгып атабыз.


Д.Ниязалиева постсоветтик республикалардын экономикалык өнүгүшү алардын канчалык деңгээлде демократияланышына байланыштуу экенин кошумчалады. Анын мисалы катары Чыгыш Европа менен Балтика боюндагы мурунку социалисттик республикалардын тажрыйбасын көрсөтсө жарашат. Словакия президенти Иван Гашпаровичтин Кыргызстанга расмий иш сапары бул жерде “кеңешме демократияга” кайрылуу демилгеси күчөп жаткан чакка туш келди. Словакия президенти Кыргызстанда балалыгы өткөн мурунку Чехословакия компартиясынын баш катчысы, 1968-жылкы “Прага жазын” баштаган Александр Дубчек жашаган үйгө, ошондо алгачкы кооператив кыймылын баштаган айтылуу “Интергельпонун” 85 жылдыгына эстелик такта орнотуу аземдерине катышмакчы.

- 1923-жылы “Интергельпо” идеясы чыгып, анан бул жакка келишип “Интергельпо” түзүшкөн. Бишкекке келишип устаканалар ачышкан. Негизинен жумушчулар, инженерлер, техниктер келишкен. Үй-бүлөлөрү менен, эки жүздөй киши,- дейт профессор Акылбек Жуманалиев.

Өткөн кылымдын башында Кыргызстанды өнөр жайлуу аймакка айлантуу демилгесин артынып келген мекендештеринин эстелигин урматтаган Словакия президентин коштоп биртоп ишкерлер да келишмекчи. Бул иш сапар эки күнгө созулат.