Пачкалап салынган бюллетендер

  • Ырысбай Абдыраимов

Атамбаевдин Жалал-Абаттагы штабында

Байкоочулар Жалал-Aбат областында одоно мыйзам бузулуулар болгонун белгилешти. Шайлоо комиссиялары мыйзам бузууларды моюндабай жатышат.
Алмаз Атамбаевдин Кочкор-Aта шаарындагы байкоочусу Апсатар Үсөнов шаардагы 193-шайлоо участогуна бүгүн киргизилген жок. Бирок кечээ ага добуш берүү жайында болууга уруксат кагаз жазылган:

-№193 Анар шайлоо участкасына байкоочу болуп каттоодон өттүм эле, журналга жазып, менин колума күбөлүк берди. Шайлоо күнү келе бересиз деп айтты. Анан шайлоо күнү барсам, жок шылтоону таап туруп айдап чыкты. Ал жерде шайлоо тизмеси жок. Эмне үчүн жок десем, бир эле экземпляр берген бизге, бул жакка илгенге болбой калды деп айтты. Мыйзам боюнча андай мүмкүн эмес, бүткөнгө чейин туруш керек. Мисалы барган адамдар издебестен табыш керек, жок болсо кошмо тизме жаздырыш керек. Акжолчуларды алып калды.

Аталган шайлоо участогунун башчысы Санабар Амадалиеванын ырасташында, Үсөновго аты-жөнүн күбөлөгөн жок болгону үчүн киргизилген жок:

-Өзүнүн тастыктаган паспорту жок экен. Адамдарды машина менен ташыганын көргөн жокмун, шайлоо жакшы, тынч өтүп атат.

Добуш берүү Аксы районунда да мыйзам бузуулар менен коштолгону айтылууда.

-Аксы районуна караштуу Сары-Челек коругунда №326 шайлоо участогунда Токой коругунун жетекчилигинин кысымы менен токой кызматкерлери бюллетендерди сыртын карай ачып, кимге белги койгонун көрсөтүп салганы бизге маалыма болду. Бюллетендери ачык бойдон ташталып атат. №322 Итагар шайлоо участогунда 46 шайлоочу келип катышкандан кийин төрагасы баш болуп бюллетендерди пачкалап таштаган факты болгон. Колуңардан келгенин кылгыла , биз билебиз деп биздин байкоочуларды коркутуп-үркүтүүгө чейин барган,-деди БЭКтин аймактагы координатору Кадыркул Өмүрбеков

А. Атамбаевдин Аксыдагы шайлоо штабынын бул маалыматтарын райондук шайлоо комиссиясы төгүнгө чыгарууда.

Базар-Коргон районундагы А. Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү Кадырбек Жакыпов райондун айылдарында мыйзам бузуулар катталып, аларга расмий түрдө акты түзүлгөнүн билдирди. Анын белгилешинче Колот участогунда шайлоочу 20 бюллетенди бүктөп салууга, Жон айылында 19 бюллетенди таштаарында кармалган. Жараке айылында бир шайлоочуга эки бюллетень берилген.

Райондук шайлоо комиссиясынын башчысы Убайдулла Шерматов өз кезегинде жогорудагыдай көрүнүштөр текшерүү учурунда аныкталбаганын билдирди.

Облустук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча саат 15.00 кө дейре облустагы шайлоочулардын 70,46 пайызы шайлоого катышты.

Шайлоо күчөтүлгөн коопсуздук шартында өтүп жатат. Шайлоо участкалардын айлана-тегерегинде мамлекеттик мекеме уюмдардын кызматкерлери менен жетекчилери жана тартип сакчылары жүрүшөт.