М. Эшимканов: Шайлоодо куру дооматтар күчөп кетти

УТРК жетекчиси М. Эшимканов президенттикке талапкер А. Атамбаевдин дооматына жооп кайтарды.
- Президенттикке талапкерлер "Азаттыкка" катары менен интервью берип атат. Алардын бири -Алмаз Атамбаев. УТРКнын жетекчиси катары сизге байланыштуу оппозициялык талапкер дагы бир пикир айта кеткен экен. Ошого карата сиздин көз карашыңыз?

- Менин көз карашым, шайлоо деген шайлоо, күрөш деген күрөш, бирок Алмаз Атамбаев мурда так текшерилген, далилденген аргументтерди айтса жакшы болот эле. Көбүнчө жалган нерселерди айтканы көбөйүп баратат. Бүгүн эле мен “Азаттыктын” интернет сайтынан окудум. Менин бешинчи, алтынчы токолу менен жашаган мамлекет жетекчилери жөнүндө айткан сөзүмдү Эшимканов УТРКнын жетекчиси атайын кестирип салыптыр, бул киши - Эшимканов “адам жегич” деп мени күнөөлөсө дагы мен таң калбайм, дегендей ызаланган сөздөрүн айтыптыр.

Мен ошондон кийин атайын видеокассеталарын алдырдым, кагазга түшүрүлгөнүн, ал кишинин өзүнүн сөзүн түзөгөн жерлеринин баарын алдырдым, мына менин колумда турат. Алмаз Атамбаевдин басма сөз кызматынын жетекчиси Яхнованын колу турат, анын ыйгарым өкүлү Дүйшөнбаевдин колу турат, монтажга катыштык, эч кандай дооматыбыз жок деп. Ал жөнүндө, аял жөнүндө сөз да болгон эмес. Бир жери кесилбей, тескерисинче Атамбаевде ошондой сөз болбосун, ошондой дооматка калбайлы деп эч нерсесин калтырбай бергенбиз. Анан өзүнүн аялы, бирөөлөрдүн аялы жөнүндө караандаган да сөз жок. Ошон үчүн документтердин баардыгы бар, кааласа соттон, кааласа БШКдан коомчулук көрүп, билип алса болот.

- Анда бул сөздөр кай себептен чыгып отурат дейсиз?

- Билбейм, бул киши эмне сүйлөп атканын өзү деле билбей атса керек. КТРге келип сүйлөгөн сөзүн эгер биз өзүбүзчө эле кесип, оңдоп атсак бир жөн. Мен айтып атпаймбы, өзүнүн штабынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун тапшырмасы менен эки адам келип монтаждап отуруп, көрүп, баардык сөздөрдү кайсы жери калды, кайсы жери калган жок, колдорун коюп аткан кассетадан кантип биз оңдоп коюшубуз мүмкүн.

- Дагы бир суроо - ушунча сөз болуп калгандан кийин, өзүңүз деле оппозициядагылар деле бир топ аттуу-баштуу жигиттер дегендей айтып каласыз го. Ушундай үзөңгүлөш, идеялаш келаткан адамдар менен мамилеңер эмне үчүн бузулуп калды?

- Бузулганынын чоо-жайын мен маалымат каражаттарында, акыркы кезде “Комсомольсксая правда”, “Супер-инфо” деген гезиттерге берген интервьюмда айткам. Бул бир жарым жыл мурда мен Конституциялык Сотко кайрылып, биздин туура эмес укуктук талаада кетип бараткандыгыбызды, депутаттык мандатты эмне үчүн тапшырганымды, эмне үчүн оппозициядан кеткенимди айта берип тил тешилди.

Ошондон баштап эле булар мага жарылып келишти, Бабановго, Субаналиевге, Куловго, Эшимкановго, Карабековго булар сатылды деп. Бир жарым жылдан бери чынын айтайын, мен эч кимисине теңелип, каяша айткан жокмун. Анан акыркы кездерде шайлоонун шылтоосу менен булар өздөрүнүн дооматтарын аябай күчөтүп ийишти.

Мен таң калып атам, эмне үчүн Атамбаев министр болуп барса, премьер-министр болуп барса сатылган болбойт, анан бизге келгенде эле сатылган болуп калат. Биз жеке адамдын, Бакиевдин жеке фирмасында иштеп аткансып. Ал киши көпүрө болду, биз да көпүрө бололу деп, мамлекеттин ынтымагына, мен өзүм башкарган КТРдин реформасы үчүн келип атканыбызды, бул кишилер бир жактуу гана карап, бизди эл душманына айланып ийгени өкүндүрдү.

Мен адамдык жеке мамилемди бузулду деп айта албайм. Ал киши менен жолукканда ачуу айтышкан сөздөрүбүз жок. Саясаттын, тилекке каршы, ушундай бир жаман көлөкө жагы бар экен, кечээ эле сыйлашып, кучакташып жүргөн адамдар эки жээкке бөлүнүп, бири-бирибизге көңүл ооруткан жагдайдын түзүлүп калганына, мен албетте өкүнөм.

-Мелис мырза, дагы бир кесиптик суроо. Ошол эле оппозиция өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, байкоочулар дагы айтып атат, улуттук телеканал азыр шайлоо убагында бир тараптуу көрсөтүүлөргө абдан шыкалып калды, көбүнчө эле президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, башка талапкерлер көңүл сыртында калып атат деп?

- Мен мындай дооматтарга караманча макул эмесмин. Анын чоо-жайын укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдар жакшы билишет. Эки себебин айтайын. Биринчиси, талапкердин шайлоо фондун биз көзөмөлдөбөйбүз да, мисалы Бакиевдики 40 млн. жетип калыптыр, калгандарыныкы 5 млн., андан да аз дейт. Ал киши толук кандуу өзүнүн шайлоо кодекси берген укугун пайдаланганына УТРКнын эмне тиешеси бар? Ал сатып алып атат эфирди, кадимкидей чыгып атат. Бул биринчиси, каражат төлөгөн жагы боюнча.

Экинчи жагы, ошол эле Сариев, Текебаев, Эшимканов депутат болуп турганда кодексти өзгөртүш керек болчу. Шайлоо убагында шайлоого чейин кызматын аркалап аткан президент убактылуу отпускага кетет, баардыгына бирдей шарт түзүлүш керек дагы, ал киши президент катары милдетин аркалай албайт деген норма киргизилсе, анда биз түшүнөт элек. Конституциялык Сотко Бешимов кайрылам деп жүрүп аягында кайрылбай койду.

Эгер кодекс, мыйзам бизди милдеттендирсе, бул кишини талапкер катары гана карамакпыз дагы баардыгы тең болмок. Азыр мөөнөтү бүтө электе ажо катары кызматын биз чагылдырганга милдеттүүбүз, анын эч кандай эрен-төрөнү жок, бул Орусияда деле, башка мамлекетте деле ошондой.

Мен айткым келет, мыйзамда кандай жазылса, биз ошону аткарып атабыз. “Ала-Тоого”, башка көрсөтүүлөргө Бакиевдин чыгып атканын анда бизге БШК ажыратып бербейби, мына бул жерде талапкер катары, ал эми бул жерде бүгүнкү мамлекеттин башчысы катары чыгып атат деп. Ошонун дээрлик 60-70 пайызын алып салсаңар, биз башка талапкерлерди дээрлик бирдей эле берип атабыз. Мен бул нерсеге эч кандай макул эмесмин.

- Маегиңизге рахмат.