Эми электр ишканалары сатылат

Энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы нааразылык акциядан. Москва району, 2008-жылдын 16-декабры.

Кыргыз өкмөтү электр кубаты, жылуулук боюнча тариф саясатын калкка тааныштыргандан кийин эми декабр айында электр ишканалары сатыла турганын жарыя кылды.
Сатылат делген "Чыгышэлектр”, Ош, Жалал-Абад электр ишканаларынын катарындагы эң ири энергетикалык компания “Түндүк электр” өткөн жылы эле сатууга коюлуп, бирок кардар чыкпай токтоп калган. Бул ирет ал алдын ала баасы бычылбай түз эле сатыкка коюлушу мүмкүн.

Кыргыз бийлиги энергетика тармагындагы мындай реформалар өлкө казынасы үчүн миллиардаган сом киреше алып келээрин белгилесе, коомчулукта калктын мойнуна асмандаган баалар илинип, ал социалдык чыңалууга, өлкөнү туруксуздукка алып келет деген кооптонуу күч.

Эки жылдан берки эсти оодарган энергетикалык кризистен чыгуунун жолун кыргыз өкмөтү энергетикалык компанияларды сатыкка коюудан, жеке колго өткөрүүдөн башка ылаажы жок деп парламент менен элди ишендирип келатат. Кризистен чыгуу ириде уурдоо, уруксатсыз сатып жоготуудан чыккан тармактагы баш-аламандыкты жок кылмайын мүмкүн эместиги арбын айтылганы менен жарытылуу иш жасалбай келатканы көпчүлүккө дайын.

Ошол эле учурда коомдо өкмөттүн мындай реформачыл саясатына ишенбей, ал тургай кыжырдануу да күч алганы, эми анын учугу кайда барып токтоору белгисиз. Саясат таануучу Эмил Каниметов советтик доордон калган ресурстар түгөнүп, кыргыз бийлиги мындай чукул секирик жасоодон башка аргасы калган жок, бул болсо бийлик менен элдин ортосундагы тирешүүнү күчөтөт деген пикирде:

-Азыр элдин мурдагы президент Акаевге болгондой жек көрүү сезими ойгонуп, элдин өнүүгүсүнө тоскоол болгон нерселерди сезип, адаттагыдай бир-эки ууч топтун эмес, эл менен бийликтин ортосундагы мамиленин курчушу келаткан бир-эки жылдын ичинде курчушу мүмкүн.

Оппозициялык саясатчылардын пикиринде, ансыз да чөнтөгү жука элдин эми электр менен жылуулукка төлөй турган жөндөмү аз. Азыр өкмөттүн жаңы тариф саясаты өлкөнүн булун-бурчунда кызуу талкууда, кычыраган кыштагы жаңы төлөмдөр элдин нааразылык толкундоолорун пайда кылбайт деп эч ким кепил боло албайт.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде, өкмөттүн жаңы тариф саясаты декабрь айынын ортосунда болчу Коомдук парламенттин жыйынында талкууланарын жана учурда пайдубалы түзүлүп жаткан өлкөдөгү солчул күчтөрдүн конфедерациясы алектенчү негизги маселелердин бири болушу мүмкүндүгүн айтты:

-“Ата Мекен” социалисттик партиясы он жылдан бери калктын эсебинен жүргүзүлгөн саясатка каршы экендигин билдирип келет. Биз элди өз укугун коргоого чакырабыз. Учурда айрым аймактарда элдердин өз алдынча нааразычылыктарын билдирип жатканы байкалууда. Эгер керек болсо биз аларга кеп-кеңешибизди айтып, жардам берүүгө даярбыз. Элдин нааразычылыгы бийликтин туура эмес саясатынан, кетирген кемчилигинен келип чыгат.

Ал эми Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов азырынча жөн жерден эле кооптонууга негиз жоктугун, оппозициялык күчтөр, саясатчылар жаңы тариф саясатын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылаарын айтып, бирок кыргыз эли андай азгырыктарга жетеленбей тургандыгына ишенет. Өкмөт калктын аз камсыз болгон бөлүгүнө камкордук көрүүдө, ал эми элдин калың орто бөлүгү каржылык жактан кыйынчылык деле сезбейт дейт эл өкүлү:

-Жөнөкөй элге эч кандай зыяны тийбейт. Жөнөкөй катмар элдин 80-85 пайызы. Жанагы 15 пайыз казино, сауна, чоң эс алуу жайлары, базары бар байларга тийет. Аларга тийе берсин...

Көз карандысыз адситердин эсебинде, Кыргызстандын энергетика тармагы коррупция жана “энергобарондордун” менчигине эбак эле айланган. Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14 миллиард киловатт саат электр кубатын өндүрөт. Мамлекет 10 миллиард киловатт саат электр энергиясын эле 1 сом 90 тыйындан сатканда 19 млрд. сом же 500 миллион доллардын тегерегинде акча каражаты болот.

Жергиликтүү серепчилердин баамында, кыргыз өкмөтүнүн жаңы тариф саясаты - кычыраган суукта көпчүлүктү көчөгө алып чыкпайт үмүтүнөн пайда болду окшойт. Ошол эле учурда кыргыз бийлиги бюджеттин көзүн карап отурган төрт жүз минге чукул элди, жарыбаган пенсия-жөлөк пулга үмүт арткан мекендештерин эсинен чыгарып койгондой.