Шайлоонун айынан 18 адам камоодо жатат

Милиция Балыкчыда СДП фракциясынын 2 депутатын кармап кетти. 23-июль, 2009-жыл.

Айрым шайлоо участокторунда “коомдук тартипти бузду, бийликти басып алуу аракеттери болду” деген шылтоо менен камоолор да орун алды.
Шайлоодогу камоолорго байланыштуу эң эле чырлуу окуялардын бири Балыкчы шаарында болду. Ички иштер министрлигинин атайын бөлүгүнүн кызматкерлери Балыкчы шаар башчылыгынын алдына чогулган элди дүрмөтсүз жардыргычтарды колдонуу менен кууп таркаткан. Милициянын атайын бөлүгү алардын бир канчасын камоого үлгүрдү.

Алардын арасында Социал-демократтардын Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү Мирбек Асанакунов менен Кубанычбек Кадыров да болуп, эки депутат он сааттан кийин бошотулду.

Маалымат каражаттары аркылуу ички иштер министри Молдомуса Конгантиев болсо Социал-демократтардын жүздөн ашуун кишиси Балыкчы шаарында шайлоо участкаларын ээлеп алууга аракет кылышканын, кийинчерээк алар ышкырган гранаталарды колдонуу менен кууп таркатылып, кармалгандарга кылмыш иштери козголгонун жарыя кылды.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутаты Кубанычбек Кадыровдун айтымында, кесиптеши Мирбек Асанакунов экөөнү милиция он сааттан ашуун кармап бошоткону менен алар менен кошо кармалган жигиттер дале камоодо, тергелип жатышат.

Өлкөнүн коопсуздук кеңешинин мурдакы катчысы, генерал Мирослав Ниязовдун пикиринде, президенттик шайлоодо бийлик зордук, күч колдонуу, алдоо жана ыплас жол менен жеңишке жетишип, милиция укугунан ашкере пайдаланды.

- Президенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар, административдик ресурсту чектен чыга пайдалануу, коркутуп-үркүтүүлөр, оппозициянын айрым өкүлдөрүн камоо менен өттү. Бул эми элдин арасында нааразычылыкты күчөтөт. Демократия институту бизде иштеш керек болчу. Тилекке каршы бардык баалуу нерсени чаап салып, эмне кылсаңар, ошону жасап алгыла да мына бийлик биздин колубузда деп алышты. Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын, шайлоочуларды милиция убактылуу жайга камап, олтургузганы жакшы көрүнүш эмес. Анткени менен элибиз ойгоно элек. Кайдыгерликти дале көрсөтүп жатат.

Ал эми “Кут” партиясынын лидери, мамлекеттик коопсуздук комитетинин мурдакы жетекчиси Болот Жанузаковдун пикиринде, шайлоо учурунда камоолор калыс териштирилип, жолдонгон арыз, билдирүүлөр текшерилип, мыйзам чегинде чара көрүлүүсү зарыл.

- Шайлоо күнү бийликтегилер да, президенттикке талапкерлер да, оппозициядагылар дагы мыйзам бузууларга жол берди деген күмөн ойдомун. Мыйзам бузуулар болгон жерде демократия тууралуу сөз кылууга да мүмкүн эмес.

Ошондой эле Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнө караштуу Колот айылында да милиция кызматкерлери шайлоого байкоо салып турушкан “Ата Мекен” партиясынын бир канча өкүлдөрүн камап салышкан.

ИИМ басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун маалыматына караганда, “Ата Мекен” партиясынын Базар-Коргон району боюнча лидери Кубат Артыков баш болгон беш адам күч колдонуу менен шайлоо участкасына кирип барышкан, ошондуктан аларга карата учурда кылмыш иши козголду.

Президенттике талапкер Алмазбек Атамбаевдин штабы тараткан маалыматтар боюнча, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы №10 шайлоо участкасында Социал-демократтар жана “Ата Мекен” партияларынын байкоочуларын тартип коргоо кызматкерлери күч менен кууп чыгышты.

Ошондой эле учурда социал-демократиялык партиянын 18 мүчөсү камалып, тергөөгө алынып жатат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы болсо шайлоонун жүрүшүндө милиция тарабынан убактылуу кармалгандар, жергиликтүү прокуратура тарабынан тергөөгө алынып жатканын билдирди.