М.Сариев: Москванын чабуулу “Ар-намыска” күч берди

Саясат таануучу Марс Сариев Орусиянын маалымат чабуулу Кыргызстандагы шайлоодо партияларга таасирин тийгизди деп эсептейт.
- Шайлоонун жыйынтыктары дээрлик аныкталып, 5 пайыздык көрсөткүчтү аттаган алдыңкы беш партиянын аты аталууда. Ушул партиялар өз добуштарына кандай жолдор аркылуу ээ болуп жатышат?

Марс Сариев: Биздин регионалдык кландардын күчү пайда болду. Азыр биздин байкообузга караганда, “Ата Журт” түштүк жактан аябай көп алып атат. Муну деле түшүнсө болот, Кыргызстанды билесиздер, партия болгону менен элиталарда кызыкчылык бар да. Ошон үчүн мен муну реванш катары көрөм. Буга Ош окуялары таасирин тийгизди.

Ош жакта эл аябай биригип, кыргыздын түндүк-түштүк деп бөлүнгөнү азыр көрүнүп калды. 0,5 пайызды да караганда байкап калабыз, түштүк жакта түндүктүк партиялар, Баткен, Жалал-Абадды айтсак азырак болуп калат, барьерден өтпөй калышы мүмкүн. Ал эми түндүк жакта, Талас, Нарын, Ысык-Көлдө “Ата Журт” азырак алып калат.

- Бул шайлоонун жыйынтыгына тышкы күчтөрдүн таасири болдубу?

Марс Сариев: Таасири аябай эле болду. Билебиз, НТВ каналынан Орусиядан маалымат чабуулу болду. Ошол чабуул “Ар-намыска” аябай көп күч берди. “Ар-намыс” “Ата Мекендин”, СДПнын электоратын өзүнө аябай тартып алды. “Ата Журт”, “Республика” партияларына андан такыр зыян болгон жок. Ошондуктан Орусиянын маалымат чабуулу Кыргызстандагы партияларга таасирин тийгизди.

- Добуштардын соңку эсебине ылайык, кайсы партия канча мандатка ээ болот деген божомолуңуз бар?

Марс Сариев: Азыр айтыш кыйын. Бирок “Ата Журт” лидер болуп келатканы, мен ойлойм, ушундай тенденция калат. Социал-демократтар реванш алып, биринчи орунга чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Жыйынтык түштө болот.

- Мисалы, “Ата Журт” партиясы азыр 8,57 пайызга ээ болуп турат. 30, же 40 орунга ээ болобу?

Марс Сариев: Азыр айтыш кыйын. Бирок, менин оюмча, “Ата Журт” 25-30тун ортосунда болот го.

- Бир да партия парламентте көпчүлүк орунга ээ болбойт деп кечээ “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирип кеткен. Эгерде ушул беш партия парламентке келсе, алар биригип коалиция түзүүгө аргасыз болот. Алардын саясий көз караштарын эске алганда кайсы партиялар коалицияга биригет деп ойлойсуз?

Марс Сариев: Азыр айтыш кыйын. Азыр лидер партия коалиция түзөт. Менин оюмча Социал-демократтар алдыга кетсе, анда “Ата Мекен”, “Республика” менен коалиция түзөт, мүмкүн “Ар-намыс” да сөз табышат.

- Ал эми “Ата Журт” көп орун менен өтүп калса, анда алар кайсы партиялар менен коалиция түзгөнгө аракет кылышы мүмкүн?

Марс Сариев: Азыр айтыш кыйын, бирок “Республика”, же “Ар-намыс” да ошол коалицияга кириши мүмкүн.

- Рахмат.