А. Мамaраимов: Шайлоо жыйынтыгы чыгарына аз калды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов шайлоонун жыйынтыгынын чыгып-чыкпай жатышы тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
“Азаттык”: Бүгүн шайлоонун жыйынтыгы чыгып калышы мүмкүнбү? Үлгүрүп жатасыздарбы?

А. Мамараимов: Мен шайлоочуларыбызды сабырдуулукка чакырып, ал эми саясатчыларыбызды ар кандай маалыматтарды бергенде так болушса дейт элем.

Биз азыр жалпы ишти жасап бүттүк. Бизде негизги маселе тизмелерди тактоо болуп жаткан. Аны тактап бүттүк. Марат Кайыпов мырза айтып кетпедиби, шайлоо тизмесинен чыгарыла турган кишилер да бар деп. Ошолор боюнча бүгүн маселени карайбыз. Тизмеден чыгуу боюнча белги алгандарды тизмеден чыгарабыз. Бул канча киши болоорун мен азыр так айта албайм. Анан дагы бир-эки арыз калып жатат. Ошолорду карап бүтүшүбүз керек. Менимче, шайлоо жыйынтыгын чыгаруу жакындап калды окшойт, бүгүн-эртең чыгат деген сөз кичине реалдуулукка жакындап калды.

“Азаттык”: Кечээ БШКнын төрагасы Акылбек Сариев шайлочуулардын саны дагы 40 миңге көбөйдү деп билдирди. Мунун себебин шайлоо участкаларында негизги тизмедеги шайлоочулардын саны аз көрсөтүлгөндүгү менен түшүндүрдү. Сиз ушул катанын табиятын түшүндүрүп бересизби? Шайлоочулар саны кандай болуп, эмнеге көбөйүп жатат? Буга чейин кошумча тизмелердин негизинде 200 миңге көбөйгөн эле.

А. Мамараимов: Булардын баары тизмелерди тактагандан улам пайда болду. Себеби протоколдордун биринчи катарына тизмеге кирген шайлоочулардын саны жазылышы керек эле. Эмнегедир аябай көп учаскткаларда ошол жерге шайлоодо добуш берген кишилердин саны жазылып калган. Логикалык жактан алып караганда протоколдорду да өзгөртүү керек болуп жатат. Анткени татаалырак жазылып калган экен. “Шайлоо аяктаганга чейин тизмеге кирген кишилердин саны”, деп жазылган да. Бул деген шайлоо башталгандан бери тизмеге кирген кишилердин баары, шайлоо күнү добуш берген кишилердин баары дегенди билдирет.

Көп бекеттерде шайлоо күнү добуш бергени келген кишилерди гана жазып коюшкан. Бул жалпы тизмедеги адамдардын жарымын, же андан да азырак киши. Биз ошолорду каалаган партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тактадык. Биз тизмени көрүп, ал жердеги так санды жазып чыктык. Ошону кечээ жыйында карап, өзгөртүү киргизүү боюнча чечим кабыл алдык.

Сиз айткандай 40 миң киши кошулуп жатат. Эми 3 миллион 40 миң болуп жатат. Биз тизмеден чыгуучу күбөлүк менен добуш берген адамдардын санын тактадык. Эми ошол жалпы сандан тизмеден чыгуучу күбөлүк менен добуш бергендерди кемитип салабыз. Ошондо так сан чыгат.

“Азаттык”: Сиз жер-жерлердеги шайлоо участкаларда кетирилген кемчиликтерди айтып жатасыз. Бул каталар эмненин негизинде кетти? Шайлоо участкаларынын мүчөлөрү даярсыз, тажрыйбасыз болуштубу?

А. Мамараимов: Көпчүлүгү даярдык жакшы болбогондуктан келип чыкты. Комиссиянын мүчөлүгүнө кирген ар бир киши өзүнүн багытында жакшы дарыгер, жакшы мугалим болушу мүмкүн. Бирок алар комиссиянын мүчөсү катары окушкан эмес да. Биз адатта бир күн, же түшкө чейин окутчу элек. Быйыл көбүрөк, бир жарым күн окутканга аракет кылдык. Бирок бир күндүн ичинде кишини толук окутуп койгонго мүмкүнчүлүк болбойт да. Кодекс деген чоң китеп. Тажрыйбасыздык ошондон келип чыгып жатат.

Бул жерде дагы башка себептери бар. Окуткандан кийин да көп кишилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгып кетишкен. Алардын ичинен төрагалар, катчылар да бар. “Партиялар акча төлөйт экен, силер бекер иштетет экенсиңер”, деген сөздөр да болду. Анан окутулган кишилер чыгып кеткенден кийин алардын ордуна жаңы кишилер келди. Аларды кайра окутканга убакты да, мүмкүнчүлүк да болгон жок. Бул да бир себеп.

Негизи мунун баары бизде жалпы коомдун деңгээлине жараша болуп жатат. Анан мыйзамдагы карама-каршылыктардын айынан ушул абалга келип атабыз.

“Азаттык”: Рахмат.