А.Усупбекова: Шайлоо негизинен таза өттү

Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого түздөн-түз байкоо салган “Таза шайлоо” бирикмесинин жетекчиси Айнура Усупбекова “Азаттыкка” маек курду.
- 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жүрүшүнө кандай баа бересиз? Буга чейинки шайлоолордон кандай айырмачылыгы жана өзгөчөлүгү болду?

Айнура Усупбекова: Биздин байкообуз боюнча ушул шайлоодо анча-мынча мыйзам бузуулар болду, катачылык кетти. Анткени биздин шайлоо системасында көп өксүктүктөр бар. Ал эми жалпысынан шайлоо таза өттү. Биз ага макулбуз. Андан тышкары комиссиянын мүчөлөрүндө даярдык жок болгонуна байланыштуу алардан бир аз ката кетип калды.

- Кандай конкреттүү мыйзам бузуу фактылары катталды?

Айнура Усупбекова: Эң биринчиден, протоколдор колго берилбей, андан тышкары байкоочуларга ишенбей толтурушкан. Ошол эң одоно мыйзам бузуу болуп калды.

- Айрым партиялар административдик ресурс колдонулганын да айтып жатышты. Бирок алгачкы жыйынтыктарга таянсак мындай бүтүм чыгарууга болобу?

Айнура Усупбекова: Жок, административдик ресурс массалык түрдө колдонулган жок. Анча-мынча, мурунку канга сиңип калган адамдын өзүнүн аракетинен, же бийликке көрсөтөбүз дегени эле болбосо, массалык түрдө болгон жок. Бирок көбүнчө партиялар аябай көп иштеп, биздин байкашыбызча, унаалар менен алып келүү болду, көп шайлоочуларга акча беришти. Бирок эң татаал тизмелерде паспорт боюнча аябай кыйынчылык болду.

- Сиз мыйзам бузуулар боюнча фактыларды айтып атасыз. Ушул шайлоонун жүрүшүнө, шайлоо өттү деп тыянак чыгарганга таасирин тийгизе алабы?

Айнура Усупбекова: Жок, анча-мынча мыйзам бузуу болду. Бирок толугу менен жыйынтыгына таасир эткен жок деп ойлойбуз.

- Бул шайлоодо жаңы ыкмалар колдонулбадыбы, ушул шайлоодо кандай өксүктөр байкалды?

Айнура Усупбекова: Факс менен сейф-пакетин дароо айта кетели. Биз ойлогондой комиссиянын мүчөлөрү эч колдонгон жок.

- Сиз шайлоонун өтүшүнө канааттандыңызбы?

Айнура Усупбекова: Мен жана биздин уюм канааттанып, макул болдук.