Таза шайлоонун да талашы болот

Парламенттик шайлоо, 10-октябрь, 2010-жыл

Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун таза өткөнүн алыс-жууктан келген байкоочулар, ички саясий журтчулук өзү моюндап, тааныган эле. Бирок анын жыйынтыктары талаш-тартыштарды да ыгарды.
"Азаттыктын" тегерек үстөлүндөгү арай көз чарай отурган ой-пикир эгешинде шайлоонун жаңы эле жарыяланган жыйынтыктары жөнүндө сөз болду.

Талкууга катышкандар:

БШКнын башчысы Акылбек Сариев

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров

Эксперт Кубатбек Кожоналиев

"Азаттык":
Акылбек мырза, адегенде биздин угармандар үчүн дагы бир ирет айта кетсеңиз: жаңы парламентке кайсы партиялар өттү?

Акылбек Сариев: Беш партия өттү. Бул – "Ата Журт" партиясы - 28 мандат, СДПК – 26, "Ар-намыс" - 25, "Республика" - 23, "Ата Мекен" - 18 мандат.

"Азаттык": Алардан азырынча арыздар барбы, жокпу?

Акылбек Сариев: Арыздар, дооматтар жок. Мурун кайрылуулар болгон. Бирок алар өздөрүнүн арыздарын кайра артка кайрып алышты.

Мыйзамдуу... мыйзамсыз шайлоо

"Азаттык": "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров жыйынтыктар жарыяланардан бир саат мурда атайын маалымат жыйынын чакырып, октябрда өткөн парламенттик шайлоону мыйзамсыз деп жарыялаган экен. Адахан мырза, шайлоо эмне үчүн мыйзамсыз?

Адахан Мадумаров: Биринчиден, Конституциянын 70-беренесинин 2-пунктунда парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат деп так жазылып турат. Бизде конституциялык мыйзам жок бүгүнкү күндө Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндө. Ошондуктан Конституцияга карама-каршы келген шайлоону биз мыйзамсыз деп табабыз.
Депутат боло тургандардын баары эле периштелер эмес, арасында ар кандайлар бар. Бирок аларга биртке мүмкүнчүлүк бериш керек.


"Азаттык": Ошол эле маалымат жыйынында сиз баштапкы позицияга кайрылып барыш керек, 2007-жылдагы Конституцияны негиз кылып алыш керек деп айтыптырсыз. Бирок биз билгенден парламенттик шайлоо ошол 2007-жылдагы шайлоо кодекси, ошол эле жылдагы Конституциянын негизинде өтпөдүбү?

Адахан Мадумаров: Жок, Конституциянын 70-беренесинде Жогорку Кеңеш 120 депутаттан турат, пропорционалдуу система боюнча беш жылдык мөөнөткө шайланат деп жазылып турат. Сиз айтып аткан 2007-жылдагы Конституция боюнча парламент 90 эле депутаттан турган.

"Азаттык": Адахан мырза, мен сиздин айтканыңызды кайталап атам: биринчи сөзүңүздө 2010-жылы 27-июнда алынган негизги мыйзамга, ал эми кийинки сөзүңүздө 2007-жылдагы Конституцияга шилтеме жасап атасыз. Туурабы?

Адахан Мадумаров: Туура.

"Азаттык": Андай болсо дагы кайталап койойун: октябрдагы шайлоо, сиз талап кылгандай, негизинен 2007-жылдагы Шайлоо кодекси боюнча өтпөдүбү. Өзүңүзгө-өзүңүз каршы чыгып аткан жоксузбу бу жерде?

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров
: Жок, таптакыр. Себеби парламентке өтүү үчүн беш проценттик босогону кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат деп Конституцияда так жазылып турат. Андан кийин ошол Конституцияны күчүнө киргизүү боюнча мыйзамдын биринчи статьясынын 7-пунктунда да так жазылып турат Жогорку Кеңешке шайлоо КР Конституциясынын 70-беренсине ылайык жүргүзүлөт деп. Бул жерде таптакыр мыйзам бузуулар менен жүрдү деп айтып атам.

"Азаттык": Октябрдагы шайлоо Конституциянын, башка мыйзамдардын талаптарынан алганда деле бир топ чаташтуу, талаштуу болору күн мурунтан эле белгилүү эле. Сиздин партияда кезинде юстиция министри болуп иштеген, башка да беделдүү юристтер бар. Андыктан сиздер күн мурунтан эле шайлоо мыйзам жагынан кынтыксыз эместигин билгенсиздер. Анан эмне үчүн ушуну биле туруп шайлоого катышып, аны мыйзамдаштырып бердиңер да, шайлоо өткөндөн кийин аны мыйзамсыз деп атасыздар?

Адахан Мадумаров: Мен бул суроого маалымат жыйынында так жана кесе жооп айттым. Эгер биз шайлоо мыйзамсыз деп катышпай койгондо, анда кыргыз мамлекети оор кырдаалда турганда булар өздөрүнчө тетириленип кетти деген сөзгө калмакпыз. Экинчиден, калк арасында кадыр-баркы, бедели канча экенин билгенден кийин шайлоого катышпай коюшту деп айтышмак. Бирок биз азыр айтып жаткан маселелерди Жогорку Кеңешке өткөн күндө деле көтөрмөкпүз. Мындан башка толгон-токой суроолорубуз бар. Бүгүнкү күндө утурумдук өкмөт, БШК «Бүтүн Кыргызстандан» өрттөн корккондой коркуп атышат, биз бере турган суроолордон коркушат булар.

Мыйзам төңкөрүштүн «төө бастысында» калганда

"Азаттык": Кубатбек Кожоналиевге кайрылсак. Бу жерде шайлоонун мыйзамсыз экенин билип туруп эле кыйын-кыстоо кезеңде жаманаттыга калбайлы, жаңы бийликке тетири карагандай болбой, аны колдоо үчүн шайлоого катыштык деп Адахан мырза айтып кетти. Дагы бир партиянын лидери Аликбек Жекшенкулов болсо шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыгар замат эле: “Биз парламентке өткөн күндө да бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт элек”,- деп билдирди. Чийинден өтпөй калган башка партиялар да ушундай маанидеги ой-пикирлерин айтып атышат. Ушундай позицияларга сиз кандай карайсыз?
Асыла бергендин да чеги болуш керек. Жеке амбиция, башка дешет, эгер андай болгондо мен бүгүнкү күндө таптакыр башкача жүрмөкмүн.


Кубатбек Кожоналиев: Биринчиден, төңкөрүш болгондон кийин, бийлик алмашкандан кийин эски мыйзамдар көп жагынан бүгүнкү талаптарга жооп бербей калды. Ошон үчүн Конституциянын соңунан тез арада көп мыйзамдар кабыл алынышы керек эле. Бирок парламент жок болгон үчүн укуктук алкактан чыгып кеткенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан тышкары “пробелы в праве” деген болот, кээ бир маселелер укуктук нормага таянып чечилген жок. Ошондой болгон соң бул “пробелдерди” убактылуу өкмөт өзүнүн декреттери менен толуктай баштады. Дагы бир нерсе: Конституцияны колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамда нормативдик актылардын Конституцияга каршы келбеген бөлүктөрү гана иштейт деген жобо бар. Ошон үчүн бул жерде укуктук мүчүлүштөр болуп калышы мүмкүн.

Бирок мен бир нерсени айтып коеюн: эл аралык коомчулук да тааныды, бу шайлоо мурдагыга караганда кыйла таза, ачык, адилеттүү болду деп эсептесек болот. Адахан иним капа болбосун, «Ак жол» шайланганда мындай эмес болчу да, анда раматылык Медет Чоканович кабинетинен эле таратып бербеди беле депутаттык мандаттарды. Ошон үчүн бу жерде БШКнын эрдиги бар, коркпой-үркпөй өзүнө жоопкерчиликти алып, ишти аягына чейин чыгарганы үчүн мен ыраазычылыгымды билдирип кетем.

"Азаттык": Кыскасын айтканда, сиз саясий партиялардын жаңкыдай билдирүүлөрүн негизсиз деп эсептейт турбайсызбы?

Кубатбек Кожоналиев: Аларды эми сот териштирсин. Биз баарыбыз укуктук мамлекетте жашап атпайбызбы.

Декретизм капшабы

"Азаттык": Адегенде 2007-жылдагы шайлоо кодексине айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө декрет жарыяланган эле, анан андан айнып калышты. Акылбек мырза, эгер ошондой өзгөртүүлөр кабыл алынганда азыркыдай талаш-тартыштар чыгат беле же чыкпайт беле?

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев
: Бу жерде мен Адахан мырза айткан маселеге толук макулмун. Мактанбай эле коеюн: шайлоону өткөрүш үчүн конституциялык мыйзам жок деп биринчи мен айткам. Сиз айткан декретке да макул болгон эмесмин. Анткени ага макул болсок референдумдагыдай декреттин артынан декрет болуп атып, чатак чыкмак. Конституциялык мыйзам жок болгондуктан, анын кабыл алчу парламент жок болгондуктан бир ай бою мамлекет туңгуюкка такалган абалда калган. Мен ошондо биринчилерден болуп сунуш кылгам, жолун айткам, президенттин Указы менен өзүнчө жобону бекитип, ошону менен шайлоону өткөрөлү, ушундай жол менен барсак туура болот деп айткам ачык эле. Бирок ал сунушту кабыл алышкан жок. Ал эми кодекс болсо 2007-жылы кабыл алынган, карама-каршылыктары бар эле.

Азыркы Конституция, Адахан мырза айткандай, мурунку Конституцияга окшош эмес. Анын мыйзамга карама-каршы келген жерлери болорун баарыбыз эле билгенбиз. Ошол шартты кабыл алып саясий партиялардын баары шайлоого барды. Шайлоо бүткөнгө чейин эч ким сотко берип, арызданган жок. Эгер туура эмес көрсө ким бирөө эле сотко берип, арызданса деле болмок. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгын баары тең колдоду. Ошол себептен шайлоо ошол эски тартипте жүрдү. Шарт ошондой болчу, ошол шартка баарыбыз көнүп шайлоого бардык. Мыйзам чыгаруу органдын милдетин да моюнга алышка туура келди.
Адахан мырзанын 93 пайыз эл референдумга келди деген маалыматы туура эмес, 70 пайыздын тегерегинде болду.


"Азаттык": Ошол эле партиялар БШК шайлоо кодексин өзүнө оңтойлоп түзүп алды деп айтып жатышат. Бирок сиздер негизинен 2007-жылдагы кодекстин негизинде иштедиңиздер да, же ага шайлоокомдун атынан кошумча, алымчаларды киргизип алдыңыздарбы?

Акылбек Сариев: Андай кылганга эч кимдин укугу жок. Биз мыйзамды өзүбүзгө бурган жокпуз, аны элдин баары эле билет. Болгону туңгуюкка такалган жерден эптеп мыйзам чегинде чыгышка аракет кылдык. Биздин чечимдерге эч ким арызданган да, сотко да берген жок. Башка шарт жок болчу.

Кубатбек Кожоналиев: Мен кошумчалай кетейин. Бул жерде БШКнын ишмердүүлүгү сүттөн ак болуп кетиши мүмкүн эмес. Мурдагы мыйзамда 90 орундуу парламент көрсөткөн. Азыр болсо 120 орун. Ошону бөлүштүрүүнүн механизмин деле жок дегенде Указ менен бекитип койсо болот эле деп айткам, анткени БШК мыйзам чыгаруу орган эмес да. Кийин аны парламент мыйзамдаштырып коймок. Бирок бу сунушумду угушкан жок. Андан кийин декрет менен өзгөртүү киргизмек болуп, кайра айнып кетишкен. Буга мен да каршы чыккам. Бул Конституцияда мүчүлүштүктөр толуп атат. Бирок мына Акылбек мырза мойнуна алып атат, кодекстин Конституцияга каршы келбей турган нормаларын пайдаланып, шайлоо өткөрөлү деген тыянакка келгенбиз.

Адахан Мадумаров: Конституцияга каршы болгону так көрүнүп турбайбы. Кантип көз жумабыз, анан кичине эле мыйзам бузуу болуп калды дешет. Анда кыргызга бу салт болуп калат: кичине эле мыйзам бузулуп калды, жагдай, шартыбыз ушундай эле, бузуп койдук, кете берели дегендей болуп. Бул болбогон нерсе.

Кубатбек Кожоналиев: Чынын айтканда, бийликти алмаштыруу деле мыйзамсыз иш болгон. Ырас, ошондой болгондон кийин биз эми ошол салтты оңдошубуз керек да мыйзамдуу түрдө.

Адахан Мадумаров: Кубат мырза, мен сизге толук кошулам, мыйзамсыз келип калган бийликти мыйзамдаштыруу үчүн конституциялык талаадан чыкпайлы деп дал ушул «Азаттыктан» 8-апрелден бери какшап келатам. Аны уккан ким бар бүгүнкү күнү?

Акылбек Сариев: Маселе мыйзамдын бар-жогунда эмес. Шайлоонун белгиленгенин туура эмес деп, сотко берип, шайлоо деле өткөрбөй, мыйзамы жок, парламенти жок жашай берсек деле болмок эгерде ушул туура болсо. Бирок баары тең эле түшүнүп турган: каалайбызбы, каалабайбызбы, мыйзам чыгаруу орган керек, андай болсо бир жолго барыш керек эле да.

"Реформаторлор" кутулду, БШК тутулду

"Азаттык": Конституцияны, мыйзамдарды БШК өзү жазып албайт. Анын үстүнө жаңы Конституция эл тарабынан референдумда кабыл алынды. Эл ар бир жобону лупа менен карап отурган жок, негизги жоболорун гана колдоп берди. Ал эми ошол жоболорду элге, анын ичинде БШК сунуш кылган Убактылуу өкмөттө отурган кеңешчилер, юристтер болду. БШК болсо колунан келгенче мыйзамдын нугунда иштегенге аракет кылды. Бирок эми башынан туура эмес түзүлгөн механизмдердин авторлорун күнөөлөбөстөн, эмнегедир БШКны гана күнөөлөп атышат. Мындан тышкары жер-жерлердеги шайлоо жайларынан токтомдор, протоколдор туура эмес толтурулган, мөөрүн, колун кайда коерун билбейт экен деп айтып жатышат. Ал эми ошол эле жергиликтүү шайлоо комиссияларына саясий партиялар, жарандык коом өкүлдөрү өздөрүнүн өкүлдөрүн киргизбеди беле, бу биресе ошонун натыйжасы эмеспи. Мисалы, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан БШКда, жер-жерлердеги участкаларда өкүлдөрүңүз болду беле, Адахан мырза?
«Ак жол» шайланганда мындай эмес болчу да, анда раматылык Медет Чоканович кабинетинен эле таратып бербеди беле депутаттык мандаттарды.


Адахан Мадумаров: Биринчиден, биз жалгыз эле БШКны эмес, азыркы утурумдук бийликтегилердин баарын күнөөлөп атабыз, алар чыгарган декреттери мыйзамсыз, алардын бийликке келгени өзү мыйзамсыз деп атабыз.

"Азаттык": Адахан мырза, эгерде баары эле мыйзамсыз болсо, анда референдумда азыркы бийликти колдоп берген элди эмне кылабыз, эл өзү да мыйзамсыз болуп калабы?

Адахан Мадумаров: Акаев деле, Бакиев деле иштеринин баарын элге таянып жасап келген. Ошол референдумду 93 пайыз Кыргызстандын эли колдоп берди дегенге, менимче, эки дүйнөдө да эч ким ишенбейт. 29 саясий партиядан парламентке өттү деген беш партиясы биригип 40 пайызга жетпеген добуш алды. Демек бул азчылык көпчүлүктү башкарат деген сөз. Экинчи жагы, күчүндө турган кодекстин 23-беренсинде шайлоо аяктаганда, же шайлоо учурунда тизмелердин саны өзгөрбөйт деп жазылып турат. БШК 240 миң кишини “төрөп” жибербедиби бир күндүн ичинде.

Акылбек Сариев: Адахан мырза, бир жуманын ичинде дагы 50 миңди кошо “төрөтүп” ийдиңиз. Сиз мурда 90 миң дедиңиз эле, бүгүн 240 миң деп атасыз.

Адахан Мадумаров: Сиз да 40 миңди таптык деп кечээ тегерек үстөлдө айтпадыңызбы.

Акылбек Сариев: Сиз түшүнбөй эле айтып атасыз. Биринчиден, 40 миң деген негизги тизмедегилер, кошумча тизме эмес.

Адахан Мадумаров: Демек, Кыргызстан калкы 6 миллиондон ашып кетиптир да.

Акылбек Сариев: Сиз статистиканы жакшы билет окшойсуз. Бирок кеп анда эмес. Туура айтыш керек да.

Тизмеден тутанган тиреш

"Азаттык": Референдум өткөндө шайлоочулардын тизмеси боюнча чоң талаштуу жерлер бар экени байкалган эле. Ошондо эле саясий партиялар ушул тизмени тактап бергиле, парламенттик шайлоодо да чоң чатак чыгышы мүмкүн деп маселе көтөрүп, утурумдук өкмөттүн алдына койсо болот эле. Референдумдан шайлоого чейин үч айдай убакыт өттү. Ушуну жасап койгонго мүмкүнчүлүк бар эле да?

Акылбек Сариев: Маселе мындай, орусча айтканда, случай деп коет. Эгерде Адахан мырзанын партиясы орто жерде “илинип” калбаганда бул тизмени эч ким эстемек да эмес. 15 жылдан бери эстебей келаткан, мына азыр шарт болуп калды эле эстеп атабыз. Өзүңүздөр билесиздер, референдумда декреттердин негизи менен 350-400 миңдей кишини арызы боюнча тизмеден чыгарып салган жаңы методду ойлоп таап. Кийин кайра кошулганда алардын көбү кирбей калган экен азыр анализдеп көргөндө. Негизги жаман жагы ушул болду, декреттер күндө чыга баштады референдум бүткүчө. Адахан мырзанын 93 пайыз эл референдумга келди деген маалыматы туура эмес, 70 пайыздын тегерегинде болду.

Адахан Мадумаров: 93 пайыз болду деп атпайсыздарбы.

Акылбек Сариев: Сиз туура эмес түшүнүп алып, айтып атасыз. Келип катышканы 70 пайыздын тегерегинде болгон, ошонун арасынан колдогону 93 пайыз болгон. Сиз болсо 93 пайыз келген деп атасыз, эгер мен туура түшүнсөм.

Адахан Мадумаров: Кечирип коесуз, мен саясатта биринчи жолу жүргөн жокмун. Сиз өзүңүз айттыңыз, Конституцияны окуп отурган эч ким жок деп. Азыр алып баруучу абдан туура айтып атат, мен эл менен жолуккан жерде, 7-8 миң киши жыйналган жерде Конституцияны ким окуду десем, 7-8 киши кол көтөрөт. Ошолордун бары 93 пайыз ошол Конституцияны колдоп берген деп атпайбы.

Кубатбек Кожоналиев: Эл тынчтык менен тартипти колдоду.

Акылбек Сариев: Мен макулмун, эл тынчтык менен тартипти колдоду.
Конституциялык мыйзам жок болгондуктан, анын кабыл алчу парламент жок болгондуктан бир ай бою мамлекет туңгуюкка такалган абалда калган.


Адахан Мадумаров: Азыр эки мырза отуруп алып, шарт ушундай болуп калды деп айтып атышпайбы. Заман өтөт. Күзгө жетебизби, же кийинки жазга жетебизби, баарыбыз тырпырап кеткенден кийин жагдай ушундай эле, башка жолубуз жок эле деген азапты тарта турган күндөр келет, буюрса. Мен тек гана ошону айтып койгум келип атат. Биз өткөн тарыхтан сабак алышыбыз керек, ошону кайталабашыбыз керек деп айтып атам.

Акылбек Сариев: 2005-жылдан ойлонуп баштасаңыз болмок экен.

Адахан Мадумаров: Сиздин жумушуңуз болбосун кайсы жылдан бери менин ичимде кандай ой бар экенине. Сиз аябай катуу айтышып атасыз.

Акылбек Сариев: Кекетпеңиз.

Адахан Мадумаров: Теледен дагы ушинтип сүйлөп атасыз. Сиз, биринчиден, өзүңүздү карап алыңыз да, анан сын айтыңыз. Азыр айтканыңыз айткан, дегениңиз деген болуп турганы менен ойлобоңуз кадыр-баркым аябай өсүп кеткен экен деп.

Арыздан араз чыкпайбы?

"Азаттык": Урматтуу коноктор, биртке сабыр кылсаңыздар. Дегинкисинде, республика ушу азыр деле жаңы Конституция менен эмес, эски Конституция боюнча жашап атат. Жаңысында, маселен, “президенттин администрациясы” деген жок, “президенттин аппараты” деген гана бар, “коопсуздук кеңеши” деген жок, “коргоо кеңеши” бар, дагы ушу сыяктуу. Жаңы Конституция али толук кемелинде иштей элек. Анын ар бир жерин казып отурса көп маселелер чыгат. Эгер үч күндүн ичинде сотко арыздангандар болсо, анан Жогорку Сот шайлоонун жыйынтыктарын кайра санап чыксын деп бүтүм чыгарса, биз муну аткарууга даярбыз деп Акылбек мырза айтыптыр. Ушундай арыздар барбы азыр?

Адахан Мадумаров: Биз 1703 шайлоо жайындагы фактыларды топтоп, БШКнын колуна карматтык, түшкөн эмес деп атпайбы. 1703 участок деген Кыргыз Республикасындагы жалпы шайлоо жайларынын 73 пайызын түзөт. Бир дагы жерде кошумча тизмеге киргизүү жөнүндө арызы да, чечими да жок. Мынчалык башаламандык, мынчалык ашмалтайлык Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Биз бүгүнкү күндө маселени эки тармак боюнча сотко даярдап атабыз. Кудай буюрса, эртең таң эрте беребиз. БШКдан кагаз алуу мүмкүн эмес. Булар азыр коопсуздук кызматынан да өткөн сырдуу кызматка айланган. Биз канча жолу кайрылып атабыз, менимче, "Бүтүн Кыргызстан" кайралганчалык кагаз менен эч ким кайрылаган эмес, бирөөсүнө да жооп алалбайбыз. Убакыт аз калды, созулуп турсун, дагы эркелешсин.

Акылбек Сариев: Өтө эле кекеткенди токтотуңуз, мен сизге жооп берейин. Биринчиден, кагаздарыңызга жоопту алдыңыз. Экинчиден, сиз айткан убакыт эртең келеби, бүгүн келеби, Кудай өзү билет.

Адахан Мадумаров: Келет.

Кубатбек Кожоналиев
"Азаттык":
Кубатбек мырза, кокус ушундай арыздар берилсе, Жогорку Сот чын эле шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарылсын деген чечим кабыл алышы мүмкүнбү?

Кубатбек Кожоналиев: Соттун ыйгарым укуктарында бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок ар кандай чечим далилдүү негиздерге таянышы керек. Миллион көз карап турат. Бул жерде эки оппонент андай-тигиндей деп бири-бирин айыптап атышат. Мен кандай экенин көргөн жокмун, ошондуктан айта албайм. Эгерде далил жок болсо, анда ар кандай чечим мыйзамсыз болот. Мен Адахан мырзанын кээ бир сөзүнө макул эмесмин, айрыкча болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар болду дегенине. Мыйзам бузуулар массалык түрдө Бакиевдин кезинде болгон. Клара Кабилова эмнеге качып кеткенин эстеп койгула.

Акылбек Сариев: Мен тактоо иретинде айтайынчы. Туура, 1703 деген санды биз оңдодук. Аны Адахан мырза тапкан жок, биз өзүбүз ачып, партиялардын жардамы менен, кайсы жерден ката кеткенин элге көрсөттүк. Бул жерде шайлоочулардын санын атайын азайткан кандайдыр бир топ иштеген сыяктуу. Бирок биз тактап айта албайбыз. Добуш бергендердин санын тизмедегилердин санына кошуп койгон, ошондо шайлоочулардын саны азайып калган. Бул жанагы босогого тиешеси бар болчу.

Талаштан тактык ... жаралбайт

"Азаттык": Парламентке өттү делинген партиялардын тизмедеги талапкерлерине эртеңден баштап мандат бере баштайбыз деп айтыпсыздар. Жаңы парламент кайсы күндөн баштап иштеп калышы мүмкүн?

Акылбек Сариев: Аны биз чечпейбиз. Үч күндүк мөөнөттүн ичинде депутаттыкка өткөндөрдүн арыздары келиши керек. Эгерде башка бир кызматта иштегендери болсо, алар бошонушу керек. Ошонун негизинде чечим чыгарабыз. Андан кийинки уюштуруу иштери Жогорку Кеңештин өз иши.

"Азаттык": Күбөлүк тапшырмай иши бир жуманын ичинде бүтөбү, же дагы бир айга созулуп кетеби?

Акылбек Сариев: Бул эми териштирүү кандай болот, ошого жараша болот. Бир жаман нерсеси – Конституциянын 6-беренесинде шайлоо жыйынтыгы басма сөздө жарыялангандан кийин күчүнө кирет деп айтылган. Жыйынтыктар эртең гезитке чыгат.

"Азаттык": Кубатбек мырза, ушул кыйчалыш абалдан чыгыштын жолу барбы?
Кыргызга бу салт болуп калат: кичине эле мыйзам бузулуп калды, жагдай, шартыбыз ушундай эле, бузуп койдук, кете берели дегендей болуп. Бул болбогон нерсе.


Кубатбек Кожоналиев: Бар. Айтып атпаймынбы, эгерде каза берсе, бирдемелер чыга берет. Бизге саясий эрк керек. Баарыбыз тең жеке амбициябызды эмес, элдин кызыкчылыгын ойлосок жакшы болот эле. Депутат боло тургандардын баары эле периштелер эмес, арасында ар кандайлар бар. Бирок аларга биртке мүмкүнчүлүк бериш керек. Мындан башка жол жок. Эгерде жокко чыгарып салсак, анда кайра эле артка кетебиз.

"Азаттык": Адахан мырза, сиздердин мындан аркы кадамыңыздар кандай болот?

Адахан Мадумаров: Шекспир айткан экен, "асман канчалык таза болгон болсо булуттар ошончолук кара көрүнөт" деп. Эгер бизде жарандык ынтымактуулукту, бейпилдикти каалаган болсо "Бүтүн Кыргызстанчалык" каалар. Асыла бергендин да чеги болуш керек. Жеке амбиция, башка дешет, эгер андай болгондо мен бүгүнкү күндө таптакыр башкача жүрмөкмүн. Экинчиден, биз сотко бергени жатабыз, Сократ айткандай, "судьи кто" экенин да көрө жатарбыз. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын 150 миң жараны добуш берди "Бүтүн Кыргызстанга", мына ошол 150 миң калктын ар биринин укугун коргош үчүн мен элдин алдына убада бергем. Эгер таптакыр эле конституциялык, мыйзамдык негизде болалбай турган болсо, анда элдин өзүнө коем, эл кандай чечим кабыл алган болсо мен аягына чейин турганга даярмын.

"Азаттык": Бул жерде философдорду айтып кеттиңиздер. Мен да анда сөздү аяктап жатып европалык бир философдун: "Демократиянын шартында акылга сыйбаган пикирлерди угуп эле тим болбостон, кээде алар менен эсептешкенге да туура келет", - деген кебин эске сала кетейин. Кыргызстанда азыр ушундай жагдай түзүлүп жаткан сыяктанат. Ошентсе да бардыгы тынч, мыйзам жолу менен чечилет деп үмүт кылалы. Бүгүн биздин студияга келип, кеп куруп бергениңиздерге чоң рахмат.