Кечээ “Түндүк электр” акционердик коому сатыкка коюлду. Сынакка Орусиянын “Якутспецгидро” компаниясы, Казакстандын “Алматы энерго”, Кыргызстандан “Спецэнергострой” акционердик коому катышып, учурда документтер текшерилүүдө. Ал арада аталган компаниялардын артында коррупциялашкан схема турган жокпу деген суроолор пайда болду.
Алгач "Түндүк электр", анан калгандары
“Түндүк электр”, "Ош электр", Чыгыш электр" жана "Жалал-Абад энерго" бөлүштүргүч компанияларын сатуу чечимин кыргыз өкмөтү октябрда кабыл алган. Чечимдин негизинде сатыкка коюлган алгачкы ишкана - “Түндүк электрге” кызыгуусун Орусиянын “Якутспецгидро” компаниясы, Казакстандын “Алматы энерго”, Кыргызстандан “Спецэнергострой” акционердик коому билдирди. Алардын арыздарынын негизинде 29-декабрда алгачкы сынак өттү. Сынак бир нече баскычта өтүп, компаниялардын тиешелүү документтери текшерилген соң жыйынтыгы чыгарылат.
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакировдун ырасташынча, сынакка катышкан чет элдик жана жергиликтүү компанияларга бирдей шарттар коюлган:
-“Инвестициялар” тууралуу мыйзам боюнча сынакка катышкан баардык компанияларга бирдей шарттар түзүлгөн. Бирок комиссия карап көрүп, эгерде кыргызстандык жана чет элдик эки компания бирдей болуп, кайсынысын тандоо керек деген маселе пайда болсо, балким жергиликтүү компанияга артыкчылык берилет чыгаар. Анткени кантсе да өзүбүздүн компания ишти жакшыраак билет.
Жабык сынак, белгисиз компаниялар...
“Түндүк электрди” алууга ынтызар ишканалардын бири - “Алматы энерго”. Бул компания өзү 1996-жылы чет элдик компанияга сатылып кеткен. Бирок компаниянын жаңы ээлери казак бийлиги менен түзүлгөн келишимдеги инвестициялык милдеттерди аткарбагандыктан, келишим жокко чыгарылган. Андан соң “Алматы энергого” улуттук “Казтрансгаз” компаниясы ээлик кылган.
Сынакка катышып жаткан жергиликтүү “Спецэнергострой” компаниясы болсо бир нече майда ГЭСтерди иштетет. Компания 2005-жылы “Чакан ГЭС” акционердик коомунун кырк пайыз акциясын сатып алган. “Спецэнергостройдун” жетекчиси, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асел Пирматова экендиги тастыкталды. Ал эми аталган компания өкүлдөрү “Азаттыкка” кандайдыр-бир маалымат берүүдөн баш тартты.
Сынак жабык өткөн учурларда таза иштеген компанияларды катыштырышпайт. Н. Кравцов
Энергетика боюнча адис Николай Кравцовдун айтымында, энерго компанияларды сатуу жараяны ачык, таза өтөөрү арсар. Анткени сынакка шектүү, көптөрго белгисиз компаниялар катышып аткандыктан, мунун артында коррупциялашкан система турушу мүмкүн:
-“Алматы энерго” компаниясы көбүбүзгө белгилүү деңизчи, а бирок берки экөө тууралуу эч нерсе айта албайт экенмин. Алардын артында кайсыл-бир адамдар дагы турушу мүмкүн, бирок тилекке каршы мунун чын-төгүнүн биз азыр биле албайбыз. Анткени сынак жабык эшик артында, жашыруун өтүп атпайбы. Албетте, мындай жагдайда сынакка абройлуу, таза иштеген компанияларды катыштырышпайт. Тескерисинче, жанагыдай шектүү, белгисиз компаниялар болуп атпайбы.
Биз чечим кабыл алып жатканда ал кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына иштээрине ишенишибиз керек. Э. Алиев
Кичи жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисини орун басары Эмил Алиевдин пикиринде, бул маселеде коррупциялык схема иштеп кетет деп кооптонбой эле койсо болот:
- Бул жерде коррупциялык оюндарга жол берилет деп коркпой эле койсо болот го дейм. Биз тигил же бул чечимди кабыл алып жатканда ал кыргыз элинин, мамлекеттин кызыкчылыгына иштейт деп ишенишибиз керек. Эгерде мындай ишеним жок болсо, анда андай кадамга барбай эле койгон оң.
Ошентип болжолдуу маалыматтарга караганда, бөлүштүрүүчү ишканалардын алгачкысы боюнча сынакты жыйынтыгы январь айында чыкмакчы. Ал эми калган компаниялар сатыкка февралда коюлат деген маалыматтар айтылууда.